«УРУКСУЗ ЭРКЕК БАЛАЛУУ БОЛО АЛАБЫ?»

Гезитке ЭКО ыкмасы менен балалуу болуу тууралуу макала жарыкка чыгары менен бул жаатта окурмандардан бир нече суроолор түштү. Суроолорго Бишкектеги “Анкалайф” аялдардын саламаттыгы жана экстракорпоралдык уруктандыруу клиникасынын негиздөөчүсү, профессор Жигангир Чакыжы жооп берет.

Үйлөнгөнүмө 5 жыл болду. Балалуу боло элекпиз. Буга менин уруксуздугум себеп болууда. Дарыландым, бирок жыйынтык болбоду. Спермограмма тапшырсам нөл пайыз экен. Уруксуз эркек балалуу боло алабы? Өз канымдан жаралган балалуу болгум келет.

Садыр, 33 жашта, Талас шаары


– Эркектин урук чыгаруучу түтүктөрүнүн бүтөлүшү жана урук суюктугунда урук клеткаларынын жоктугу медицинада азооспермия деп аталат. Оорунун себебине жараша уруктарды алууга, башкача айтканда, аспирациялоого болот. Анын бир нече ыкмасы бар. Алгач уруксуз эркектерге TESA ыкмасы колдонулат. Мында ичке ийненин жардамы менен жумурткалык эн безинен урук клеткасы алынып, лабораторияда багып өстүрүлөт. Эгер бул ыкма натыйжасыз болсо, урук алуунун башка ыкмалары пайдаланылат. Андыктан балалуу болуу үмүтүңүздү өчүрбөй, биздин клиникага кайрылыңыз.

«АЛМАТЫДАН ЭКИ ЖОЛУ ЭКО ЖАСАТЫП, ЖЫЙЫНТЫК БОЛБОДУ»

– Мен ЭКОну эки жолу Алматыдан жасаткам. Тилекке каршы, жыйынтык болгон жок. Анализдеримдин баары жакшы чыкты. Себеби эмнеден болушу мүмкүн?

Салтанат, 32 жашта, Ош шаары


–­ ЭКОнун ийгиликсиз болушуна ички жана сырткы факторлор таасир берет. Алсак:

  • Сапатсыз эмбриондор
  • Жатын түтүктөрүнүн патологиясы
  • Ата менен эненин антигендери аябай окшош болсо
  • Гормоналдык бузулуулар
  • Жаш өзгөчөлүк
  • Ашыкча салмак
  • Терс адаттар – ичимдик ичүү, тамеки тартуу
  • Өнөкөт оорулар, жыныс системиндеги жана өпкө, ашказан, боор, бөйрөк оорулары жана башкалар

«ЭКО ЖАСОО КАНЧА УБАКЫТКА СОЗУЛАТ?»


– Бир уулубуз бар, 14 жашта. Дагы балалуу болсокпу дедик эле, тилекке каршы, аракетибизден майнап чыкпай жатат. Эми ЭКО жолу менен балалуу болууну ойлоп жатабыз. Бул ыкма канча убакытка созулат?

Бактыгүл, 35 жашта, Токмок шаары

– ЭКО жасатуу убактысы гормоналдык фонго, жумуртка клеткалардын сапатына, жашка, салмакка карата белгиленет. Эгер булардын баары жайында болсо, анда болжол менен 1-1,5 ай убакыт кетет. Бул аралыкта жубайлар психологиялык даярдыктан өтүшөт, керектүү анализдерди тапшырышат. Андан соң жубайлардын урук клеткалары алынып, пробиркада өстүрүлүп, аялдын жатынына салынат. Клиниканын дарыгерлери болочок эне менен 9 ай бою тыгыз байланышта болушат.

«УРУК КЛЕТКАЛАРЫМДЫ ТОҢДУРСАМ БОЛОБУ?»

– Жоро-жолдоштор чогулуп отурганыбызда урук клеткаларын тоңдуруп сактап коюу тууралуу сөз болду. Бир досум “анын бетин ары кылсын, эгер каза болуп калсаң ошону пайдаланып, аялың балалуу боло алат” дейт. Мунун канчалык чындыгы бар?

Мурат, 28 жашта, Кадамжай району

– Мурат, бул нерсе чындык, медицинанын жетишкендиги деп билсеңиз болот. Урук клеткаларын тоңдуруу медицинада криоконсервация деп аталат. Мында эркектин урук суюктугунан активдүү, мыкты жумуртка клеткалары тандалып алынат да, -196 градуста, суюк азотто тоңдурулат. Аларды чектелбеген убакытка чейин сактоого болот. Эркектер гана эмес, аялдар да бул кызматты пайдаланыша алат.

«ИНСЕМИНАЦИЯ ЖОЛУ МЕНЕН БОЙГО БҮТҮРҮҮ ДЕГЕН ЭМНЕ?»

– 8 жылдан бери дарыланып балалуу боло албай жүрөбүз. Акыркы жолу дарыгерге барганыбызда “инсеминация ыкмасын пайдаланып көргүлө” деди. Бул кандай ыкма?

Кандай учурда жасалат?

Жазгүл, 25 жашта, Нарын шаары

– Инсеминация ыкмасы – бул эркектин алдын ала тандалып алынган уругун аялдын жатын көңдөйүнө катетердин жардамы менен салуу. Негизи тукумсуздук дайым репродуктивдүү тармактын ишиндеги оор бузулуулар менен байланышпайт. Кээде аялдын ден соолугу жакшы болуп, эркектерде уруктардын кыймылдоосу жай болушу мүмкүн. Тескерисинче, эркектин ден соолугу жайында, ал эми аялдын жатын түтүктөрүндө уруктарга каршы антителолордун бар экени аныкталышы мүмкүн. Мындай учурларда инсеминация ыкмасы колдонулат. Бул ыкманын баасы ЭКОго караганда арзан.

«ДОНОР КЫЗМАТЫН ПАЙДАЛАНСАК БОЛОБУ?»

– Кызым 18 жашта. Дагы балалуу бололу десек, менден урук клеткасы бөлүнүп чыкпай калыптыр. Курбум “азыр репродуктивдүү клиникаларда аялдардын да донорлору болот, пайдаланбайсыңарбы” деп сунуштап калды. Жолдошумдун ден соолугу жакшы. “Анкалайфта” донор кызматы барбы?

Фатима, 45 жашта, Бишкек шаары

– Ооба, биздин клиникада эркектердин да, аялдардын да донорлору бар. Алар менен келишимдик негизде иш алып барабыз. Донор болчу адамда генетикалык оорулардын бар же жок экендиги, ден соолугу толук текшерилет. Жашы, бою, салмагы, билими, эмнеге жөндөмдүү, жадакалса чачынын, көзүнүн түсүнө чейин белгиленет. Мындан сырткары тааныштарыңызды донор катары алып келсеңиздер да болот. Алар толук медициналык текшерүүдөн өткөн соң гана донор катары пайдаланылат.

«КАРЫН ЭНЕ КЫЗМАТЫН ПАЙДАЛАНСАК БОЛОБУ?»

– Ден соолугума байланыштуу карын эненин (суррогатная мать) кызматын пайдалансамбы дедим эле. Жолдошум бул чечимге макул. Сиздердин клиникада бул кызмат көрсөтүлөбү?

Алина, 27 жашта, Бишкек шаары

– Ооба, клиникада кардарларга карын эне кызматын пайдаланууга мүмкүнчүлүк бар. Карын энелер атайын медициналык текшерүүлөрдөн өткөн, ичпеген, чекпеген, терс адаттары жок 25-35 жаштагы келиндер. Алар клиника менен атайын келишим түзүшкөн.

«ГИСТЕРОСКОПИЯ ДЕГЕН ЭМНЕ?»

– Гинекологго көрүнсөм “сизге гистероскопия жасоо керек” дейт. Бул кандай процедура? Сиздердин клиникада бул кызмат көрсөтүлөбү?

Айдана, 23 жашта, Бишкек шаары

– Гистероскопия – жатындын патологиясында жатын көңдөйүнө атайын гистероскоптун (учуна камера орнотулган түтүк сыяктуу жабдык) жардамы менен диагноз коюлуп, аны менен хирургиялык манипуляция жүргүзүүгө, полип, спайканы алып салууга боло турган процедура. Жабдыкта эки түтүк (шланга) орнотулган. Бир түтүктөн суюктук киргизилип, жатындагы ашыкча кандын уюгандары, былжырлар экинчи түтүк аркылуу айдалып чыгарылат. Гистероскоптун щётка, бычак, кайчы жана башкаларды киргизүүчү каналы да бар. Ошол аркылуу хирургиялык манипуляция жасалат. Процедурадан кийин оорулуу стационарда бир нече саат жатып, андан соң үйүнө жиберилет. Бул процедура жасалгандан кийин 1-3 айдан соң балалуу болууну пландоого болот.

Клиниканын дареги:

Бишкек шаары, Горький көчөсү, 21

Байланыш телефондору:
0312 59 39 99, 0770 220 157, 0770 220 104 (WhatsApp)

www.ankalifebishkek.com

ankalife_bishkek

Аnkalifebishkek

"Иш учурунан. Профессор жана дарыгер операция жолу менен миоманы алышууда".

Дамира Арстанова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Jadyrashka
2018-12-05 22:57:39
Кудай кысам десе акчадан эле кыссынчы,баладан,ден соолуктан кыскандан сактасын.
+11
aida007
2018-12-08 23:44:07
Бизда балалуу болсок экен ин ша Аллах
+3
Altyn2017
2018-12-14 11:25:11
Кудайым бактысыздарга бакыт берсин баласыздарга бала берсин оомин Иншааллах.
+3
№ 839, 30-ноябрь-6-декабрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан