ДОТЕР ЖАНА КОДЕР: ЭЧ КИМ НОУТБУКСУЗ КАЛБАЙТ

Ноутбук жашоодогу алмашкыс жардамчыбызга айланганы шексиз. Ал бизди бардык учурда коштоп жүрөт: жумушта, жакшы көргөн сериалдарды көргөндө, оюндарды ойногондо. Андыктан ноутбук сатып алууга олуттуу караш керек. Бирок дюйм, ядро жана жыштыктардын түрдүүлүгү тандоодо оорчулук жаратат. Бишкектен канткенде идеалдуу ноутбук тандап, сатып алса болот? Төмөндөгү ссылкага: https://blog.beeline.kg/Idoteruikoderupodberemnoutbukdliakazhdogo-0d743/кирип, ноутбуктардын үлгүсүнө жараша техникалык мүнөздөмөлөрү менен кенен таанышып, сатып алууга буйрутма бере аласыз.

СТАРТАПЕР ҮЧҮН НОУТБУК

Ар бир бишкектиктин оюнда стартап үчүн идея сөзсүз түрдө бар, андыктан мындай ноутбук дээрлик универсалдуу болот. Башкысы эскирген Celeron, Pentium же Atom процессорлорун эсепке албаңыз, көлөмүнө, салмагына көңүл буруңуз. Анткени ноутбукту көтөрүп алып шаардын ар кайсы аймагына барып, жолугушууларды өткөрүүгө туура келиши мүмкүн.

Төмөндөгүлөргө көз салыңыз:

Lenovo Ideapad 320 – 29 800 сом, Beeshop.kg интернет дүкөнүндө.

ASUS X540 – 34 000 сом, мыкты тетиктерден чогултулган жана батареясынын кубаты көпкө жетет.

HP Probook 450 G4 – 48 000 сом, стандарттык комплектацияда.

ДОТЕРЛЕР ЖАНА ТАНКИСТТЕР ҮЧҮН

Оюн үчүн ноутбук тандоодо 4 компоненттин тең салмактуулугун караңыз: графикалык чип, процессор, монитор жана муздатуу системасы. Эгер абдан күчтүү видеокарта менен күчтүү процессорду бириктирсеңиз, анда электр энергиясы менен камсыздоо бөлүмү (блок питания) жана муздатуу системасы да ошого жараша жакшы иштеши кажет. Бишкектен сатып алууга мүмкүн болгон, оюн үчүн мыкты делген 3 ноутбук назарыңыздарда:

MSI GS63 STEALTH PRO – 105 800 сом. Күчтүү комплектация, бийик FPS, таң калычтуусу анча чоң эмес көлөм жана салмакта.

Asus ROG G752VS – 143 000 сом. Саркеч дизайн, мыкты клавиатура жана иштөөгө абдан ыңгайлуу тачпад.

DELL Alienware AW17R4 ноутбугун – 162 000 сомго сатып алып, чемпиондукка даярдана баштаңыз.

YOUTUBE ЖЫЛДЫЗДАРЫНА

Эгер видеомонтаж же үн жаздыруу жаатында иштесеңиз, анда процессордун ылдамдыгына жана оперативдик эс-тутумга көңүл буруу зарыл. Ал үчүн HDD жана SSD`дан турган гибриддүү эс-тутумга ээ ноутбук тандаңыз. Анткени мындай топтом чоң көлөмдөгү катуу дискти жана жогорку ылдамдыктагы, ишенимдүү флэш-картаны камтыйт. Төмөндөгү ноутбуктар сонун тандоо болот:

DELL Inspiron i7779-7045 GRY-PLU ноутбугу менен өндүрүмдүүлүгүн төмөндөтпөстөн оңой эле монтаж иштерин жасап, керемет сүрөттөлүштөн ырахаттана аласыз. Мындай ноутбукту
84 000 сомго сатып алып, папарацциден жашына берсеңиз болот.

Apple ноутбуктары контент түзүүчүлөрүнө компьютерлер менен кошо берилчү программалык камсыздоо үчүн да сүймөнчүккө айланган. iLife топтомунда сүрөт, видео жана музыка менен иштөөдө колдонулуучу базалык керектүүлөрдүн баары бар. Мындай ноутбуктун баасы 89 500 сомдон 182 300 сомго чейин жетет, бул анын кайсы жылы чыкканынан жана тачпаддын бар-жогунан көз каранды.

Apple MacBook Pro (2017)

Apple MacBook Pro 15 MPTT2 Space Gray Touch Bar (2017)

САЯКАТЧЫЛАР ҮЧҮН

Бат-баттан саякатка чыгып жүрүп сиз үчүн билеттердин дүмүрчөгүн чогултуу кызыксыз болуп калса, анда ноутбук тандоодо анын мобилдүүлүгү алдыңкы планга чыгат. Канчалык кичине, жеңил жана ичке болсо, ошончо жакшы. Ошондой эле батареясынын кубаты канча убакытка жетерине көңүл буруңуз, анткени узак убакытка учууда жактырган кинолоруңузду кыйынчылыксыз көрүүгө мүмкүн болушу шарт. Бул учурга ылайыктуу 3 үлгүнү тандап койдук:

HP Spectre x360 – 162 300 сом. Бул ноутбук сенсордук экран жана 360 градус бүктөлүүсү менен планшеттин ордун алмаштыра алат. Салмагы болсо 1,4 килограмм гана.

Lenovo ThinkPad L480 – 92 100 сом. Батарея 12 саат иштегенге жетет. Ошондой эле RapidCharde технологиясына ылайык, аккумулятордун 80 пайызы 1 саат ичинде эле толуп калат.

Apple MacBook Air – 1,3 килограмм салмакта, корпусунун калыңдыгы 1,7 сантиметр жана батареясынын кубаты 12 саатка жетет. Баасы SSD көлөмүнө жараша, 128 гб же 256 гб – 62 000 сом же 76 000 сом болот.

ПРОГРАММИСТТЕР ҮЧҮН

iOS/Mac OS алкагында иштесеңиз, анда баары түшүнүктүү. А балким, программалоону жаңыдан үйрөнүп жатасыз, ошондуктан сиз үчүн бир нече ноутбукту тандап койдук. Сизге кодду ишке киргизүүдө жана программаларды компиляциялоодо жогорку ылдамдыкты камсыз кыла турган күчтүү процессор талап кылынат. Чоң өлчөмдөгү оперативдик эс-тутум – аз дегенде 8 гб жана сыйымдуулугу жогору катуу диск. Клавиатурага да көңүл буруңуз, сөзсүз түрдө басканга жагымдуу жана ыңгайлуу болушу зарыл.

ЖЫЙЫНТЫК ЧЫГАРАБЫЗ

Техника саткан чоң дүкөндөрдө сизди 2 маселе күтүп турат: бул жаатта маалыматы жок адамга көпчүлүк ноутбуктар бирдей көрүнөт. Андыктан сатуучу сизге чындап керектүүсүн эмес, кымбатын өткөрүп жиберүүгө аракет кылат. Кайсы үлгүдөгү ноутбук кандай мүнөздөмөгө ээ экенин билгиңиз келсе Beeshop.kg сайтына кириңиз да, маалымат алыңыз. Кыялыңыздагы ноутбукту алуу үчүн бир аз убара болууга туура келет, бирок жыйынтыгына өкүнбөйсүз.

Соодаңызды аз болсо да жеңилдетүүчү айрым суроолордун тизмеси:

1. Көрүнүшү арзан пластик сыяктуубу?

2. Үстүнкү катмары арзан калай менен фольга аралашмасынан туруп, аны оңой эле манжа менен кырып көрсө болобу?

3. Корпус бириккен жерлер бекем эмес болуп күмөн жаратабы?

4. Монитордун жарыгы жана контрасттуулугу сизге туура келеби, каалагандай ыңгайлаштырып алууга мүмкүнбү?

5. Кнопкалары басканда жумшакпы?

6. Ноутбук канчалык бат ишке кирет, “уйку” режиминен канчалык бат чыгат?

7. Программалар бат ачылабы?

Ноутбукту тандаган соң кепилдик жана кайра кайтарып берүү шарттарын кунт коюп окуп чыгыңыз. Анткени кээ бир кемчиликтер ноутбукту колдонгондон 1-2 жумадан кийин байкалышы мүмкүн. Топтомго кайсы софт жана ОС кирерин текшериңиз, анткени өндүрүүчүлөр эч кимге керексиз, эс-тутумду гана толтурган көптөгөн программаларды жүктөп коюшат да, ноутбуктун баасын көкөлөтүп жиберишет.

Бааларга келсек – жогоруда белгилеп кеткен Beeshop.kg сизге жакшы жардамчы болот. Ал сайттан сиз товарлардын чыныгы бааларын, техникалык мүнөздөмөлөрүн талдап билип, тандаган ноутбукту кредитке алуу үчүн табыштама калтыра аласыз.

Баарыбыз жана жеке ар бирибиз үчүн идеалдуу ноутбук жок, бирок ошонусу менен кызык эмеспи – өзүңдүн “алтын ортоңду” таба аласың. Бул оңой эмес иште баарыңыздарга ийгилик жана чыдамдуулук каалайбыз!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 839, 30-ноябрь-6-декабрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан