«Менин атым Бонд... ЖЕЙМС БОНД»

Анда үч өзгөчөлүк бар. Табышмактуу окуялардын түйүнүн чечет, бийкечтердин жүрөгүн ээлейт, вискини канча ичсе да шляпасы кыйшайбайт. Алдыңызда мистер Жеймс Бонд!

БАРДЫГЫ ФАНТАЗИЯДАН...
Журналист Ян Флеминг 42 жашында жашоонун бардык кызыкчылыгынан кечип, жалгыз аралга кетүүнү чечет. Түйшүктүү кесибинен баш тартканы менен, Яндын жан дүйнөсү тынч ала албайт. Ямайкадагы вилласында жалгыз күн кечирип, тамеки тарта деңиз жээктеп ойлонуп жүрүп, жеңилбес Бонддун образын ойлоп табат. Ал учурда Ян өзү да тарыхта кала турган каарманды түзүп жатканын билген эмес.
Флеминг Экинчи дүйнөлүк согушта Британия падышачылыгынын алдындагы флотто чалгынчы болуп кызмат кылган. Ошондуктан Бонддун образын түзүүдө өзүнүн тажрыйбасына таянган. Бонддун жашоодогу персонажы жок, жалаң гана автордун фантазиясынан жаралган. Айрымдар Ян менен Бонддун ортосунда окшоштуктар бар экенин айтышкан. Ян да акыркы модадагы машинага, сулуу кыздарга, кумар оюндарына кызыкчу. Ал эми Жеймс Бонд деген атты канаттуулар тууралуу китеп окуп, ошондогу орнитологдун атын алган. Бонд тууралуу чыгармалар 20-кылымдын мыкты бестселлерине айланып, 40 миң нуска менен жарык көргөн. Ошентип, фантазиядан пайда болгон мырза Бонд дүйнөнү багындыруу тапшырмасын өтөгөнгө багыт алат. Тапшырма, албетте, аткарылат.

БОНДИАНА ДЕГЕН ЭМНЕ?
Жеймс Бонд тууралуу китептер популярдуулуктун туу чокусунда турганда экрандаштыруу бактысын көп режиссёрлор талашкан. 1954-жылы америкалык сериалга Бонд тууралуу 5 мүнөттүк эпизод гана тартылат. Бул Бондиананын алгачкы тепкичи эле. Ушундан кийин Бонддун доору башталып, 1962-жылы биринчи жолу режиссёр Теренс Янг Бондду экрандаштырган.1962-жылдан тартып 2009-жылга чейин Бонд тууралуу 22 фильм тартылып, фильмдерди жалпысынан “Бондиана” деп аташкан. Бонд тууралуу тасмалар өз жаратуучуларына 6 миллиард доллар киреше түшүрүп, тарыхта эң узун киносериал катары тааныла алган.

ЭҢ МЫКТЫСЫ КИМ?
Өзүнө-өзү өтө ишенген, кели­шим­дүү, коркунучка жылмаюу менен караган Мистер Бондду элестеттиңизби? Сиз элестетсеңиз, киночулар таптакыр элестете албай көп жылдар бою издешкен. Эмесе, алдыңыздарда тандалма Бонддор.

ШОН КОННЕРИ
(тартылган жылдары –1962, 1963, 1964, 1965, 1967, 1971, 1983)
Шон Томас Коннери Бондиананын алгачкы тасмасы болгон “Доктор Но” тасмасында Бонддун ролуна тандалып алынып, 6 миң фунт өлчөмүндөгү гонорар алган. Бонддун ролу ага даңк, байлык эле эмес, чыгармачылык түйшүк да тартуулаган. Ролдон эки жолу баш тартып, бирок кайра тартылууга аргасыз болгон. “Эң мыкты Бонд ким?” деген сурамжылоо жүргүзүлгөндө ар жылы биринчиликтен Шон Коннери түшпөй келет.

ЖОРЖ ЛЭЗЕНБИ
(тартылган жылы – 1969)
Жорж Лэзенби кокусунан съёмка жүрүп жаткан аянтка келип калып тартылып калат. Лэзенби тасмада бардык трюктарды өзү аткарганы менен башка Бонддордон айырмаланган. Бирок анын Бондго тиешелүү харизмасы жок эсептелинип, Бондду эң начар айногон актёр катары бааланган.

РОДЖЕР МУР
(тартылган жылдары – 1973, 1974, 1977, 1979, 1981, 1985)
Роджер Мурдун өзгөчөлүгү – Бонддун эң карыгандагы кезин ойногонунда. Мур 46 жашында китептин автору Ян Флеминг өзү бул ролду сунуштаган. Баса, Коннери түзгөн супер тыңчынын ролуна тамашакөйлүктү көбүрөөк кошкон актёр Роджер Мур болгон.

ТИМОТИ ДАЛТОН
(тартылган жылдары – 1987, 1989)
Келишимдүү, таланттуу актёр Тимоти Далтон бул ролго чейин эле белгилүү болчу. Ошондуктанбы, бардыгы сыймык көргөн супер тыңчынын ролун аткаргысы келген эмес. Тимоти Бонддун адамдык алсыздыктан алыс эмес, реалдуу жүзүн ачып берген.

ПИРС БРОСНАН
(тартылган жылдары – 1995, 1997, 1999, 2002)
Бондду Шон Коннериден кийин мыкты ойно­гон Пирс Броснан көпчүлүккө жаңы Бонд­дун жүзүн ачып берген. Ошол себептен “Кон­нериден кийинки эң мыкты Бонд” деген мактоого ээ болгон.

ДЭНИЭЛ КРЕЙГ
(тартылган жылдары – 2006, 2008)
Учурдагы акыркы Бонд – Дэниэл Крейг. Ал Бондду аткаргандардын ичинен эң көп гонорар алгандыгы менен айырмаланат. Айта кетсек, «Казино Рояль» тасмасы үчүн 10 миллион 400 миң доллар гонорар алган.

БОНД ТУУРАЛУУ
Аты. 22 тасманын ар биринде “менин атым Бонд... Жеймс Бонд” деген сөздөр кайталанат. Бир тасмада Бонд “Вест Индиянын канаттуулары” деген китепти кармап турган эпизод бар. Мына ошол китептин каарманы Жеймс Бонд болгон.
Номери. Нөл деген сан чыныгы жашоодо Британиянын жашыруун кызматынын коду болгон. Өтө жашыруун маалымат болсо да, нөл деген сан менен берилген. Ал эми жети саны ийгиликтин саны деп эсептелингендиктен, жазуучу өзүнүн каарманына “Тыңчы 007” деген кодду тартуулаган.
Жашы. Китепте Бонд 1924-жылы төрөлгөн деген маалымат бар. Бирок кино жаратуучулар Бондду ар кандай куракта бере беришкен. Бул дагы сынчылардын көңүлүнөн тыш калган эмес.
Келбети. Ян түзгөн Бонддун бою 183 сантиметр, салмагы 76 килограмм, көздөрү көгүлтүр, чачы кара, оң жаагында октон калган тырыгы бар. Бул параметрлерге Бонддун ролун ойногон актёрлордун ичинен Тимоти Далтон туура келери айтылат.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
selvita
2010-07-07 11:38:32
oy suygonum menin
0
№ 400, 2-8-июль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан