КЫРГЫЗСТАНДА АЛГАЧКЫ ЖОЛУ ЖОГОРКУ САПАТТА КИТЕП БАСЫЛЫП ЧЫКТЫ. 10 МИҢ НУСКА МЕНЕН ЖАРЫК КӨРГӨН “ФЕНИКС” КИТЕБИ СИЗДИ КАЙДЫГЕР КАЛТЫРБАЙТ

Бул китепке автордун басып өткөн жолу, башына түшкөн турмуштун сыноолору жана ийгиликтери чагылдырылган. Ар мезгилдин өз энчиси болгон сыяктуу эле, өткөн кылымдын 90-жылдарындагы жашоо-турмуш автордун өз чындыгы менен таамай жана элестүү берилген. Мисалы, 30-жылдары Мукай Элебаевдин “Узак жол” чыгармасы кыргыз адабиятына чоң бурулуш жасап, окурман журтунун кызыгуусун арттырган.


50-жылдары Түгөлбай Сыдыкбековдун “Тоо балдары” романы балдар адабиятындагы жападан жалгыз роман болгон. Анда айылдагы турмуш, балдарды окутуу, тарбиялоо, бала менен ата-эненин, үй-бүлө менен мугалимдин, эски менен жаңынын ортосундагы байланыш жана карама-каршылыктар кеңири сүрөттөлгөн. Ал тургай Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары да дээрлик өз турмушун баяндаганы менен, популярдуулугун бүгүнкү күнгө чейин жоготпой келет. Ал сыңары “Феникс” китебинде да баскан жол, көргөн турмуш ачык сүрөттөлүп, өз мезгилин окурманга жеткирүүнү көздөйт. Жөн гана баяндап койбостон, турмуштагы түрдүү кыйынчылыктардан аксабай, чечкиндүүлүк менен чыдамкайлыкты, кыял менен максатты бирге алып, ийгиликтин туткасына жетип, эшигин ача алгандыгы менен биздин азыркы замандаштарыбызга өтө чоң шык бере алат. Бул китепти окуган окурман жеке жана үй-бүлөлүк жашоо принциптерине өзгөчөлүк киргизип, жакшы жашоого максат коё алат. Китептеги негизги девиз – “Чыда! Кыйынчылыктар артта калды!” Сиз да кыйынчылыгыңызды артка калтыргыңыз келсе, анда бул китеп менен дос болуңуз!

ПРОБА: 99.., 999.., 999.9...

– Командир, сизди комбинаттын сыртында чоочун адамдар качан чыгат деп күтүп жатышат.

– Азыр чыгып келели. Кимдер экенин тактаган жоксуңарбы?

– Жергиликтүүлөр дешти.

Жеңил күрмөчөн чыга жөнөдүм. Постто турган күзөтчүлөр тынчсыздана сүйлөштү:

– Абайлаңыз, сүйлөшүүгө чыкпай эле койсоңуз болмок. Булар жергиликтүү “каралар”.

– Макул, абайлайын!

Жеңил басып сыртка чыктым. Машиналар токтоочу жайда терезелери караңгылатылган эки жип унаасы токтоп турат. Мени көрүп, ичинен 5-6 адам жерге түштү.

– Салам алейкум!

– Алейкум салам!

Канчалык кооптуу көрүнгөнү менен, булар да адам го акыры.

– Брат!- ортодогусу түз эле суроого өттү:

– Үч айдан бери көчөгө бөлүнгөн доля... (уландысын китептен окуңуздар)

КВАРТИРА

...Күз келип, суук түшүп калды.

– Байке, жылуу кийимдеримди жаңыртып алайын дедим,- деп дүкөн кыдырып бир топ кийим сатып келиптир.

– Бир күнү тоого барып, көңүлүм тойгончо аба жутуп келеличи. Жаз келсе жайлоого барып, ээн талаада жалгыз басып, үнүмдүн барынча кыйкыргым келип жүрөт,- деди.

– Эң сонун! Баарын сен айткандай кылабыз...

Ушул сүйлөшүүдөн ай айланбай, колумду бекем кармап, коштошкондой тиктеди... “Тез жардам” унаасы карындашымды ооруканага алып кетти!

– Баары жакшы болот! Сен сөзсүз айыгасың! Көпкө жашайбыз! Биз кыялданган ой-максаттарыбыздын калгандарына чогуу жетебиз!- дегем. Бирок...

Менин бүгүн көөдөнүм өксүдү! Сени издедим!.. Жоготтум!..

Сен жасаган даамдуу, ары кооз түркүн тамак, өз чыгармачылыгыңдан табылган салаттар, сен сайган сайма менен төшөнчүлөр... Эхх, койчу! Сен мага ушунчалык аялуу элең! Эмнеге жашоодон шашып кеттиң? Бирок, кайда?.. Кимге?... Кагылайын, аялуу аздегим, колумдан келбеди! Сен аяба-ай чыдадың! Сен да мени өтө эле аячусуң!

– Мени сагынба, биз сөзсүз жолугабыз, бирок азыр эмес!- деген сөздөр аалам жаңыра айланып кала берди! (окуянын башын китептен окуңуз)

ДҮРБӨӨН

2000-жыл. Февраль. Таңкы саат 04:00. Казарманын ичинде кызыл жарык күйүп-өчүп, дүрбөөн башталды!

– Рота, подъём, боевая тревога!!!

Каардуу үнү кулакты жарган командир 10 мүнөттүн ичинде кийинип, курал-жарактарыбыз менен аскердик аянтта тизилүүнү буюруп кыйкырып жатты. Ички кийимдеримди ушунчалык тездикте кийип, чулгоону оробостон бутту өтүккө матыра салып, төшөктү тоголоктоп керебеттин башына чогултуп, отургуч менен тиретип, калган тышкы кийимдерди чуркап баратып кийине салдым. Курал сактоочу бөлмөдөн автоматымды алып, асма мүшөктү жонго чала-була илип, жоокерлердин катарынан калбай чуркадым. Бардык жоокерлер тизилип бүткөн соң оңдонуп алууга уруксат берилди. Ары жакта БТР менен КамАЗдардын күрүлдөгөн үндөрү. Каршы-терши чуркаган адамдар...

– Тизилгиле!

Катарга турууну буюруу менен командир алдыга чыкты, демейдегиден башкача...

– Жолдош жоокерлер жана командирлер! Бүгүн саат 2:45те эгемендүү Кыргыз мамлекетине Нарын чек ара аймагы аркылуу Кытай мамлекети кол салды! Мекенибиз ар бирибиз үчүн ыйык! Аны көздүн карегиндей сактоого ант бергенбиз! Ушул сааттарда тынч уктап жаткан Нарын аймагындагы ата-эне, ини-карындаштарыбыз душмандын тепсендисинде калууда! (уландысын китептен окуңуз)


 

– Мен бүгүн 38 жаштамын. Жаш курак эч кандай тоскоолдук жаратпайт. Эмнени кыялдансаң, ошого сөзсүз жетесиң. Ата-энең сени менен сыймыктансын! Болгону, сенде бекем ишеним болушу керек!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Mavlyuda
2018-12-04 11:16:57
Жаш курак эч качан тоскоолдук жаратпайт. Эмнени кыялдансаң, ошого сөзсүз жетесиң. Ата-энең сени менен сыймыктансын! Болгону сенде бекем ишеним болушу керек! Туп туура ушундай мотивациялык сөздөр адамга кадимкидей жардам берет. Буюрса китепти алып сөзсүз окуп чыгамын
+1
mamsali
2018-12-06 18:15:14
ушу китептин электрондук вариантын кантип алса болот
+1
№ 839, 30-ноябрь-6-декабрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан