САЯСАТ ЖАНА КООМ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

«ИЙРИ» МЕЗГИЛДЕ ИЙГИЛИККЕ ЖЕТКЕН РЕФЕРЕНДУМ

29-июнда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Акылбек Сариев: “Жаңы Баш мыйзамга шайлоочулардын 90,57 пайызы “ооба” деп добуш берсе, 8 пайызы каршы болду. Ал эми бюллетендердин 1,5 пайызы жараксыз деп табылды”,- деп билдирди. БШКнын маалыматына таянсак, тизмеге киргизилгендердин 69 пайызы (1 миллион 912 миң адам) референдумга катышкан.
Бирок бул жолку референдум да кызыктуу жагдайы менен эсте калмак болду. Анткени буга чейин бюллетенде үч суроо (Роза Отунбаевага Өткөөл мезгилдин президенти статусун ыйгаруу, Конституциялык Cотту жоюу жана Баш мыйзамдын жаңы вариантын кабыл алуу) жазылмак, бирок ал жерде “Жаңы Баш мыйзамды күчүнө киргизүү жөнүндө” деген гана пункт жазылган. Бул пункт менен жогорудагы үч суроо тең кабыл алынган.
БШКнын акыркы жыйынтыктары 1-2-июлда белгилүү болот. “Референдумдун расмий жыйынтыктары жарыялангандан кийин 3-июлда Өткөөл мезгилдин президентинин инаугурациясы болот”,- дейт Ө.Текебаев.
Ошентип, 27-июнда өткөн референдум эгемен өлкөбүздүн тарыхындагы алтынчы референдум болуп калды.


БҮГҮН ПАРТИЯЧЫ – ЭРТЕҢ ПАРЛАМЕНТЧИ

УӨнүн төрайымынын орун басары Өмүрбек Текебаев 35 саясий партиянын башчылары менен жолугуп, парламенттик шайлоону 10-октябрга калтырууга макулдашышты. Бирок парламенттик шайлоонун так күнүн президент белгилейт. Ө.Текебаевдин айтымында, Адилет министрлигинде 100дөн ашуун партия катталган, бирок анын ичинен 35ине гана байланышка чыга алышкан. Бул жыйында саясий партиялардын башчылары бир катар чечимдерди кабыл алышып, анын ичинде шайлоо фондунун суммасын 100 миллиондон 30 же 50 миллион сомго азайтуу каралды.
Ошондой эле Ө.Текебаев жана анын партиялашы Болот Шер 10-июлга жакын парламенттик шайлоого катышуу үчүн ээлеген кызматтарынан отставкага кетишерин билдиришти.


ЖАНТӨРӨ САТЫБАЛДИЕВ ВИЦЕ-ПРЕМЬЕР БОЛОБУ?

Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү үчүн Мамлекеттик дирекция түзүлүп, анын башчылыгына Жантөрө Сатыбалдиев дайындалды. Ал өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөндөн кийин КРнын вице-премьер-министри болот. Ошол эле учурда экономист Жумакадыр Акенеевдин айтымында, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү үчүн жок дегенде 1 миллиард доллар керектелет.


ДМИТРИЙ МЕДВЕДЕВ ПАРЛАМЕНТКЕ ИШЕНБЕЙТ

Референдумга алгач­кылардан болуп өз ой-пикирин билдирген Орусиянын президенти Дмитрий Медведев Кыргызстанда парламенттик республиканын кантип иштээрин жакшы элестете албай тургандыгын айтты. Анын айтымында, бийлик бир колдон экинчисине өтүп отуруп, акырында экстремисттик күчтөргө жол ачылышы ыктымал. 7-апрелден кийин УӨнү Орусия биринчилерден болуп колдогону менен, эмнегедир Кыргызстандын жарандары тандап алган парламенттик башкарууну жактырбай турат. Таразанын экинчи ташында турган АКШ, Кытай, Европалык биримдик, ОБСЕ, Германия жана БУУ Кыргызстандагы референдумдун өтүшүн позитивдүү баалоодо.


УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТ ЭМИ “УБАКТЫЛУУ” БОЛБОЙТ

“Жакынкы күндөрдө “убактылуу” деген сөзү жок өкмөт түзүлөт”,- дейт Өмүрбек Текебаев. Ал эми Роза Отунбаеванын айтымында, парламенттик шайлоого катыша турган саясатчылар жаңы өкмөттүн курамына кошулбайт. “Бул убактылуу эмес, мыйзамдуу өкмөт болот жана ал 10-июлда түзүлөт”,- деди Р.Отунбаева.
Роза Отунбаева Өткөөл мезгилдеги президент болуу менен катар өкмөт башчысынын да милдетин аткарат. УӨ мыйзам чыгаруучу укукка ээ болгондуктан, парламенттик милдетти ким аткарары тууралуу маселе чыккан. “Азырынча УӨнүн курамынан кандайдыр бир убактылуу мыйзам чыгаруучу жыйын (ассамблея, комитет) түзүү сунушу каралууда. Ал парламент түзүлгөнгө чейин иштейт”,- дейт Ө.Текебаев.
Эң кызыктуу жагдайы, жаңы өкмөттүн курамына кимдер келет? Анткени менмин деген саясатчылар шайлоого даярдык көрүп чуркап жүрүшөт. Шайлоо менен катар бийликти кармап тургусу келгендер эки жолдун ортосунда калышпаса болду...


БЫЙЫЛ СУУ ТАРТЫШТЫГЫ БОЛБОЙТ!

Токтогул суу сактагычы соңку төрт жыл ичинде эң жогорку көрсөткүчкө жетип, анда топтолгон суунун көлөмү 16,2 миллиард метр/кубду түздү. Бул тууралуу “Электр станциялар” Ачык акционердик коому билдирет. 2009-жылдын 30-июнунда 9,5 миллиард метр/куб, ал эми 2008-жылы 8,8 миллиард метр/куб суу болгон. Азыркы учурда суунун агып келген агымы сарпталышынан бир кыйла жогору болууда.
Акыркы төрт-беш жыл бою суунун аздыгынан­ улам кышта жарыкты өчүрмөй адатка айланган эле. Эгерде суу ушундай темп менен чогула берсе, кышты жарык жана жылуу өткөрөрүбүз анык.


Жылдыз Жолдошева:
«АЛИШЕР САБИРОВ БИР БЕТКЕЙ МААЛЫМАТ ТАРКАТКАН»

“Курманжан датка” кайрымдуулук фондунун төрайымы Жылдыз Жолдошева: “Экс-депу­тат Алишер Сабиров Москвага барып, түштүк коогалаңы жөнүндө бир беткей маалымат берди. Ал өзбектерди жабырлануучу тарап кылып көрсөтүп, окуяга геноцид деген мүнөздөмө берген. Оштогу коогалаңга геноцид деп мүнөздөмө берүү такыр чындыкка коошпойт”,- деп коңгуроо кагууда. “Менде жалаң эле өзбектер эмес, кыргыздардын да жырткычтык менен өлтүрүлгөн сүрөттөрү, видеотасма, маалыматтар бар. Азыр бардык маалыматтарды чогултуп жүрөм”,- дейт ал.
Эгерде Роза Отунбаева Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы кан төгүүнү Москвага ар тараптуу айтып бере алган топту түзсө, Жылдыз Жолдошева да барууга даяр.
Аталган аймактардагы баш аламандык учурунда Ж.Жолдошеванын бир тууган жээни да өлтүрүлгөн.


ЖАҢЫ ПАРТИЯНЫН ТУШООСУ КЕСИЛДИ
“Канча мүчөңөр бар?” деп сурагандарга: “Биз көппүз, биз 5 миллион 300 миңбиз”,- дейт Ө.Бабанов.
Белгилүү ишкер, экс-депутат жана мурунку 1-вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов парламенттик шайлоого катышууга даярданып, санаалаштары менен “Республика” саясий партиясын түздү. Анын айтымында, “Республика” курч маселелерди талкуулоодон качпайт жана чындыкты ачык айтууну максат кылууда. Андан сырткары партиянын бүгүнкү күндө кризиске каршы жакшы иштелип чыккан программасы бар. Алардын оюнча, Кыргызстандын жарандары Ак үйдү тосмосуз көрүүгө тийиш. Программада жакынкы 20 жылдын ичинде тышкы карызды жоюу каралган. Түндүк-түштүк деп бөлүнүүнү жок кылуу саясаты жүргүзүлөт. «Республика» партиясы трайбализмге эмес, профессионалдуулукка таянган кадр саясаты үчүн күрөшөт.
“Азыр элибиз ким милдетти мойнуна алып, аны көтөрүп кетет деп күтүүдө. Четте туруп, кайдыгер мамиле кылуу бул – чыккынчылык жана кечиримсиз күнөө. Биздин бир орго кайра-кайра түшкөнүбүз жетишет. Ошондуктан биз баарыбыз бир туунун алдында биригишибиз зарыл”,- деп билдирди Ө.Бабанов.
Бул иш-чарага “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабановдун санаалаштары: мурдагы Өзгөчө кырдаалдар министри Бакыт Төрөбаев, КРнын Эл артисти, режиссёр Актан Арым Кубат, маркум Баяман Эркинбаевдин жубайы Чолпон Султанбекова, Чүй облусундагы Көк бөрү Федерациясынын президенти Канатбек Исаев, ишкер Исхак Пирматов жана Бишкектеги Мамлекеттик каттоо кызматынын адиси Алтынай Өмүрбекова катышты.
Эл арасында «парламенттик шайлоодо «Республика» партиясы алдыңкы орундардын бирин алат» деген кептер айтылууда. Эмне дейбиз, «Өлкө үчүн, Республика үчүн!» деп ураан чакырган жаш, таза чыгаандарга ийгилик каалай туралы.

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
maradona
2010-07-05 10:47:23
эмне демек элек ийгилик
0
Адам
2010-07-05 19:33:10
Бул кабарларды окуп жатып толкунданып кеттим! Кыргызстаныбыздын жарык жана кен келечеги болсун!!!
0
Талант
2010-07-07 16:39:52
Туура айтасың Жылдыз сөссүз Москвага барышың керек биз сени колдойбуз.Жабырланучулар бир гана өзбектер эмес өзүнүн жеринде жашап жаткан кыргыздар дагы экенин далилдеп беришиңе ишенебиз.Ийгилик сага Жылдыз кудай өзү колдосун
0
2010-07-11 07:13:12
ообa,бут мaaлымaттaр,роликтeр кыргыздaрды тeрс корсотуп жaтaт. Бул иштин тубуно жeтиш кeрeк. Аллaх озу сизгe жолдош болсун
0
№ 400, 2-8-июль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан