ЖАНЫҢДА ДАЙЫМА ЭМНЕ АЛЫП ЖҮРӨСҮҢ? АЛБЕТТЕ, СМАРТФОН!

– Жаныңда дайыма унутпай эмне алып жүрөсүң?

– Акча, ачкыч жана албетте, смартфон!

Айланаңыздагы ар бир адамга жогорудагыдай суроо менен кайрылыңыз, жообу дээрлик бирдей болот. Демек, алмашкыс жардамчыга айланган телефон тандоого олуттуу мамиле кылуу керек. Тандоодо кыйынчылык жаралбашы үчүн телефонду кайсы максатта колдоносуз чечип алыңыз: сүйлөшүү үчүн, интернет, оюн же фотоаппарат, видеокамера кызматы үчүн. Андан соң телефонго бюджеттен канча каражат бөлө аласыз эсептеп чыгыңыз. Кийинки кезек сизге керектүү смартфондун мүнөздөмөлөрүн билүүгө келип жетет.

КАМЕРА

Сапаттуу сүрөт үчүн мыкты камера керек. Андыктан төмөндөгү параметрлерге басым жасаңыз: майда-барат деталдарга чейин тартууга мүмкүн боло турган – 13-16 Мп матрица жана сапаттуу оптика экенине көңүл буруңуз.

Акыркы жылдары ар бир өндүрүүчү өзү чыгарган смартфонго болушунча көп камера орнотууга аракет кылып келет. Бул маалыматтан кабары жок адам көп камера тууралуу жарнамаларды көргөндө башы айланып калышы мүмкүн. Ананчы, смартфондо 4 камера орнотулса: 2 негизги жана 2 селфи үчүн. Бир караганда сонун эмеспи, каалагандай сүрөт тартасың. Бирок бир камералуу смартфонго деле сапаттуу сүрөттөрдү тартса болорун унутпаңыз.

АККУМУЛЯТОР

Аккумулятор тандоодо баары жөнөкөй. Эгер күнүмдүк иштерге колдонуу үчүн смартфон алам десеңиз, анда энергиянын запасы көпкө жете турарына кам көрүү зарыл. Оптималдуу вариант – батареянын сыйымдуулугу 3000 мА/ч жогору болушу керек. Бул сыйымдуулук смартфон Full HD дисплейи менен жабдылган учурда да, 2 күн бою ченеми менен колдонгонго жетет. HD экран менен иштеген аппарат 2 эсе көп кубат сарпташы мүмкүн. Ал эми сыйымдуулугу жогору – 5000 же
6000 мА/ч болгон аккумулятор телефондун жашоосун 1-2 күнгө узарта алганы менен, салмагы оор болуп, кубаттоо үчүн көп убакыт сарпталат. Бирок учурда айрым смартфондордо бат кубатталуучу кызмат орнотулган, 20 мүнөттө 50 пайызга чейин кубаттала алат.

Эгер кубаттоочу адаптердин зымы менен убара тарткыңыз келбесе, зымсыз кубатталуучу кызматы бар смартфон тандаганга аракет кылыңыз.

ПРОЦЕССОР

Смартфондордогу көпчүлүк процессорлордун өндүрүмдүүлүгү кадимки күнүмдүк колдонуу үчүн ылайыкталган. Ал эми геймерлер жана энтузиасттар флагмандык үлгүлөрдү тандашат. Флагмандык смартфондор – бул башка үлгүдөгү смартфондордон жабдуулары кыйла өнүккөнү менен өзгөчөлөнгөн ошондой эле рынокто жогору суроо-талапка ээ телефондор. Учурда iPhone’дон сырткары өндүрүмдүүлүгү жактан лидерликти Qualcomm Snapdragon базасындагы смартфондор ээлеп келишет.

ОПЕРАТИВДИК ЭС-ТУТУМ

1-2 ГБ көлөмдөгү эс-тутумдуу аппараттар көп сандагы тиркемелер менен иштеген учурда жайлап же такыр эле иштебей токтоп калуусу мүмкүн.

ЭС-ТУТУМ

Эгер сиз файлдарды онлайн көрүп, сактасаңыз, оор оюндарды көчүрбөсөңүз, ошондой эле жеке тиркемелерди коллекциялабасаңыз, анда сизге 16 ГБ эс-тутум жетет, керекпи дагы көп орун ашып калышы мүмкүн. Ал эми баарын телефонго сактайм десеңиз, анда эс-тутум картасы үчүн слот орнотулган смартфон алыңыз. Өндүрүүчүлөр эс-тутуму жогору үлгүдөгү телефондун бааларын өтө көкөлөтүп жиберишет. Эс-тутум картасынын ошондой эле көлөмдөгүсү арзаныраак турат жана аны каалаган убакта башкасына алмаштырып алса болот.

СИМ-КАРТА. БИРӨӨ ЖЕ ЭКӨӨ?

Учурда көп үлгүдөгү смартфондор дароо 2 СИМ-карта менен иштөө жөндөмдүүлүгүнө ээ. Бул албетте, ар кайсы себептер менен 2 СИМ-карта менен тең сүйлөшкөн адамдар үчүн ыңгайлуу табылга. Бирок маселе башка жагында, көп учурда экинчи СИМ-карта телефондогу эс-тутум картасы менен орун бөлүшүп калат. Кайсынысын колдоноруңузду тандоого туура келет.

ДИЗАЙН

Телефондун мүнөздөмөсүн окуп, тандап жатканда анын дизайнына көңүл бурууну унутпаңыз. Канчалык өнүккөн тиркемелерге ээ болбосун, ал смартфондун сырткы көрүнүшү жакпай жатса, ал сизге колдонууда ырахат алып келбейт. Андыктан сырткы сулуулугу менен ыңгайлуулугу табитиңизге төп келгенин тандаганга аракет кылыңыз.

Телефондордун мүнөздөмөлөрүн окуп, канча баага алса болорун салыштырып биле аласыз. Кошумча смартфонго буюртма берип, аны накталай төлөм менен же насыяга да ала аласыз. Накталай төлөм менен алгандарга Бишкек жана Кыргызстан ичинде жеткирип берүү каралган. Бул кызматтардан пайдаланам десеңиз, Beeshop.kg сайтына кириңиз.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
bek_tash
2018-12-13 13:55:24
Галакси s7 edge менен окуп жатам)
+1
№ 840, 7-13-декабрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан