ОРВИ. АТА-ЭНЕ БАЛДАРДЫ ДАРЫЛАП-АЙЫКТЫРУУДА КАНДАЙ КАТАЛАРГА ЖОЛ БЕРБЕШИ КЕРЕК?

Учурда көп аймактарда ОРВИ инфекциясы жайылып, аны жуктуруп алгандардын саны көбөйдү. Бул дарттан балдарды дарылап-айыктырууда айрым ата-энелер көп каталарды кетиришет. Туура эмес дарылоонун арты эмнелерге алып келери тууралуу маалыматты Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын 9-бөлүмүнүн башчысы Бурул Жаркынбаева айтып берди.



ОРВИ ДЕГЕН ЭМНЕ?

ОРВИ (острая респираторная вирусная инфекция) – дем алуу органдарынын вирустар жарата турган курч кармоочу жугуштуу инфекциялык оорусу. ОРВИ курамы: грипп, парагрипп, респиратордук-синцитиалдык вирус, аденовирус, риновирус, метапневмовирус жана вирустун 300дөн ашык подтиптеринен турат.

Аба аркылуу (жөтөл, чүчкүрүк) жугат. Эл көп топтолгон жерлерде (мектеп, балдар бакчасы, базар, супермаркеттер жана алардагы балдар ойноочу аянтчалар) бат таралат. Оюнчук, сүлгү аркылуу жугуп калуусу мүмкүн. 1-6 жаштын тегерегиндеги балдар көп ооруйт, анткени чоңдорго караганда иммунитети төмөн.

Белгилери:

  • дене табынын көтөрүлүшү
  • мурун бүтүү, чүчкүрүү, жөтөлүү, чыйрыгуу
  • мурундан суу, чимкирик агуу
  • тамактын, баштын жана булчуңдардын оорутуусу
  • шалдыроо, тамакка табиттин жоголушу.

Дарылоодо колдонулат: мурун бүтүү менен чимкирик агууга каршы мурунга тамчылатчу каражат, чылпакты кетирүүчү дары май, вируска каршы дары, дене табын түшүрүүчү каражат жана башка. Эгер ОРВИден дарылатпаса дарт кабылдап пневмония, миокардит, мээнин шишиги, гайморит жана башка ооруга жеткирүүсү мүмкүн.

БИРИНЧИ КАТА – ДАРОО ДЕНЕ ТАБЫН ТҮШҮРҮҮГӨ УМТУЛУУ

Эгер баланын дене табы 38 градустан өйдө болсо температура көтөрүлдү делет. Дене табынын көтөрүлүүсү – бул организмдин коргоочу реакциясы. Анткени температура вирус жана бактериялардын өсүп жана көбөйүүсүн төмөндөтөт, алардын бөлүп чыгарган ууларын зыянсыздандырат. Дене табынын көтөрүлүүсүнүн себепкери: вирустук инфекция, эмдөө, ысык кийинтип коюудан тердеп организмдин кургап кетүүсү.

Баланын дене табы 38 градуска көтөрүлгөнү менен, ойносо, суусундукту жакшы ичсе, анда абалы коркунучтуу эмес. Мындайда дене табын түшүрүүнүн кереги жок. Эгер дене табы 38,5 градус же андан өйдө болсо дароо «Тез жардам» чакыруу же ооруканага алып баруу кажет. "Тез жардам" кечигип же ооруканага алып барууга унаа жок болуп жатса, анда температурасын түшүрүүгө аракет кылса болот.

1) Бөлмө температурасындагы кадимки суу менен колтугунан бутунун учуна чейин жана моюн тегерегин сүртүү.

2) 4-5 жашка чейинки балдарга курамында парацетамол бар свечаны (панадол, цефекон) салуу керек. 5 жаштан өткөндөргө таблетка түрүндөгү каражатты берсе болот.

Кээ бир ата-энелер арак же спиртке суу кошуп шыбашат. Бул туура эмес! Спирт организмге сиңип, бала ууланып калуусу ыктымал. Эч качан 12 жашка чейинки балага аспирин бербегиле! Вирустук инфекцияда ал баланын мээсин жана бөйрөгүн жабыркатат.

Кээде дене табы кескин түрдө 39-40 градуска көтөрүлүп кеткенде балада калтырап-титирөө (судороги) жаралат. Ал бир канча секунддан 4-6 мүнөткө чейин созулушу мүмкүн. Адатта бул балага зыянын тийгизбейт, ата-эне коркпошу керек. Баланы тегиз жерге жаткызып, калтырап-титирөө өтүп кетери менен дене табын түшүрүүчү каражат бериңиз. Дене табы түшкөндөн кийин үстүнө пижама, жеңил төшөк калтырып, калган кийимдерин чечиңиз. Памперсти алып салыңыз. Бөлмө температурасын 18 градустан жогорулатпаңыз.

Кээ бирлер кийимдерин чечсем үшүп калат деп жаңылыш ойлошот.

Айтып койчу нерсе, виферон свечасы, анаферон тамчылатма дарысы жана таблеткасы жардам деле бербейт. Дене табын түшүрүүчү каражатты берүүнүн аралыгы 4-5 сааттан кем болбошу керек.

Температура менингит, ангина сыяктуу оорулардан да көтөрүлөт (бирок буларда дене табын түшүрүүчү каражаттар оңой менен жардам бербейт). Андыктан баары бир врачка көрсөтүү кажет.

ЭКИНЧИ КАТА – КЫЙНАП ТАМАК ЖЕГИЗҮҮ

Балага кыйнап тамак бербеңиз, кусуп ого бетер шалдырап калат. Андан көрө суюктукту (кадимки суу, компот, шорпо) көп бериңиз. Суюктук организмдеги уулардын чыгып кетишин шарттап, батыраак айыгууга шарт түзөт. Боржоми минералдык суусун оозун ачып газын чыгарып туруп берсе абдан жакшы. Боржоми какырыкты да жибитип батыраак чыгышын шарттайт. Бул чоңдорго да сунушталат.


ҮЧҮНЧҮ КАТА – АНТИБИОТИК БЕРҮҮ
ОРВИни вирустар козгойт. Антибиотик болсо бактерия, микробдорду гана өлтүрүп, вирусту өлтүрө албайт. Муну билбегендер антибиотик берип, баланын организмине ого бетер күч келтирет. Эгер ОРВИге бактериалдык инфекция кошулуп кеткени билинсе, анда антибиотикти врач гана жазып берет.



ТӨРТҮНЧҮ КАТА – ЖӨТӨЛДҮН ДАРЫСЫН БЕРҮҮ
Жөтөл ОРВИнин белгиси жана аны менен кошо жүрөт, кошо кетет. Ошондуктан жөтөлдүн дарысын өз алдынча бербегиле.


БЕШИНЧИ КАТА – МУРУН БҮТКӨНДӨ ӨЗ АЛДЫНЧА АР НЕРСЕНИ ТАМЫЗУУ
Мурунга пияздын, сарымсактын ширесин куйса баланын мурдундагы былжыр күйүп оору жаралат. Айрымдар өз алдынча нафтизин дарысын бир нече күн куя берет. Ашыкча колдонуу мурундагы кан тамырды ичкертип, ринит оорусун жаратып, мурунду жууп-тазалап туруучу былжырлардын иштелип чыгуусун бузат. Ушундан улам аба менен кирген ыш, көө сыяктуулар мурунда кармалып калбай өпкөгө өтүп кетип, аларды сезгендирип оору жаратат.

Мурунду жууп-тазалоо үчүн деңиз тузунан жасалган каражатты (мисалы, аква марис) же физрастворду куйса болот. Мурунга оксолин мазын,чылпактаган көзгө тетрациклин дары майын сүйкөп турууга болот. Көз чылпактаса кебезди сууга нымдап сүртүү керек (2 көзгө 2 башка кебез керек). Башка керектүүнү врач сунуштайт.


АЛТЫНЧЫ КАТА – ГОРЧИЧНИК, СКИПИДАР, КОЙДУН МАЙЫН КОЛДОНУУ

Булар ОРВИден кутулууга жардам бербейт. Тескерисинче, баланын абалын оорлотот.


АТА-ЭНЕ ДАГЫ ЭМНЕЛЕРДИ БИЛҮҮСҮ КАЖЕТ?
  • Көчөдөн келгенде сырт кийимди чечип, кол-бетти самындап жууп, мурун ичине суу жүгүртүп жууп, анан гана балдарга аралашуу зарыл. Анткени көчөдөн адам оору козгогучтарды (вирус, бактерия) жугузуп келүүсү мүмкүн (мисалы, кийимине, мурду, колуна). Ооруган баланы энеси же аны караган адам менен бөлүп, үстүнө башкалар көп кирбесе жакшы.
  • Инфекциялык оору жайылып жаткан кезде эл топтошкон жерлерге балдарды алып барбаңыз.
  • Бөлмөлөрдү желдетип, нымдуу чүпүрөк менен 3-4 маал сүртүп туруңуз. Бул дем алууну жеңилдетип, мурун бүтүүнү төмөндөтөт. Арчалап турууну да унутпаңыз (өзгөчө бурчтарды).
  • Бөлмөнүн ар жерине пиязды төрткө бөлүп коюп коюңуз.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
Munar92
2018-12-11 09:39:53
Эн сонун кенеш экен. Админ жеткирип койоулачы. ОРВИге вакцина бар экенго поликлиникаларга берилди дейт бирок сурасак только организация даны лапша деди. Вакцинаны алса грипп женил отобу
+6
Emir.Elina
2018-12-11 11:05:23
Munar92,
Вакцинаны поликлиникада оор абалда учетто тургандарга берет экен. Мисалы ДЦП жана башка оор абалдагылар бекер алат экен. Жакшы болсонуз аптекадан сатып алып поликлиникадан сайдырып алса болот экен.
0
ashuular_plus
2018-12-11 16:06:21
Munar92, Частная клиникаларда 400 сомдон 600 сомго чейин сайып беребиз деп көп эле реклама берип жатышат го? Интернеттен карап тапсаңар болот.
+1
Baku88
2018-12-11 10:35:00
Жакшы кеңеш экен. Бирок варачтарга алып барса толтура дары дармек жазып берип же болбосо өзү бир витамин таблетка дарыларын сатып алууга мажбурлайт ошол үчүн көп учурда үй шартында дарылоого туура келет
+6
Ajdarkyzy
2018-12-11 12:09:53
Baku88, Ооба,туура айтасыз. Мындан 3жыл мурун ьабаламдын мурду жыттанганынан лорго алып бардым. Текшерип эле айтты гайморит деп,бир барак дары дармек жазып берди. Ал дарылар 2000сомдун тегереги болчу, акчам жетпей тамчылатма дарысын алып эле кайттым. Арадан 2,3жума откондон кийин дагы бир коргозойун деп лорго алып барсам башка врач экен. Текшерип эле айтты мурдуна бир нерсе киргизип алыптыр деп, он муноттун ичинде алып,дарылап берди. Аябай суйунгомун.Ар кандай врачтар бар билимдуусу билимсизи да
+5
Lisalisa
2018-12-18 06:37:18
Baku88,оа, же болбосо рецепти жазып бул аптекага бар деп астына озунун кодун жазып койушат. Аптека код жазылган жерин кыркып калатта с удовольствием дааарыларынды топтоп берет))).
0
bars_wire
2018-12-11 13:14:44
Баланын иммунитетин көтөргүлө.энелер бала да өзүңөрда кыйналбайсыңар.
+3
-Sumitra-
2018-12-11 16:52:41
Биздин балдарыбыз ооруп атышат азыр.Бул жакты окусам врач жазып бергендер таптакыр эле туура эмес го.Амоксициллин анаферон ичирип анан сакаябыз дайым эле.Антибиотик ичирем.Болбосо сакайбай кыйналабыз.Анан эч качан свечилерди салып корбогонмун.Только нурофен берем.
+2
lusia
2018-12-11 18:27:00
Баарын эле болбойт дейт го мен балдарымды такай врачка алып барам барган сайын антибиотик менен анаферон анан жотолдун даарысын берет. Акыркы убакыт алып барбай деле калдым ооруп калса ошол жазып Берген дарылардан артканын берип коем
+3
lusia
2018-12-11 18:29:38
Врачка барсан деле антибиотик анаферон жотолго каршыларды жазып берет го. Баарын эле болбойт дейт го бул жагы.
+2
barakcha
2018-12-11 18:34:23
Биз азыр антибиотик ичип атабыз(((
0
Aiymkunumjyldyzym
2018-12-11 23:49:31
Baldaryma piaz chesnok jegendi uirotkonbuz.Stoldun ustundo daiyma turat,jegileri kelgende nan mn je tamakka kowup dele jei beriwet.kudaiga wugur oorudan alys ele bololu.
+1
Royal55
2018-12-12 23:05:34
сонун кенештер экен.Кээ биринде туура кылсам кээ биркисинде туура эмес кылып журупмун.Мындан кийин эске ала журом.
+1
lazygirl
2018-12-15 14:43:15
Анаферон иммунитетин көтөрөт да эмнеге болбойт?
0
Nurkyz_kgz11
2018-12-15 22:19:47
Врач жазып берген антибиотикти ичире берсек болот
0
№ 840, 7-13-декабрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан