«КУЛАКТЫН ТАРСЫЛДАГЫ ЖАРЫЛСА КЕРЕҢ БОЛУП КАЛАБЫ?»

Окурмандардан келген суроолорго Улуттук госпиталдын ЛОР бөлүмүнүн адиси Нуржан Шабданбаева жооп берди.

– Оң кулагымдан кичинеден суу, ириң агып калчу. Алгач аны тазалап эле койчумун. Кийин дарыгерге кайрылдым. Ал “кулагыңдын тарсылдагы тешилген, кулагың начар угат экен” деди. Дарыландым, бирок дагы деле түнү жатканда ошол кулагымдан ириң агат. Аны кантип токтотом? Кулактын тарсылдагы эмнеден улам тешилет? Тарсылдагын калыпка келтирбесе адам керең болуп калабы?

Кызжибек, 36 жашта, Бишкек

Кулагымдан дайыма ириң ага бергенинен врачка текшерилсем тарсылдагы жарылган деген диагноз койду. Операция жасатып тарсылдакты жаматтым. Ириң акпай калды, бирок угуум начар. Угуум калыбына келеби?

Асема, 31 жашта, Баткен

– Кулактын тарсылдагы – бул сырткы кулак менен ортоңку кулакты бөлүп турган ичке кабык (тосмо). Ал үндү ички кулакка өткөрүү милдетин аткарат жана сырттан ортоңку кулакка чоочун заттардын (кумурска, шуру жана башка) кирип кетишинен сактайт. Кулактын тарсылдагы ортоңку кулактын ириңдүү отит оорусунан (ириң ага бергенден), жаракаттан (кулакты ар нерсе менен чукулоо), акустикалык жаракаттан (самолётто учуу, мурунду жаап катуу чүчкүрүү), жарылуу же атышуудан чыккан катуу үндөрдөн улам тешилип калат. Белгилери: ириңдин агышы (ортоңку кулактын отитинде), кандын агышы (жаракаттан улам), кулакка үндүн угулушу, баштын айлануусу, угуунун төмөндөөсү. Аталган белгилер байкалганда дароо врачка көрүнүп дарылануу, керек делсе операция жасатуу зарыл. Болбосо кереңдик, өнөкөт отит, угуу нервинин неврит оорусуна жеткирет. Ал тургай ириң сөөккө да өтүп, аны да ириңдетиши мүмкүн.

Кызжибек, сиз кулагыңыздан аккан ириңди лабораторияга анализге алып барып текшертүүнү сунуштайм. Лабораториядан кайсы микроб түрү ириңге себеп болуп жатканын жана ал кайсы антибиотиктен жок боло тургандыгын аныктап беришет. Врач сизди ошого жараша дарылап, ириңин токтотот.

Кокус ириң сөөккө чаап кетсе, аны чиритип баштап, ошондон улам ириң токтобой жатышы да мүмкүн. Мындайда операция аркылуу сөөк тазаланат. Ошондон ириң токтойт.

Жарылган тарсылдакты бүтөбөсө, жогоруда айткандай, керең болуп калуу коркунучу бар.

Асема, сиз угууңузду текшертүүңүз керек. Эгер адамдын кулагындагы угузуу нервинде кабылдоо болсо, анда угуу начар бойдон калуусу мүмкүн (калыпка келбей). Андайда угузуучу аппарат колдонуу керек болуп калат. Сиз сурдолог врачка көрүнүңүз. Ал текшерүүнүн жыйынтыгына жараша чечимди айтат.

«ҮНҮМ ЧЫКПАЙ, ШЫБЫРАП СҮЙЛӨП КАЛДЫМ»

– Жакындан бери үнүм чыкпай шыбырап сүйлөп калдым. Курбуларым “бул суук тийгенден болушу мүмкүн” дейт. Суук тийбесе деле үн чыкпай калуусу мүмкүнбү?

Шахзода, 19 жашта, Бишкек

– Үн чыгаруучу байламталар сезгенсе (вирустук инфекциядан) же көкүрөк клеткасында рак оорусу бар болсо (рак үн чыгаруучу байламталарды басып калат) үн чыкпай калат. Кокус вирустук инфекциядан болсо, анда отоларинголог вируска каршы дарылар менен дарылайт. Рактан болсо онкологдорго кайрылуу керек.

«БАЛАМДЫН МУРДУ КЫЙШЫК»

– Балам 16 жашта. Спорттун бокс түрү менен машыгат. Машыгам деп жүрүп мурдун кыйшайтып алган (же балдар менен мушташканбы, так билбейм). Бир таноосу менен жакшы дем ала албайт. Өзгөчө сасык тумоологондо кыйналат. Эмне кылса болот? Түздөбөсө оорулар жаралышы мүмкүнбү?

Динара, 41 жашта, Кара-Көл

– Кыйшык мурунду операция аркылуу түздөтүү керек. Жакшы дем ала албай кыйналса, анда баш мээге кычкылтек толук жетпей адамдын башы ооруп, кыйналат (гипоксия). Ойлоо, кабыл алуу жөндөмдүүлүгү да төмөндөйт.

«КУЛАГЫМА ҮН УГУЛА БЕРЕТ»

– Жакындан бери кулагымда үн (шум) пайда болду да, кетпей жатат. Балка менен бир нерсени ургандагыдай үнгө окшоп кетет. Бул эмнеден жаралган жана кантип кетирсе болот?

Жамийла, 57 жашта, Кадамжай

– Кулакта үндүн угулушу кулактагы угузуучу нервдердин сезгенишинен улам болот. Отоларингологго көрүнүп, дарылансаңыз кетет.

«МУРДУМА САСЫК ЖЫТ КЕЛЕТ»

– Мен жакындан бери мурдумдан сүйлөп калдым. Мурдумдун эки тарабы ооруп, мурдума сасык жыт келгендей болуп жатат. Бул эмне болгон дарт? Кантип айыктырууга болот?

Азамат, 28 жашта, Бишкек


– Сиз сыягы синусит (гайморит) дартына чалдыккан окшойсуз. Отоларингологго көрүнүп, диагнозун тактатууңуз кажет. Гайморит эмнеден жаралат? Жогорку дем алуу жолдору мурундун чел кабыкчасын жана мурун жанындагы көңдөйлөрдү жууп-тазалап туруучу былжырды иштеп чыгарып турат. Суукка урунганда мурун чел кабыгы көөп, кан тамырлар ичкерет. Былжыр кан тамырлар ичкерген жерден ары өтпөй калып, мурун жанындагы көңдөйлөргө топтолуп, гайморит жаралат. Дарылоодо антибиотиктер, ириңди сордуруп алуу, физиотерапия ыкмалары колдонулат. Оорунун оор түрүндө операция жасалат.

«СУУ КИРСЕ ЭЛЕ КУЛАГЫМ ООРУЙТ»

– Мончодон же үйдө деле башымды жууганда кулагыма суу кирип кетсе, кулагым ооруй берет. Өнөкөт отит оорум бар. Эмне дары тамызса болот? Тааныштарым "баш жууганда кулагыңа кебезди майлап туруп салып ал" дешет. Ушул туурабы?

Акзыйнат, 25 жашта, Жалал-Абад

– Кебезди кремге майлап алып, кулакка салып суунун киришинен сактанууга болот. Эгер кулактын тарсылдагы жарылган болсо, анда суу ортоңку кулакка өтүп кетип сезгендирет. Сиз отоларингологго көрүнүп, сырткы же ортоңку кулактын отити экенин аныктатып, ошого жараша дарыланууңуз кажет.

«КЫЗЫМ МУРДУН ЧУКУЛАЙ БЕРЕТ»

– 13 жаштагы кызымдын мурдун чукулумай адаты бар. Ошондон ырахат алат окшойт. Мындай адат ооруга алып келеби?

Зарема, 39 жашта, Ош

– Мурун чукулай берүүдөн мурундагы кан тамырлар жарылып, кан кетүүсү мүмкүн. Же колдогу микробдор мурунга кирип, сыздоок чыгат. Кир колдо кокусунан оору козгоочу стафилококктор болсо жана андай кол менен мурунду кармаласа, ошол жерге оору козгогучтар жугуп, шишигендей болуп кызарып оорутат. Андайда дары май керектелет.

«ГАЙМОРИТ БАТ-БАТ КАРМАБАШЫ ҮЧҮН ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?»

– Менин өнөкөт гайморитим бар. Кыш келгенден тартып бат-бат кармай берет. Дене табым көтөрүлүп, шалдырап, мурдумдан ириңдүү чимкирик агып кыйналам. Бат кармабашы үчүн эмне кылса болот? Туздуу суу менен чайкап жүрсө эле кармабай калабы?

Света, 37 жашта, Бишкек

– Гайморит кармабашы үчүн иммунитетти чыңдоо, мончого түшкөндөн же башты жуугандан кийин суукта жүрбөө керек. Башкысы, суукка жана сасык тумоого чалдыкпоого аракет кылуу зарыл. Болбосо алар гаймориттин козголушуна алып келет. Сасык тумоолоп калганда дароо дарыланып баштап, гаймориттин козголушуна жеткирбөө кажет. Сасык тумоо жүрүп жаткан кезде ооруну жугузбоо үчүн маска тагынуу сунушталат. Көчөдөн келгенден кийин мурунду жылуу суу менен жууп-тазалап турууну адатка айлантуу зарыл. Туздуу суу менен да чайкап жүрсө болот. Дайыма эмес.

«СУУККА ЧЫКСАМ ЭЛЕ МУРДУМДАН СУУ АГАТ»

– Суук түшүп, кыш келди дегиче сыртка чыксам эле мурдумдан суу куюлуп баштайт. Ысыкка киргенде да бир топко куюлуп барып анан токтойт. Үй ичинде жылууда жүрсөм акпайт. Бир жакка баргандан да уялам, өзгөчө "кирип чай ич" дешсе. Анткени мурдумду шорулдатып тартып чай иче албайм. Кантип дарылана алам?

Эрболот, 34 жашта, Талас

– Мурундан суукта суунун агышы – бул суукка болгон аллергиядан. Бул медицинада сууктан болгон ринит делет. Врач суунун агышын токтотуучу дарылар менен кошо антигистаминдик (аллергияга каршы) дары да жазып берет. Дарылангандан кийин суу агуу токтойт.

«КАРЫГАНДА УГУУ КАЛЫПКА КЕЛЕБИ?»

– Апам 74 жашта, кулагы жакшы укпай калды. Карыганда угууну дарылап калыпка келтирүүгө мүмкүнбү?

Айзада, 49 жашта, Түп

– Жаш курагына байланыштуу дарылоо жардам берерине кепилдик жок. Андыктан уктуруучу аппарат алып берүү эле оң.

Ар кайсы тармактагы адистерден кеңеш алгыңыз келсе, суроолорду (0312) 32-33-26 номери аркылуу берсеңиз болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Umakg
2018-12-04 10:09:21
Баламдын кулагыны жытанып жатат Сары суу чыгып эмне кылса болот дары ичти болбой жатат
+1
radostmoya
2018-12-04 15:36:33
Umakg,врачка алпарса болот. Тез жононуз. Сиздей кенебес апалардын айынан отушуп кетет оору.
+3
Anarik87
2018-12-04 23:31:08
грип болуп кулагым ооруган кулагыма зын деген шум пайда болуп дунгуроп угуу начар болотат эмне кылса болот ?гриптен ослажения берди
0
medetbek
2018-12-05 07:04:39
Anarik87, тез арада врачка барып көрсөтүш керек кулакты
+1
miraidaaa
2018-12-06 10:51:02
Ашуудан тарсылдак жарылып тунган боюнча калып калган эле лорго барсам озу эле калыбына келет деп 10кундо жакшы болгон.
0
Динар
2023-02-18 10:38:00
Саламатсызбы. Жолдошумдун кулагы кээбир учурда укпай калат. Таршылдагында тешик бар деп айтышкан. Операция жасатса болобу?
0
№ 839, 30-ноябрь-6-декабрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан