Үй-бүлөдө ата-эненин өзүнчө, балдардын өзүнчө алмашкыс орду бар. Учурда бир үй-бүлөнүн кожоюну балдарына атасын жоктотпош үчүн оор дарт менен күрөшүп келет. “Жолдошум ооруганы балдарыбыз дароо чоңоюп, токтоло түшүштү” деген Гүланда Асанбаева элден жардам суроодон башка чара таппай жатышканын айтат.
“КӨЗҮ КӨРБӨСӨ ДА, ДЕНИ САК БОЛСУН ДЕП ТИЛЕП КАЛДЫК”
– Оштун Өзгөн районунун Кызыл-Тоо айылында жашайбыз. Мен мектепти бүтүп, ОшМУнун филология факультетине тапшыргам. Окуумду аяктап жаткан жылы жолдошум Канболот ала качып кетип, экөөбүз түтүн булатып калдык. 2002-жылдан бери аталган айылда мугалим болуп эмгектенем, жолдошум болсо соода-сатык, дыйканчылык менен алектенчү. Эл катары тиричилигибизди кыбыратып жатканда Канболот ооруп калды.
Мындан 5 жыл мурун жолдошумдун көрүүсү начарлап баштаганынан ооруканага алып барсак, врачтар “бул генетикалык оору, жардам бере албайбыз” деп коюшту. Бирок биз моюн сунбай, коңшу Казакстан, Орусияга чейин барып текшерттик, баарынын жообу бирдей чыгып жатты. Акыры көзү көрбөсө да негизгиси дени сак болсун деп тилеп калдык. Такыр көрбөйт эмес, үрүл-бүрүл көрсө керек. Үйдүн ичинде кайсы буюм кайсы жакта турарын жатка билет, андыктан мүдүрүлбөй, урунбай, жыгылбай эле жүрөт. Көчөгө чыгарда коштоп барышыбыз керек болот.
“ЖОЛДОШУМ КАН КУСУП, ЖАНДАНДЫРУУ БӨЛҮМҮНӨ ТҮШТҮ...”
– Көзү көрбөй калганын кабыл алып, кадимки жашообуз улана баштаганда башка дарт тооруп калды. Былтыр ноябрь айы болчу, Канболот бат-баттан эле “ашказаным ооруп жатат, жеген тамагым аш болбой эле” деп тамакка табити тартпай баштады. Текшертип көрөлү деп райондук ооруканага барсак, гепатит деген диагноз коюшту. Дары-дармек жазып берип, "кайра 10 күндөн кийин келип текшерилгиле" дешкен. Белгиленген убакытта барсак, оорусу күчөп гепатит В түрүнө өтүп кетиптир. Ошентип ар 2 ай сайын барып текшерилип турдук, гепатиттин В дегенинен кийин D, N деген түрүнө өтүп жолдошумдун абалы оорлой берди. Мүнөздөп тамак-ашын, дарысын калтырбай ичсе деле жакшы боло албай койду.
Ушул жылдын июнь айында ооруканага барганыбызда врачтар "боордун циррозу" деп, дарыланып жатканына бир жума болгондо жолдошум кан кусуп, жандандыруу бөлүмүнө түшүп калды. Врачтар “боорун алмаштырбаса болбойт” дегенде бир топко ойлонуп-толгондук. Анткени ага көп каражат кетет экен (35 миң доллар). Буга чейинки дарылануусуна эле бир топ каражат кеткен, кайним дагы үйүн сатыкка койгон эле. Шашылыш маалда үйдү да арзан баага алышат тура.
“ЭЛДИН БААРЫ ЭЛЕ МЕНДЕЙ ТИРИЧИЛИКТЕ ЖАШАП ЖАТСА, КИМ ЖАРДАМ БЕРЕТ ДЕЙТ”
– Айлабыз кеткенде “Бишкекке баралы, кантсе да борбордун врачтары башка айласын табар” деп Бишкекке келгенибизде врачтардан “3-жолу кан кетсе токтотуу кыйын болуп калат, тез арада боорун алмаштыруу керек. Өзү 40тагы жапжаш жигит экен, айыгып кетүү мүмкүнчүлүгү жогору. Аракет кылгыла” деген жооп уктук. Операция Индияда жасалат экен.
Элден жардам сурайлы деген чечимге келиштин өзү оор болду. Канболот “элдин баары эле мендей тиричиликте жашап жатпайбы. Кантип башкага жардам беришет, өз жандарын араң багып жүргөндө? Кантип жардам сурайм” деп аябай кыжалат болду, каршы чыкты. Анан туугандар, тааныштар урушуп, кыйын күндө жардам сурагандын уяты жок экенин айтып көндүрүштү.
“БАЛДАРДЫ СӨЗСҮЗ ОКУТУШУҢ КЕРЕК ДЕП ТАБЫШТАП, ЗЭЭНИМДИ КЕЙИТЕТ”
– Ой күлүк. Анын үстүнө ооруп жатканда оюна ар нерсе келет окшойт. Канболот “Гүланда, сен күчтүү бол. Окубасаң алыска бара албайсың, андыктан балдарды канткен күндө да окутушуң керек” деп табыштап, зээнимди кейитет (каарманым ыйлап жатты).
Улуу балабызды да окусун, дүйнө таанымы кенен болсун деп Бишкектеги №5 лицейде окутуп жатканбыз. Балабыз жакшы окуп, лицейге өзү сынак тапшырып өтүп кеткен. Азыр 10-класста окуп жатат. Манас таануу боюнча сынакка катышып, алган дипломдорун көрсөтсө сыймыктандык эле. Атасы ооруп калганда "балабыз айылга эле келсин, жардам берсин" десем, жолдошум такыр болбой койду “окуусунан калтырба” деп.
“БАЛДАРЫБЫЗ АТАСЫ ООРУГАНЫ КАДИМКИДЕЙ ЧОҢОЁ ТҮШҮШТҮ”
– Ортобузда 4 балабыз бар. Улуу балабыз 15те, андан кийинки кызыбыз 13тө, 8 анан 2 жаштагы уулдарыбыз бар. Балдарыбыз атасы ооруганы кадимкидей токтолуп, чоңоё түшүштү. Алар деле баарын сезип, билип жатышат да. Улуу балам “апа, кантсем экен?” деп жүргөн. Лицейдеги мугалими менен кеңешсе, кайрымдуулук концерт өткөрүү жөнүндө айтыптыр. Балам “концерт болуп калса, билеттерди өзүм көчө кыдырып сатат элем” деп жүрөт. Үйдөгү балдарым атасынын кийим-кечесин жууп-тазалап, үтүктөп, бут кийимдерин майлап даярдап коюшат. Аларды ушундай кылгыла деген деле адам жок. Болгону ар бири оорубузду жеңилдеткиси келсе керек. Аларды карап туруп кантип кол куушуруп отуруп калабыз? Кантип жеңилип беребиз?
Балдарыма ата керек, атанын ордун башка эч ким баса албайт, анын тарбиясын башка эч ким бере албайт. Мен балдарды материалдык жактан багып кетишим мүмкүн, бирок моралдык жагын толтура албайм да. Көчөгө чыкканда да баланчанын баласы деп башын бийик көтөрүп жүрсө дейм, эртең эле чоңоюп куда-сөөк күтөбүз. Жалгызсыратпай, атасы жок дедиртпей жанымда жүрсө дейм.
Асыл Орозбекова
koom@super.kg