ЭРЖАН ОСМОНОВ, актёр: «ТРОЛЛЕЙБУС МЕНЕН ЭЛЕ ЖҮРГӨН ЖӨНӨКӨЙ АДАММЫН»

Каарманыбыз көп жылдан бери театрда, тасмаларда роль жаратып келет. Бирок каарманыбыз калың элге "Акшоола" телесериалындагы Ынактын ролу аркылуу таанылды. Бул санда гезитибиздин башкы каарманы Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын жана "Дем" театрынын актёру Эржан Осмонов болмокчу.

КААРМАН ТУУРАЛУУ

Туулган жери – Талас району, Талды-Булак айылы

Туулган жылы, күнү – 1988-жыл, 1-январь

Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү, 2 уул, 1 кыздын атасы

Тартылган клиптери – “Мен сенден кетейинчи” (Гүлжигит Сатыбеков), “Агатай” (Эльзар Өскөнбаева), “Студенттик күндөрүм” (Дайыр Исмадияров) жана башкалар

Тартылган тасмалары – “Жыйырманчы жаз”, “Желкайып”, “Курманжан датка”, “Баатыр”, “Ишен”, “Такси жана телефон” тасмалары, “Акшоола” телесериалы

– Эржан, кандайсың? Актёрлук кесипти тандооңо кимдер түрткү болду эле?

– Мектепте маданий иш-чараларда интермедия аткарып, манас айтып сынактарга катышып жүрчүмүн. Ошондон улам кызыгуу пайда болду. 2006-жылы биздин айылга Чыңгыз Мамаев байкелер гастроль менен барып калышты. Чыңгыз байкеге чуркап барып эле, “байке, мен жаман таланттуумун!” дедим.
Ал мени таңданып бир сыйра баштан-аяк карап “Эмне талантың бар?” деди. “Билбейм, иши кылып таланттуумун” десем ал күлүп, “анда сен шаарда актёрлорду окуткан окуу жай бар, ошол жакка барып тапшыр” деп кеңешин берген. Ошентип алардын жардамы, кеңеши менен актёрлукка окуп калгам.

– Жүрөгүңө театр жакынбы же тасмабы? Театрда көбүнчө сага баатырлардын ролдорун беришет.

– Көбүрөөк театрда иштеген жагат. Көрүүчүлөр жандуу, сен дагы ролду жандуу аткарасың. Театрда “Манастын уулу Семетейде” Семетейдин, “Тумар ханышасында” Рустам баатырдын, “Ак боз атта” Шырдакбек баатырдын, ыраматылык Марат Козукеев агабыздын “Керээз” спектаклинде Боромбай бийдин жана башка бир топ ролдорду аткардым. Көлөмүм чоңураак, анан семизирээк болуп турсам “баатырлыкка жарайт” дешет окшойт да. Башка деле ролдорду, мисалы, романтик жигиттин деле ролун аткара алам (күлүп).

– Тасмага кайсы жылдары тартыла баштадың?

– Тасмага 2007-жылдары, кыргыз киносу кайрадан жандана баштаганда тартылдым. Эң алгач Алим Токторов тарткан “Жыйырманчы жаз” тасмасында башкы ролду ойногом. Азыр ошол тасманы көргүм келет, себеби анда 2-курстун эле студенти болучумун да, кандай аткарганым өзүмө кызык. Ал кезде камералардын да сапаты начар эле, азыркыга салыштыргым келет. Тилекке каршы, ал тасмалар дисктерге чыкпай, интернетке жүктөлгөн жок.

– “Акшоола” телесериалына тартылгандан бери көчөдөн тааныгандар көбөйдүбү?

– Албетте. Сериалды көп киши көрдү да. Мен сериалда бай болгонум менен, жашоодо кадимкидей эле автобус, троллейбус, маршруттук таксилер менен жүрөм. Тааныгандар “Сен Ынак Кабыловичсиңби?” деп сурап калышат. “Ооба” десем кээ бирөөлөр каалоо-тилегин айтышат, айрымдар “1 телефон чалуу менен жашооңду өзгөртүп салдың” деп сын-пикирлерин айтат. Телефон чалып урушкандар да бар. Бир эже өткөндө чалып “Сен Ынаксыңбы? Номериңди издеп отуруп таап алдым. Сенин мээң иштейби? Толгоосу башталып, төрөп жаткан аялды да таштайсыңбы? Сенин такыр мээң иштебейт экен” деп эле уруша баштады. “Эже, ал кино да” десем, “ай, кино-пиноңду билбейм, иши кылса көк мээ экенсиң” дейт. “Мейли, эже, чалганыңызга ырахмат” деп трубканы коюп койдум (күлүп).

– Үй-бүлөң тууралуу айта кетсең.

– Жубайым Махабат Асанбекова дагы Кыргыз улуттук драма театрында актриса. Экөөбүз группалаш болуп чогуу окуганбыз, азыр чогуу иштейбиз. 2009-жылы баш кошконбуз. Ортобузда 3 бала бар. Улуусу 2-класста, кичүүбүз 2 жашта. Балдарыбызды өзүбүз менен кошо театрга көтөрүп, жетелеп келип эле иштеп жатабыз. Үчөө тең спектаклдерде кичинекей балдардын ролун аткарып калышат. Мындайча айтканда, үй-бүлөбүз менен актёр-актрисаларбыз.

– Мамлекет маданият кызматкерлеринин маянасын 80 пайызга көбөйтүүгө убада берди эле, ишке аштыбы?

– Ишке ашты. Айлыгыбыз 80 пайызга көбөйдү. Мурда 4-5 миң сом алсак, азыр 10 миң сом алып калдык. Шүгүр, үй-бүлөмдү бакканга жетип жатат. Жумуштан тышкары “Дем” театры менен тойлорго чыгып номер аткарабыз, концерттерге катышабыз. Андан тышкары сериалдарга, роликтерге, котормолорго үн коштойм.

Бирок өкмөт маданият кызматкерлерине көп көңүл бурбаганы чындык, өз арабабызды өзүбүз тартып жүрөбүз. Мурда “маданият кызматкерлерине үй салынып жатат” деп бир ирет укканбыз, ал деле токтоп калды окшойт.

– Жергиликтүү маалымат булактарынын бири сенин үйүң тууралуу сюжет жасап, аны көптөр талкуулады.

– Ооба, ал жер театрдын керектүү буюмдары сакталчу имарат. Жатакана сыяктуу, 10го жакын бөлмө бар. Ал имаратта менден башка да бир топ актёрлор жашайт. Жаңы үйлөнгөндө батирлеп жүрдүк. Анын үстүнө ал кезде айлык да өтө аз болчу. “Ошол жакта бөлмө бар” дегенинен барып, ичин оңдоп-түзөп алып жашап баштагам. Батирлеп жүргүчө ошол жерге жашаган бизге ыңгайлуу. Бекер жашабайбыз, акысын төлөйбүз. Менин капа болгонум, айрым сайттар үйүмдү тартышып, “Кампада жашаган актёр” деген тема менен чыгарып салышты. Ал жер кампа эмес, кадимкидей эле бардыгы жасалгаланган үй. Кудай буюрса, үй алсак, ал жерди бизден кийинки артисттерге бошотуп беребиз.

– “Дем” театрынын көкүрөк күчүгү эмессиңби. “Чурка” деп эле сени жумшап калышабы?

– 2008-жылы, 3-курс кезимде “Дем” театрына кабыл алынгам. 13 баланын эң кичүүсү, өзүң айтмакчы, көкүрөк күчүгү менмин. Ошондуктан менин кызматым көбүрөөк, улуулар “айдап кел, байлап кел” дейт (күлүп). Кийимдерди, реквизиттерди тактоо, жыйноо, кайсы убакта сахнага чыгарыбызды тактоо сыяктуу иштердин бардыгы менин милдетим. Эгер бирөөнүн бир нерсеси туура эмес болуп калса, албетте, “даярдап койбойт белең” деп мени урушушат. Театрдын балдары улуу-кичүү дебей үй-бүлөлүк катышыбыз бар. 2 айда 1 жолу козу союп, шерине уюштурабыз. Жамандык-жакшылыкта жеңилин жерден, оорун колдон алып бири-бирибизден жардам аябайбыз. “Дем” театры ынтымактуу бир чоң үй-бүлөбүз десем жаңылышпайм.

– Мурда “Дем” театрында сага башкы каармандардын эмес, эпизоддук каармандардын ролун берип койгонуна капа болгон учурлар болду беле?

– Албетте, болгон. “Эмнеге мени массовкага кошуп салышат?” дечүмүн. Бирок ал учурда улуу агаларыбыз эртерээк сахнага чыгарып алсак көтөрө алабы, көтөрө албайбы деп ойлошсо керек да. Бирок сахна деле этап менен да. Башында массовка, анан эпизоддук роль, аягында башкы каармандын ролун аткарасың. Азыр деле биз жаштарды ошентип массовкага катыштырып, акырындык менен көндүрөбүз.

– Маегиңе рахмат, ишиңе ийгилик.

Асхат Субанбеков
Адилет Бектуров

star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Эржан Осмонов: “Сериалдагы Ынак бай, а мен карапайым жигитмин”
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
aizira
2018-12-04 09:41:31
Жоп жонокой бала экенсиз. Ишинизге ийгилик
+13
Paprikafm
2018-12-04 12:23:27
Укмкга уй салып бергенден көрө, ушундай маданият адамдарына салып беришпейби, мынча адилетсиз өлкөдө жашайбыз, ХХХХ
+18
AksyKum
2018-12-04 12:35:40
Paprikafm,чын студент кезимде радиодон кенже дуйшеева негрга турмушка чыгабы деп айтып калды жаңы санын бир жума кутсом........
-3
asel-89a
2018-12-04 12:41:28
Жакшы,жонокой,адамгерчиликтуу адам экени корунуп турат.Ийгилик!
+3
cholpon119966
2018-12-04 14:06:30
"Байке,мен жаман таланттуумун" деген жери сонун экен да)))


Дайыма ушул жонокойлугунуздон жазбаныз, уй булолук бакыт, иштеринизге ийгилик каалайм.
+10
Nurba.kubatovich
2018-12-04 21:05:11
Эржан байке ишинизге ийгилик! Мен дагы таланттуумун. (.............)
0
Skarlett-Skarlett
2018-12-05 10:30:34
Уйлуу болуп калсын!Элибиздин руханий байлыгын алып жургон актёрлорго бербейби квартираны!10мин сом деле аз 3балалуу уй булого.
+6
Nestana95
2018-12-05 11:04:26
Сонун маек болуптур, сабак алчу адам экен,рахмат.....Ишинизге ийгилик)))
+1
Benazir08
2018-12-05 11:42:28
Жакшы жакшы уй булолук бакыт а тойлорго барсан эле болду анда аста секин итиниз чоп жей баштаптыр акча табуунун оной жолу бул тойго баруу элден айлангыла эл чакырып журуп акыры уйлуу да болосуз рас кылыпсыз бала чаканыз мн аман болунуз.
+2
Benazir08
2018-12-05 11:47:22
Айтурган Темирова деген эжекеден каьар алыныздарчы ал барбы? Жашоосу как озунун чырайы кандай дегенден админ суранычтан отунуч?
0
admin_portal
2018-12-05 12:42:54
Benazir08, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
Lisalisa
2018-12-05 18:12:45
Красавчик, ийгилик!!!
0
Pandora
2018-12-06 12:42:23
10 000ден эки адамдын айлыгы 20 000 сом.Аз бул.Шаарда баарын сатып аласын.
+2
MKW.MYRZAiYM
2018-12-07 11:08:49
уй-булонузго бакыт, дагы коптогон тасмаларда башкы ролдорду аткарып журо бериниз, ийгилик!
+2
№ 839, 30-ноябрь-6-декабрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан