«КАНТ ТШП» ИШКАНАСЫ – НЫКТАЛГАН ПЛИТА ЧЫГАРГАН БОРБОРДУК АЗИЯДАГЫ ЖАЛГЫЗ ИШКАНА

"Супер-Инфо" гезити мындан ары өлкөбүздөгү ишканалар кандай товарларды чыгарат, ал товарлар кандай жол менен жасалат жана алардын артыкчылыктары, өзгөчөлүктөрү тууралуу маалыматтарды берип турмакчы.

Адегенде эле биз өлкөбүздөгү эң ири ишканалардын бири болгон "Кант ТШП" ишканасына барып, заводдун иши менен тааныштык. Жайында салкын, кышында жылуу, ошол эле учурда сизге жагымдуулук тартуулап турган үйдү куруу үчүн сапаттуу курулуш каражаттары талап кылынат. "Кант ТШП" ишканасы сиздерге сапаттуу жана заманбап курулуш каражаттарын сунуш кылат. Бул макалада Кыргызстандын курулуш индустриясынын жүзү болгон ишкана тууралуу сөз кылабыз.

50 ЖЫЛДЫК ТАРЫХЫ БАР ИШКАНА

Кант түтүк-шифер ишканасы – заманбап жабдууларда жогорку сапаттагы хризотилцементтүү продуктуларды чыгарган Кыргызстандагы жалгыз ишкана. Завод өз ишин 1967-жылдан бери жүргүзүп келет. Өткөн кылымдын 90-жылдары өлкөбүз эгемендүүлүк алгандан кийин көптөгөн ишканалар экономикалык кризиске туш болуп жабылып баштаганда Кант түтүк-шифер ишканасы, тескерисинче, өлкөнүн алдыңкы ишканасына айланууга жетишти. 50 жыл аралыгында ишкана бир гана Кыргызстандын аймагында иш алып барбастан, Казакстан менен Орусияга өз продукцияларын экспорттоого жетишти.

2015-жылы ишкана чыгарган продуктуларынын түрлөрүн кеңейткен. Ар кандай көлөмдөгү, түстөгү жана текстурадагы фиброцементтүү жалпак плиталарды жана цемент-кумдуу черепицаны чыгара баштаган. Ал эми ушул жылдын күз мезгилинен баштап заводдо фиброцементтүү ныкталган плиталарды чыгаруу иштери башталды.

Завод Кыргыз өлкөсүнүн ири өндүрүүчүлөрдүн алдыңкы катарында орун алуу менен 300гө жакын жарандарды жумуш менен камсыз кылып келет. Ишкана өз кызматкерлеринин кесипкөйлүгүн жогорулатууга өзгөчө көңүл бурат. Ошондуктан ишкана жумушчулардын тажрыйбасын жакшыртуу үчүн чет өлкөлөргө барып семинар, тренингдерге катышууга мүмкүнчүк түзүп берет.

ФИБРОЦЕМЕНТТҮҮ НЫКТАЛГАН ПЛИТАЛАР

Кант түтүк-шифер ишканасы буга чейин жөнөкөй фиброцементтүү плиталарды чыгарып келген болсо, ушул жылдан баштап ишкана атайын Европадан алынып келинген техниканы колдонуу менен ныкталган плиталарды чыгарууну баштады.

Фиброцементтүү ныкталган плиталар курулуш рыногунда жаңылык болуп саналат. Ал табигый була, минералдык кошулмалар жана аларды бириктирип туруучу цемент кошулуп жасалат. Була каражаттын катуулугун, ал эми минералдык кошулмалар плитанын серпилмелүүлүгүн камсыздайт. Цемент плитанын бекемдигин камсыз кылат жана нымдуулукту сактап турат.

Мындай курулуш каражаты Борбордук Азиянын бир дагы ишканасында бүгүнкү күнгө чейин чыгарылган эмес. Демек, ишкана Кыргыз өлкөсү үчүн гана эмес, коңшу өлкөлөргө дагы жаңы курулуш каражатын сунуштап жатат.

БАШКА КАРАЖАТТАРДАН АЙЫРМАСЫ

Фиброцементтүү ныкталган плиталар менен капталган үйлөрдө жашоо абдан ыңгайлуу, анткени бул каражат экологиялык жактан таза болуп саналат. Мындан тышкары плиталар бекемдиги жана аны куруудагы иштердин жеңилдиги менен айырмаланат. Аталган плиталар көпчүлүк учурда фасаддарды каптоодо жана өнөр жай же кеңсе имараттарынын ички жасалгаларын жасоодо колдонулуп, картон же жыгач таарындыларынан жасалган тактайлардын ордун алмаштыра алат.

ЗАМАНБАП ЖАБДУУЛАРДЫН НЕГИЗИНДЕ ЖАСАЛГАН ПРОДУКЦИЯ

Плиталарды жасоо үчүн колдонулган чийки заттар коңшу Казакстан өлкөсүнөн ташылып келинет. Ал эми атайын ныкталган плиталарды чыгаруу үчүн Европадан алынып келинген техника колдонулат. Плита ныкталгандан кийин көрк берүү үчүн аны сырдашат. Сырдоо иши Италиядан алынып келинген атайын технологиянын жардамы менен ишке ашат. Ал эми сыр болсо Бельгиядан сатылып келинет. Бир нече жыл мурун Бельгиядан келген адистер өлкөбүздүн климатына карап, Кыргызстанга ылайык келген сыр тандап кетишкен. Ал эми сырга болгон кепилдик – 10 жыл.

ЧЫГАРГАН ПРДУКЦИЯЛАРЫ:

  • Шиферлер
  • Түтүктөр
  • Сайдингдер
  • Фиброцементтүү плиталар
  • Черепицалар
  • Фиброцементтүү ныкталган плиталар

    КАЙДА КОЛДОНУЛАТ?

Биринчиден ныкталган плиталар бекемдиги менен айырмаланат. Иштөө мөөнөтү 50 жылга чейин жетет. Эми бул плиталар менен мекемелердин ички бөлүгүн гана эмес, сыртын дагы каптоого болот. Имараттарды курууда өрткө туруктуу курулуш каражаттарын колдонуу замандын талабы. Ныкталган плиталар отко туруктуу келгендиктен ири бизнес жана соода борборлорунун фасадын жасоо үчүн эч ойлонбостон колдонсо болот. Ныкталган плиталар башка плиталарга караганда кооз болгондуктан ири мекемелердин фасадын жасоодо пайдаланса дагы болот.

АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ

  • Ным өткөрбөйт. Суукка, ысыкка, көгөрүүгө, күн нурларына жана абадагы ар кайсы зыяндуу заттарга чыдамдуу
  • Жогорку деңгээлде отко туруктуу. Фиброцементтүү ныкталган плиталар күйбөй турган каражат.
  • Суукка чыдамдуу. Аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнө туруктуу.
  • Жылдын кайсы мезгили болбосун оңдоп-түзөө иштерин жүргүзө берсе болот.
  • Бекемдүүлүгү жогору. Бекемдиги 2,5 кДж/м2 түзөт.
  • Сырдын кепилдиги – 10 жыл

Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Ысык-Ата району,

Кант шаары, Чыгыш промзона

Байланыш телефону: +996 312 616 990;
Факс: +996 312 616 991;

www.kantslate.kg

Биздин филиалдар: Бишкек ш., "АюГрандКомфорт"

соода борбору, А 130 бутиги

Жалал-Абад ш. Тел.: +996 779 68 33 50

Алматы ш. Тел.: +7 701 203 09 79

Ош ш. Тел.: +996 701 88 44 74

Кубан Жумамидинов
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 839, 30-ноябрь-6-декабрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан