Бул жолку тамаша торубузга ырчылар Асел Турдалиева менен Акбар Сүйүнбаев илинди. Анда эмесе, окурман, тамаша тордун ичиндеги кызыкка өзүңүз күбө болуңуз.
– Алло!
– Алло, бул Аселби?
– Ооба, мен угуп жатам.
– Асел, мен Нарындан келдим эле, жердешиң болом. Сенин декан болгонуңду угуп, кантсе да өзүбүздүкү, жардам бере алат болуш керек деп чалып жатам. Менин кызым жакшы ырдайт, ырчы болгонго аябай кызыгат. Былтыр силердин институтуңарга тапшырып, өтпөй калган болчу. Быйыл да өтпөй калбасын деп сени менен алдын-ала сүйлөшөйүн дедим эле. Жардам бере аласыңбы?
– Эже, мен сизге жардам катары багыт бере алам. Бизде ар кандай бөлүмдөр бар. Кызыңыздын кайсыл жакка шыгы болсо, мугалимдер текшерип көрүп, ошого жараша бөлүмдөргө кабыл алышат. Ошондой эле кызыңыз абдан таланттуу болсо, бюджеттик бөлүмгө кабыл алынып калышы да мүмкүн.
– Асел, антип мени да, өзүңдү да убара кылбай башкача сүйлөшпөйлүбү. Сен канча десең мен ошончо акча берейин, менин кызымды окууга өткөрүп эле койчу?!
– Эже, билесизби, биринчиден, искусство эч качан сатылбайт, экинчиден, мен акча албаймын. Үчүнчүдөн, акча берейин деп айтканыңыз уят. Мен андай паракор адамдардан эмесмин. Эгерде сиз мени ошентип ойлосоңуз, анда таптакыр жаңылышасыз. Кудайга шүгүр, өзүмдүн ак эмгегим, кудай берген талантым менен тапкан акчам өзүмө жетет.
– Койчу, баары ушинтип айтып коюп эле алып жатышпайбы. Өткөндө эле өзүңдүн айылыңдагы туугандарыңды окууга акча менен эле өткөргөн турбайсыңбы?
– Кана, ким кимден акча алыптыр? Ошол адамды алып келе аласызбы алдыма? Менин моюнума коюп бере алат бекен? Мына, Кудай турат, мен бирөөдөн бир тыйын алган эмесмин. Тууганым болмоктон башкасы болсун, антип калп айткан адам менен мен башкача сүйлөшөм.
– Ырдай албаган жаш ырчылар деле окуп жүрүшпөйбү. Демек, ошолордун баарынан акча алгансыңар да?
– Кызык, ай, жаштардан ким ырдай албай жатат? Султан ырдай албай жатабы? Мирбек ырдай албай жатабы? Антип жок жерден эле биздин институтка шек келтирбеңиз. Далилсиз эле бизге тийишкенге акыңыз да жок. Болдучу, башымды оорутпаңызчы! Экинчи чалбагыла минтип мага!
– Искусство институту болбосо, анда кызымды сага берейин, өзүңдөй кылып тарбияла. Сөөгү меники, эти сеники.
– Жок, эже, мен сиздин эмес, өзүмдүн кызыма араң убакыт табам. Мен сиздин кызыңызды тарбиялай албаймын.
– Сен бир жаш кызды тарбиялай албасаң, бир факультетти кантип башкарып жатасың?
– Ишиңиз болбосун! Угуп туруңуз, менин ким экенимди билип алыңыз. Мен керек болсо, бир мамлекетти башкарганга кудуретим жете турган аялмын. Мен сизге окшоп ар кимге жалдырап пара берейин дебеймин. Өз эмгегим, өз күчүм менен гана бийиктикке умтулам. Арабызда сизге окшогон арамзалар бар үчүн кыргыздар өспөй жатабыз. Мен сиз...
– Асель эже, кечиресиз, мен «Супер-Инфо» гезитинен чалып жатам.
– Ыя, «Супер-Инфо»?
– Асел эже, биз сизди жөн гана тамашага салдык. Аябай кыжырыңыз келди го?!
– Ух, кан басымым көтөрүлүп кетпедиби. Менин жумушума байланыштырбай эле тамашаласаңар болмок. Анткени, бул менин сүйгөн жумушум. Мен бул жумуш менен ооруймун, дем алам, эс алам. Анан да эч качан сатпаймын. Мейли эми, болоор иш болду. Ийгилик силерге.
– Сизге да ийгилик, сиздей өз ишин сүйгөн патриот эжекебиздин бар экенине ыраазыбыз.
Тамашалаган Замира Рахманбердиева
Акбар Сүйүнбаев: «УКСУСТУ ӨЗҮҢ ИЧИРИП КОЮП, ЭМНЕ МЕНИ КҮНӨӨЛӨП ЖАТАСЫҢ?»
– Алло, бул Акбарбы?
– Ким сурап жатат?
– Мен Перизаттын жигитимин. Азыр Перизат оор абалда доктурга түштү, уксус ичип алыптыр. Кол телефонун текшере келсек, акыркы жолу сени менен сүйлөшүптүр. Ошондой эле сенин жөнөткөн SMS билдирүүлөрүң жүрөт. Сен аны эмне деп капа кылдың эле? Негизи эле, братишка, сага менин девушкам менен сүйлөшкөнгө ким уруксат берди?
– А... кайсы Перизат? Мен андай кызды тааныбаймын. Мага көп кыздар чалат. Кимиси экенин мен кайдан билем?
– Жок, бул сага гана тиешелүү иш. Келип, жооп бересиң. Анын телефонунда бардык далилдер бар.
– Кечиресиз, сиз туура эмес чалып алдыңыз окшойт же мени башка бирөө менен алмаштырып жатасыз.
– Туптуура эле чалып жатам. Бул телефондо сенин номериң, «Акбар Сүйүнбаев» деп аты-жөнүң жазылып турат. Демек, сен күнөөлүүсүң да?!
– Сиз түшүнөсүзбү, мен андайды тааныбаймын. Ага уксусту өзүңүз ичирип алып эмне мени күнөөлөйсүз? Ал сиздин сүйгөн кызыңызбы же меникиби? Мисалы, мен өзүмдүн сүйгөн кызыма өзүм жооп берем.
– Эй, сен Сүйүнбаев болсоң өзүңө Сүйүнбаевсиң. Көп сүйлөбөй жооп беришиң керек! Антпесең ишиң оорлошуп кетиши мүмкүн.
– Эч кандай мен жооп бербейм. Биринчи тактап алып, анан бирөөнү күнөөлөбөйсүзбү? Мен эмне үчүн өзүмө тиешеси жок нерсеге жооп беришим керек?
– Сен эмне мага калчылдап жатасың? Эгерде таза болсоң, анда коркпостон келип жооп бермексиң да эдиреңдебей. Кел дегенде келип кал, келбесең мен сени менен башкача сүйлөшөмүн! Экинчи сахнага чыккыс кылып коём!
– Башкача сүйлөшкүң келип жатса, мен даярмын башкача сүйлөшкөнгө.
– Эй, жигит, ишенгениң бар көрүнөт, ээ? Ошол ишенгениң бар үчүн ушул ишти жасадың да. Шашпа, мен сенин түбүңө жетпесем, карап тур. Азыр ошол ишенгениңди алып, эркек болсоң мен айткан жерге келип кал, уктуңбу?
– Сиз эмне деп жатасыз? Кайсы жерге барыш керек?
– «Супер-Инфо» газетасынын редакциясына.
– А-ай, тамашалаган турбайсыңарбы. Ту-уй ата, ушунчага да барасыңарбы, кишинин жүрөгүн түшүрүп. Чынында эле менин Перизат деген тааныш кызым жок да. Бирок, кыздар көп чалат, мындай окуядан Кудай сактасын.
– Акбар, жүрөгүңдү түшүргөн болсок кечирим сурайбыз. Сени тамашага салып, бир аз күлүп алалы дегенбиз.
– Эч нерсе эмес.
Тамашалаган Улан Мамбетов