ТАШТАНДЫ ТЫТЫП ЖАН БАГУУГА БОЛОБУ?

Жол жээгине коюлган таштанды челектердеги акыр-чикирлерди чукуган адамдардын көбөйүшү калаабызда кадимки көрүнүшкө айланып баратат. Мындан 15-20 жыл илгери Бишкек союз ичиндеги жашыл, таза шаарлардын бири болуп саналаар эле. Союз тараган соң жол жээктей агала болуп чачылып жаткан таштандылар башкалаабыздын баягы атагын жокко чыгарып, көркүн да бузуп салды. Ал эми шаардын сыртында чоң таштанды жайлар (свалка) өсүп чыккан.
Ошол нечен гектарларды ээлеп жаткан таштандылар быкбырдай кайнаган курт-кумурскаларды, ошол тегеректеги карга, кузгундарды эле эмес, далай пенделерди кошо багып келет. «Мына ошол акыр-чикирлерди аралап, үйбүлөсүн, өзүн багып жүргөн адамдар кандай акыбалда иштеп жатышат? Кечке таштанды чукулаган эмгеги канча акча тапканга жеткизет?» деген сыяктуу суроолорубузга жооп алганы жолго чыктык.

КАДИМКИ ЭЛЕ ШААРЫБЫЗДЫН ТУРГУНДАРЫ

Редакциядан чыккандан тартып, түз эле шаардын түндүк тарабынан айланып өткөн трассага түшүп, борбор шаарыбыздан чыккан акыр-чикир калдыктары төгүлүүчү жайга бардык. Маалыматка караганда, бул жай 25 гектар жерди ээлейт.
Кайсы бир таланттуу сүрөтчүнүн согушту чагылдырган картинасында дөбө болуп үйүлгөн баш сөөктөрдүн, үстүндө, карга-кузгундардын учуп жүрүшкөнү тартылган эмеспи. Дал ошол көрүнүш сыңары, бизди көк бетин бербей учкан карга-кузгундар тосуп алышты. Көзгө биринчи эле урунганы, көпчүлүк айтып жүргөндөй, таштандыларды жалаң эле бомждор эмес, негизинен, кадимки шаарыбыздын тургундары, тагыраак айтканда, Бишкектин айланасындагы жаңы конуштардын жашоочулары тинтип жүрүшүптүр. Баары акыр-чикир арасын чукулай, өз иштери менен алек.
Алгач фотоаппаратты көрүп, боюн жыйрыгандардын арасынан Бакыт аттуу киши кепке келди.
– Бул жерге келип иштей баштаганыма эки жылдай болду. Дайыма эле келе бербейм. Уулумдун кыркын бермекмин. Ошого отун чогултуп жү­рөм. Башкасынын кереги деле жок. Өзүмдүн үйүмдө мени баккан нан жапкан тандырым бар.
Сыягы, менин маектешим муну менен «такыр эле көчөдө калган жан эмесмин» дегиси келди көрү­нөт. Ыза кылып албайын деп, абайлай кепке тарттым.
– Күнүнө 200-300, кээде 500дөй адам келип, күнүмдүк тамагы үчүн тыйын таап кетишет. Ушул төгүлүп жаткан калдыктардын ичинде керектүү эмне болсо, ошонун баарын чогултушат.
– Керектүү эмнелер болушу мүмкүн?
Бакыт артында додо болуп үйүлүп турган желим идиштерди (баклажкаларды) карап:
– Желим идиштер, целлофандар, металлдар, пиво, арактардын бөтөлкөлөрү, мүшөктөр, айтор, баары.
– Отун чогултуп жүрүп, башка бир керектүү же баалуу буюм, тыйын-тыпыр таап алган учурларыңыз болгон жокпу?
– Чыгармаларда жазып калышат го, бир мүшөк же бир чемодан акча, болгондо да доллар таап алды дешип. Жок, мага андай бакыт туш боло элек.
Коркунучтуу нерселергечи? Мисалы, кишинин сөөгүнө дейли. Бизди туура түшүнү­ңүз, бул жерге сенсация издеп келген жокпуз, бирок, таштандыларды кылмыштын изин жашыруу үчүн көп пайдаланышаары белгилүү эмеспи.
– Тигине, тээтигил аңда он кишинин сөөгү жатат. Кааласаңар көргү­лө,- ишене бербей тиктеп калган бизди чоң тамашага салганына Бакыт маашырлана күлүп алды. – Калп эле чуу сала бергенде эмне, андай деле коркунучтуу жер эмес. Кишилерди өлтүрүп салып таштай бергидей, бул кайсы бир мафиянын таштандысы эмес да. Бирок, "кээде адамдын сөөгү табылып калат" деп айтып калышат. Мен өзүм жолуктурган эмесмин. Эгер көп нерсени билгиңер келсе, тээтигил жаңы "свалкага" баргыла. Ошол жакта киши көп, айтып беришет.
"Сөз бүттү" деген кыязда маектешим дөбө болуп үйүлгөн коробкалардын үстүнө кыңкая жатып алды. Отун гана чогултам дегени менен ал деле бул жердегилердин баары сыңары иштей тургандыгы даана эле билинип турду.

ЖАҢЫ ТАШТАНДЫДА

Чын эле Бакыт айткандай, бул жакта киши көп экен. Көпчүлүгү кадимки айрылардын башын ийип, ыңгайлуу эмгек куралын жасап алышып, тер агыза баш көтөрбөй иштеп жатышат. Бир даары кызыга бизди карап калышты. Маекти дал ушулардан баштадык.
– Менин атым Батма, бул жерде бир жылдан бери иштеймин. Өзүм "Кирпичныйда" жашайм. Күнү­гө келип, минтип желим бөтөлкө, целлофан, пивонун банкаларын чогултам,- аябагандай чоң мүшөккө желим бөтөлкө чогултуп жаткан 35-40тын ортосундагы аял бизге сүйлөп бере баштады.
– Күн сайын канча табасыз?
– Так айта албайм да, негизинен, иштегениңе жараша. Мисалы, бүгүн көп деле таппай калдым го. Жаңы эле келдим. Болгону ушунча эле чогулттум.
Ал ыраазы болбой буту менен көрсөт­көн мүшө­гүнө килейген беш киши батчудай. Анысы да жыкжыйма желим бө­төл­көлөргө толуп чыгыптыр.
– Мунуңуз канча чыгат?
– Килограммын 3 сом 50 тыйындан өткө­зөм. Ушул турушу менен элүү сомдой акча болот. Желим бөтөлкө­дөн бөлөктөрүн да алышат. Мисалы, пиволордун калай банкасынын килосу 8 сомдон, целлофандарды 2 сомдон, коробкаларды 5 сомдон, мүшөк­төрдү 2 сомдон.
– Бул жактан кантип алып кетесиңер, такси жалдаппы?
– Жо-ок, кокуй, бизде кайдагы такси? Өздөрү күнүгө түштөн кийин саат үчтөрдө келишет.
– Өздөрү дегениңер кимдер, комбинаттардын кызматкерлериби же бул аймактарды менчиктеп алышкандарбы?
– Анысын айта албайт экенбиз. Бирок, ээлеп алышкан. "Мен аренда төлө­гөм" деп өздөрүнүн аймагындагы мусорду башкаларга саттырышпайт.
– Ошентип, күнүнө канча табасыздар?
– Чынын айтайынбы? Жакшы иштесең күнүнө 1000 сомдон 3000 сомго чейин деле таап койсо болот. Орточо айтсам үйгө 400-500 сом алып кетем.
Сиз да иштейсизби?- эки колун чөнтөгүнө сала бизди тиктеп турган жигитке кайрылдым
– Жок. Бул жакта иним иштейт. Кечинде ичкен элем, бүгүн аябай баш ооруганынан акча сурап келгем.
Өзүн Мелис деп тааныштырган бул жигит Батма эжеге кошулуп «таштанды бизнесинин» эреже-шарттарын саймедиреп берүүгө жарады.

ТАШТАНДЫ – БЕРЕКЕЛҮҮ БИЗНЕСПИ?

Бул тармак менен тааныштыгы бар адамдардын айтымында, таштандылардан акча таап, кадимкидей бизнеске айлантууну алгач дунгандар башташкан. Кийинчерээк жүрөк айланткан мындай жерлерде чоң суммалар жаткандыгын башкалар байкай башташкан соң таштандыларды да талашмай башталып, учурда бул аймак "НВА-С" фирмасына бекитилген. Алар утилизациялап (кайра пайдалануу үчүн даярдоо) турууга милдеттенме алышкан. Дал ушул фирма таштандылардын арасынан чогултулган идиштерди, буюм-тайымдарды алып, ага жараша иштеп жаткандарга тыйынын чыгарып берип, кайра иштетүүчү ишканаларга өткөрөт.

БИШКЕКТЕН КҮНҮНӨ 200 МАШИНА ТАШТАНДЫ ЧЫГАТ

Таштандылардан бери чыгып, тынымсыз келип жаткан жүк машиналарды кабыл алып жаткан базага кирдик. Анткени, айрым суроолорубузга жооп бергиси келбеген "Мээнет сервис" ишканасынын кызматкерлери "полигондо" Таалай аттуу мастер бардыгын айтышкан эле.
Алгач бизди жактырбай кабагын салып, кайдан, кимдин уруксаты менен келгенибизди териштирип кирген Таалай көп узабай ийинин күйшөй, адамга анчалык жагымдуу болбогон кызматынын оор жактары жөнүндө айтып кирди: "Атайын санкция берилген бул таштандыга күнүнө 150 машина акыр-чикир төгүлөт. Шаардын 4 районунан келген машиналар таштанды төккөн бир рейси үчүн 10 сомдон 30 сомго чейин, ал эми менчик ишканалардын машиналары 200 сомдон жогору төлөшөт".
Ал эми "аты-жөнүмдү көрсөтпөйсү­ңөр" деп шарт койгон ушул ишкананын көзө­мөлчүсү жакынкы мезгилден тартып Молдовановкадагы колонияга Бишкектин Октябрь районунун таштандылары ташыла баштагандыгын, түрмө­дөгүлөр аны иргеп беришээрин билдирди. Анын айтымында, бул таштанды жайга күнүнө 150 машина жүк төгүлсө, колонияга 50 машина төгүлөт. Сыягы, түрмөдөгүлөр акчага эмес, бекер иргеп беришет өңдүү. Бир караган кишиге таңкалыштуу болбой койбойт. Таштанды жүктөлгөн ал машиналар зонага кирээрде текшерилээри же үстүртөн каралып кете берээри да белгисиз. Үймө­лө­нө жүктөлгөн калдыктардын арасындагы бир кичинекей мүшөк­тө баңгизат бардыр? А балким, дайынсыз кеткендердин денеси бардыр? Мындай сурообузга көзөмөлчү жооп бергиси келбеди.

ГОЛЛИВУД ОЙЛОП ТАППАС КӨРҮНҮШ

Жагымсыз жыты каңылжаарды жара чоң аянтты ээлеп жаткан таштандыдан да бул аймакка келген жаңы башка көрүнүш: ушул акыр-чикирге катар салынган үйлөр, эшик алдыларында эч нерседен бейкапар ойноп жүргөн жаш балдар кейиштүү ойго салат. Шарт боюнча таштанды төгүлгөн аймактын айланасында калк жайгашкан пункт болбошу керек. Таштанды менен айылдын ортосунда кеминде үч чакырым аралык болушу зарыл. Карап туруп зээниң кейийт. Азыр күн анчалык ысык эмес, ызылдаган чымын-чиркей чыга элек. Эртең жай- саратан башталганда шаардын таза жеринде жашап жаткан биз чымын-чиркейден кантип кутулаардын айласын таппай калабыз, а мобул баш-аягы тай чабым жерди таштанды ээлеп жаткан жерде жашап жаткан жаш балдардын акыбалы кандай болот? Жугуштуу илдеттер: жанагы эхинококк, гепатит, безгек, келте өңдүү түрү суук, аты жаман оорулар чыкпайт деп ким кепил болот? Ал аймакта жашаган адамдар ошол жерден чыкпай эле жашай беришсе бир жөн, алардын ар бири шаар аралайт, катышы, байланыштары бар. Анан жугуштуу оорулардын күнү туубайт деп ким айта алат?
Сураштыра келсек, бул жаңы конуштун азырынча аты-жөнү да жок, мурунку жылдардагы "захваттардан" улам өсүп чыккан айыл экен. Өз элинин камын көрүп, шарт түзүп бере албай жаткан мамлекетке көңүлүң кирдесе, бир жагынан өзүлөрүнүн, балдарынын келечегин ойлобой, ушундай шартта жашоону макул таап жаткан замандаштарга кыжырданбай да коё албайсың. Эртең өзү же балдары оор илдетти жуктуруп алса, дарыланууга эптеп тургузган ылай тамын саткандан тышкары да далай акча коротушаары айкын эмеспи.
Чынын айтайын, мындай көрүнүштү Голливуддун мен деген сценарист, режиссёрлору да ойлоп таппасы анык!

ОЙЛОНТО ТУРГАН МАСЕЛЕ

Мени менен макул болсоңуз керек, окурман. Минтип таштанды тытып, айланада болгон бардык инфекция, бактериялардын арасында иштеп, акча таап жанын баккан жарандарыбызга да, минтип быкбырдай кайнап жаткан курт-кумурска, ит-кушка кошуна жашап жаткан замандаштарыбызга да бөлөк ылайыктуу жумуш орундары болсо, мындайга барышпас эле. Биз сүрөттөгөн көрү­нүш болгону бир гана таштанды жайдыкы. Мындан тышкары, шаардын башка четинде, Сокулукту көздөй кеткен жерде санкциясы жок эле дагы бир таштанды төгүлгөн аймак "Манас" аэропортунан бери "Ганси" авиабазасынын таштандысы өсүп чыкпадыбы.
«Такыр айла калбаса, жок дегенде таштанды жайларын жабык аймакка айлантып, айлана-тегерегин курчап, кирип-чыгууну көзөмөлгө алдырып коюу мэриянын колунан кантип келбесин?!» деген ой кетет.

Айбек Нурадилов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 229, 17-29-март, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан