КРЕДИТТИК ТАРЫХКА САЯКАТ

Учурда кредит алууда кредиттик тарыхтын болушуна маани берилерин баарыбыз эле билебиз. Кредит алып жүргөндөрдүн бардыгынын кредиттик тарыхы бар. Кредит алууда кардардын кредиттик тарыхы да чоң роль ойнойт, мурда кредит алып төлөбөй же кечиктирип төлөгөндөр керек учурда кайра кредит ала албай калышы толук мүмкүн. Ал эми жагымдуу кредиттик тарыхы бар болуу баарынын эле колунан келе бербеген иш. Бул ирет кредиттик тарых деген эмне, ал канчалык маанилүү жана анын күнгөй-тескейи тууралуу Улуттук банктын өкүлдөрү төмөнкүлөрдү маалымдашты.

КРЕДИТТИК ТАРЫХ ДЕГЕН ЭМНЕ?

Кредиттик тарых – бул кредит тууралуу финансы-кредиттик мекемелер өз ара бири-бири менен зайымчынын (карызкордун), лизинг алуучунун, кепилдик берүүчүнүн карызы жана милдеттенмеси кандай жагдайларда аткарылгандыгы тууралуу маалыматтардын жыйнагы.

Финансы-кредиттик мекемелер кредит берүүдө, эң башкысы, карыз алуучу ал кредитти төлөй аларын, аны төлөө учурунда жетиштүү жана туруктуу кирешеге ээ экендигин жана төлөм жөндөмдүүлүгүн изилдеп, тескөө аракеттерин жүргүзөт. Ошол эле учурда банк кредит берүү жөнүндө чечим кабыл алуудан мурун эң биринчи сиздин жоопкерчилигиңизди, ишенимдүүлүгүңүздү эске алат.

Банкка кайрылып, кредиттик келишимге кол коёрдо бардык шарттары менен таанышып, толук түшүнүп, анан кол коюу керек. Макулдашуунун шарттарын кылдаттык менен окусаңыз, төмөнкүдөй мазмундагы текстке көзүңүз түшөт: “Зайымчынын кредиттик тарыхы боюнча маалыматты алуу үчүн банк кредиттик бюрого кайрылып жана кредиттик бюрого тиешелүү маалыматтарды берүүгө зайымчы макулдугун берет”. Бул шарт ар бир кредиттик келишимде болот.

КРЕДИТТИК ТАРЫХТЫН ЗАРЫЛЧЫЛЫГЫ

Эгерде кредиттик тарыхыңыз жагымдуу болуп, алган милдеттемелериңиз ар дайым убагында так аткарылып келген болсо – бул сиздин ишенимдүүлүгүңүздү аныктайт жана банктын мыкты сунуштарына ээ болоруңузга шарт түзөт.

Кредиттик тарыхтарды сактоонун негизги максаттарынын бири – финансы-кредиттик мекемелер өз ара потенциалдуу карыз алуучу жөнүндө так жана толук маалыматты топтоп, кредит берүүдө жооптуу мамиле кылып, бир финансы-кредиттик мекеменин каражатын башка кредитин жабууга жумшап, жарандардын карыздан карызга батып кетүүсүнө чек коюу болуп саналат. Ошондой эле топтолгон маалымат туруктуу финансы-кредиттик системаны түзүүдө зор мааниге ээ. Анткени ал кредиттик тобокелдиктерди төмөндөтүүгө өбөлгө түзөт жана статистикалык талдоо кылууга берилген насыялардын санын, сапатын көз карандысыз анализдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

КРЕДИТТИК ТАРЫХТАГЫ МААЛЫМАТТАР

Кредиттик тарыхта качан, канча кредит, кайсы финансы-кредиттик мекемеден алынган, алынган милдеттемелер мөөнөтүндө аткарылган же белгиленген мөөнөттөн өткөрүлүп аткарылгандыгы жана башка келишимдин шарттары боюнча толук маалыматтар камтылат.

Жалпысынан алганда, ар бир карыз алуучунун кредиттик тарыхы 3 бөлүктөн турат:

1. Карыз алуучунун толук аты-жөнү, паспортунун номери, үй-бүлөлүк абалы, жашаган жери боюнча жеке маалыматтар.

2. Кредиттер жөнүндө маалымат, өлчөмү, төлөө мөөнөтү, милдеттемелер аткарылгандыгы жөнүндө маалымат, же төлөнбөгөн карыздын көлөмү, ошондой эле пайыздарды төлөп берүү мөөнөттөрү жана башкалар. Ошондой эле бул бөлүмдө соттун кредиттик келишимдер боюнча талаш-тартыштарды караган маалыматтары камтылышы мүмкүн.

3. Кредиттик тарыхтын субъектиге маалымат болгон жабык бөлүгү. Бул кредиттик тарыхтын булактары жөнүндө маалыматтарды камтыйт.

Кредиттик тарыхка керектөөчүнүн финансылык абалын, төлөө жөндөмдүүлүгүн, төлөмдүк тартиптүүлүгүн жана башка сапаттарын аныктоого өбөлгө болуучу маалыматтар жана бир гана кредит боюнча эмес, ага байланыштуу болгон күрөө, кепилдик, камсыздоонун түрлөрү боюнча милдеттемелердин аткарылуусу тууралуу маалыматтар кирет.

Башкача айтканда, финансы-кредиттик мекеме ар бир түзүлгөн келишимге жараша карыз алуучу боюнча толук маалыматты, негизги карыздын суммасын, берилген датасын, карызды график боюнча жана иш жүзүндө тындыруу датасын, пайыздык чендин өлчөмүн, кошуп эсептелген пайыздардын суммасын, туумдун, айып пулдардын, ошондой эле карызды кайра түзүмдөштүрүү фактысы жөнүндө маалыматты жана насыялык бүтүм менен байланышкан күрөө мүлкү тууралуу маалыматты кредиттик бюрого автоматтык түрдө жиберип турат. Мындай кредиттик тарыхтагы маалыматтарды сактоо убактысы 7 жылды түзөт.

КРЕДИТТИК БЮРО

Кредиттик бюро – мыйзамдарга ылайык түзүлгөн кредиттик маалымат алмашууну жүзөгө ашыруу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү юридикалык жак. Кредиттик бюролорго, маалымат берүүчүлөргө жана пайдалануучуларга кредиттик тарыхтын курамына кирген маалыматты пайдалануу жана алмашуу процессинде белгилүү болуп калган маалыматтарды ачыкка чыгарууга тыюу салынат, бул банктык сыр болуп эсептелинет.

Кредиттик бюро маалыматты туура иштеп чыгуу үчүн жооптуу жана коопсуздукту сактап, кредиттик отчётторду туура түзүп, маалыматтардын ишенимдүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга милдеттүү. Кредиттик бюронун түшкөн маалыматты оңдоого, өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укугу жок. Бирок толуктап, актуалдуу маалыматты сактоого милдеттүү.

Кредиттик бюро өзүнүн ишин жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алууга милдеттүү. Азыркы күндө Кыргыз Республикасында эки кредиттик бюро иш алып барууда. Алар: «Ишеним» кредиттик бюросу жабык акционердик коому (2003-жылы уюшулган) жана 2018-жылдын 27-августунан тартып Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан «Сэйф энд Саунд» кредиттик бюросу жабык акционердик коомуна кредиттик бюронун ишин жүзөгө ашыруу укугун берүүчү лицензия берилген.

КРЕДИТТИК ОТЧЁТ

Кредиттик отчёт – кредиттик тарыхка киргизилген толук же жарым-жартылай маалыматтарды камтыган документ. Ар бир жаран өздүгүн тастыктаган паспортунун негизинде кредиттик бюрого кайрылып, өзүнүн кредиттик тарыхы менен таанышууга укугу бар. Бул отчёт бир жылда бир ирет бекер берилет. Ал эми жыл ичинде кийинки отчёт сурасаңыз, анын наркы белгиленет. Отчётто сурам түшкөн учурга карата маалыматтар камтылат.

Кредиттик отчёт “кара тизме” болуп эсептелбейт. Эгерде алган карызыңыз убагында төлөнбөй, кредиттик тарыхка бул тууралуу маалымат киргизилген болсо, эми башка кредит бербейт дегенди билдирбейт. Ал финансы-кредиттик уюмдардын чечиминен көз каранды. Алардын насыя берүү же бербөө боюнча чечим кабыл алуусуна бирөөлөр таасир эте албайт, ар бир банк же микрофинансылык уюм өзүнүн ички саясаты жана жол-жоболору менен эрежелерин өз алдынча аныктайт.

КАТАЛАР ЖАНА АЛАРДЫ ОҢДОО ЖОЛДОРУ

Эгер кредиттик тарыхыңыздагы маалымат туура эмес деп эсептесеңиз, дароо ушул маалыматты берген финансы-кредиттик мекемеге кат жүзүндө кайрылыңыз. Ошондой эле кредиттик бюрого да маалымат бериңиз.

Кредиттик бюро кредиттик тарыхта жол берилген каталар тууралуу келип түшкөн билдирмелердин ар бирин карап чыгат жана туура эмес маалыматтарды берген мүчө болгон уюмдарга дароо байланышат.

Эгерде каталарга кредиттик бюро жол берген болсо, ал акысыз оңдоолорду жүргүзүү менен, туура эмес маалыматтарды алышкан ар бир кредиторго оңдолгон материалдарды жөнөтөт.

Ошондой эле маалыматты оңдоо тууралуу талап менен сотко кайрылууга укугуңуз бар экенин унутпаңыз.

ЭГЕР КРЕДИТТИК ТАРЫХ ЖАКШЫ БОЛБОСО...

Кредит алуучунун кредиттик тарыхы кредиттик бюрого маалыматтарды өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууга кол коюлган учурдан тарта иштей баштайт.

Кредиттик бюро кредиттик тарыхка байланыштуу кардарга кредит берүү же бербей коюуну сунуш кылбайт. Сиздин кредиттик тарыхыңыз менен таанышып чыгып, бирок күрөөнүн наркы же башка бир себептерден улам кредит берүү жөнүндө банк тиешелүү чечим кабыл алып, тобокелчиликти өзүнө алууга мыйзам мүмкүндүк берет. Мисалы, кээ бир учурларда 3 күн кечигүү бир банк үчүн техникалык маселе катары бааланса, башка банкка кредит боюнча пайыздык чен жана кредиттин мөөнөтүн өзгөртүү үчүн маанилүү маалымат болушу мүмкүн.

Негизинен кредиттик тарыхты кайра жазып, оңдоп коюу мүмкүн эмес, бирок андагы маалыматты толуктап, жаңы позитивдүү маалыматтар менен тактап, толуктоого мүмкүнчүлүгүңүз ар дайым бар.

Мисалы, чакан суммадагы насыя алып, аны өз убагында же мөөнөтүнөн мурда төлөп, кредит алууга банкка кайрылганда ачык, толук маалымат берип, мурдагы кредиттериңиздин убагында төлөбөй калган учурлардагы себебин толук түшүндүрүп, колуңуздан келсе банкта аз да болсо депозитте акча каражатыңызды сактоо жөнүндө келишим түзүп, депозиттик эсеп ачып, өзүңүздүн финансылык жоопкерчилигиңизди далилдөөгө аракеттенсеңиз болот.

Мындай иш-аракеттер сөзсүз түрдө оң таасирин берип, кичинекей кадамдар менен акырындап банктын ишенимин кайтарып, ак ниет жана жоопкерчиликтүү карыз алуучу болуп каласыз.

Эгер кредитти төлөөдө объективдүү жагдайлардан көйгөйлөр жаралса (мисалы, жакындарын жоготуу, оору-сыркоо, банкрот), ал кредит боюнча төлөмдөрдү токтотууга себеп эмес экенин эстен чыгарбаңыз. Кредитти төлөбөй коюуга болбойт. Жакын арада банкыңыз менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кредитти төлөө мөөнөтүн же башка бир шарттарын өзгөртүп, өз ара макулдашууга келишиңиздер зарыл.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 839, 30-ноябрь-6-декабрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан