Темирлан Сманбеков, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “МЕН КЕТКЕНДЕН КИЙИН ТЕАТР ҮЧКӨ БӨЛҮНҮП АБИЙИРИ КЕТТИ”

Актёр, ырчы, жетекчи Темирлан Сманбеков учурда Нарын театрында иштеп, ошол жакта батирде жашап жаткан чагы. Агай бул кадамга чыгармачылыкты, театрды сүйгөндүктөн баргандыгын айтат.

– Баары балалыктан башталат эмеспи. Талант, шык ошол кезде эле байкалса керек?

– Туура айтасың, талантка деле түрткү болгон жагдай да болот экен. Токтогул районунун Билалды айыл өкмөтүнүн Булак айылында балалыгым өттү. Чоң атам, чоң энемдин колунда, жайлоодо өстүм. Ал кезде төөлөр көп болчу, боз үйлөрүбүздү жүктөп алып, мал айдап, кокту-колотту аралап кетчүбүз. Жаратылыш укмуш кооз, көзүң тойчу. Көч менен баратып, мал кайтарып жүрүп заңкылдап ырдачумун. Чоң атам Ысманбек санжырачы киши эле. Алдына өңөрүп алып укмуш окуяларды айтып берчү. Олуя чалыш киши эле. Атамдын иниси менден бир жаш улуу болчу, бирок экөөбүз чогуу окудук. Экөөбүздүн башыбызды кармап туруп «мунун башы жакшы иштегени менен айылда эле калат, ал эми Темишимдин башы жука, бул алыска кетет» дегени бар. Сегиз бир туугандын улуусумун. Атамдын кесиби агроном, башкарма болуп көп жыл иштеди. Апам үй кожойкеси болуп балдарды тарбиялоо менен алек болду. Экөө тең жаш кездеринде мыкты ырдашчу.

– Сиз дагы актёрлуктан мурун ырчы болом деген экенсиз, бирок баары бир театрдын тузу тартып кетсе керек?

– Атам “кесибимди улайсың” деп айыл чарба институтуна өткөрүп салды. Өткөнүм менен, ырчы болушум керек эле деп ойлой бердим. Биринчи курста окуумду таштап, Ош шаарындагы Ош пединститутунун музыкалык педагогика факультетине кетип калгам. 1976-жылдары “Издешпей табышкандар” деген комедияда башкы ролду аткардым. Ошондо Ош драма театрынын директору Искендер Рыскуловдун көзүнө илинип калыптырмын. Ал “сенин талантың мыкты экен. Москвадагы Луначарский атындагы университетке тандоо жүрүп жатат. Ага чейин театрда иште” деп калды. Окуп иштеп жүрүп Москвадагы Луначарский атындагы Мамлекеттик театр искусствосу институтуна өтүп кеттим. Ырчылык хобби катары калды, жан дилим менен театрды тандадым.

– Чыңгыз Айтматов сизди “Эң мыкты Бостонум” деп айткан экен. 27 жаштагы актёр үчүн эң жогорку баа болсо керек.

– Театрда “Кыямат” спектаклин коюп, Бостондун ролун мага беришти. Түрк тилдүү мамлекеттердин фестивалына катышып калдык. Чыкем келип отурган экен, аны мен билген эмесмин. Бостон карышкырды атам деп баласын атып алып боздоп жатып калган жери бар эмеспи. Көшөгө жабылып мен жаткан ордумдан турайын десем эле бирөө “Босоке” деп эле далымдан чапкылап калды. Өйдө карасам Чыкем туруптур. Ошондо “эң жаккан Бостонум” деп айтты. Кийин да бир көрсөтүүдө айтты. Бостон үчүн “эң мыкты эркектин ролу” деген наам алгам.

– Актёрлугуңуз жетекчилик кызматка кетип калганыңызда аксаган жокпу?

– Бири экинчисине жолтоо болгон жок. Жетекчиликте жүрүп жараткан чоң ийгилигим Шекспирдин “Антоний менен Клеопатра” спектаклинде Антонийдин, “Курманжан даткада” Мусулманкулдун ролун аткардым. Булар тарыхта кала турган ролдор. Таланттан тышкары жетекчилик да жөндөмүм бар. Театралдык окуу жайдын директору, кийин Кыргыз улуттук драма театрынын директору, анан Куурчак театрынын директору болдум. Учурда Нарын театрынын жетекчисимин.

– Саясий оюндан улам жетекчилик кызматтан кетиришти дедиңиз эле...

– Мен бийликтегилерге алардын кемчилигин айтып эле жакпай калдым. Башкаларга окшоп коркуп отурбай чындыкты айтып коймоюм бар. Театрга каражат таптакыр бөлүнгөн жок, өз демилгем менен чуркап жүрүп мыкты нерселерди жасап кеттим. Иштеп жүргөнүмдө эле “жетекчиликке башканы алып келет” деген сөздөрдү уккам. Темир Сариев премьер-министр болуп турган эле, техниканын баарын жаңылап берген. Унаа бөлдүрүп берген. Фойелери, пардалары, сырты, баары жаңыланган. Анын баарын аброюм, эмгегим менен жасаткам. Мен ал кишиге азыр да рахматымды айтам. Театрды билген адам үчүн жаңыланган техника уул көргөндөй эле кеп да. Ошентип Темир Сариевди мактап койдум эле, бирөөлөргө жакпай калды. Эптеп мени кетиришти. Жамаат мени жакшы көрүшчү, түгөлү барып ошол кездеги маданият министри Түгөлбай Казаковго жолугушту. “Жакшынакай иштеп жатса эмне кетиресиң?” деп аксакалдар суранышты эле, ал “Өзүм кетсем да, Темирланды алып калам, иштей бергиле” деп кетирип коюп, эртеси буйрук чыгарып койду. Мына, мен кеткенден кийин жыргабай эле азыр театр үчкө бөлүнүп отурат.

– Актёр Марат Алышпаев сизди Кыргыз улуттук драма театрынын жетекчиси болуп турганда көп акча жеген деп жарыя кылган. Чырдын арты кандай болду?

– Ал киши арызын жазып жетекчиликтен кеткенден кийин мен жетекчи болуп бардым да. Ал оюнда мен кетиргендей ойлоп калган окшойт. Ошондо ичи күйүп калса керек, аркамдан далай нерселерди айтты. Ал кишиге мен жооп берген жокмун. Жолуккан жерден кичүү катары саламымдан жазбайм. Ал кээде учурашат, кээде көрмөксөн болот. Аксакал киши мени жамандап жазам деп отуруп өзү уят болуп калды. Эми иште мындай нерселер боло берет, мен үчүн трагедия эмес.

– Сиздин оюңузча, борбордон Нарынга кеткениңиз туура эле чечим болдубу?

– Баары эле “кантип борбордон Нарынга келдиң, сага эмне керек?” деп таң калышты. Мен ким экенимди көрсөтөм деп келдим. Чынын айтыш керек, театр колдон колго өтүп жатып отуруп калган экен. Колдон келишинче көтөрдүм. Азыр театр жаркырап калды, спектаклдер коюлуп жатат. Эс алганга убакыт жок күжүлдөп иштеп жатышат. Үй-бүлөм борбордо калды. Батирде жашайм. Жалил Мидинов деген режиссёр экөөбүз эки бөлмөлүү батир алганбыз, акчасын бөлүп төлөйбүз. Эртеден кечке жумуштабыз, кечинде барып эле эс алмай. Бир айда бир үй-бүлөбүзгө барып турабыз. Үйгө жетпей калганда кирибизди өзүбүз жууп алабыз. Бизди алаксыткан эле иш, көп нерсеге көңүл деле бурбай калабыз. Театр дегенде үй-бүлөмдү да, өзүмдү да унутам. Башымды байлап коюп иштейм.

– Таланттуу адамдарда муза издеп кеткен учурлар болот эмеспи, сизде да болду беле?

– Жок, болгон эмес. Мен аны ойлобойм деле.

– Үй-бүлөңүз тууралуу айтып кетсеңиз.

– Жеке жашоо тууралуу көп жарыя кылгым келбейт. Жубайымдын аты Майрамгүл. Кесиби башка тармактан. Мени колдоп келе жатат, ага ыраазымын. Үч уулум бар. Ар бири өз алдынча кесип тандап кетишти, чыгармачылыкта эч кимиси жок. Неберелерим бар.

– Ишиңиз илгери болсун, ийгилик!

"Тасмаларда да, театрда да күчтүү мүнөздөгү ролдорду аткарганды жактырам".
"Жубайым жумушумду жакшы түшүнөт".

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
barakcha
2018-12-11 15:53:41
Жубайы канча жашта?
0
mela
2018-12-11 18:24:37
Бир жакшынакай аялы бар экен го...фейсбукта ХХХХ отура беришет го
0
admin_portal
2018-12-11 19:03:16
mela, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө, далилсиз маалыматтарды жазууга тыюу салынган. Эскертүү!
+1
Aima94
2018-12-11 22:09:30
Аялы сулуу экен.
+1
sportsmen.boy
2018-12-12 02:26:34
Агайым бар болунуз
+1
nurkiyal
2018-12-14 23:18:07
Саламатсызбы админ, актёр Абдыкалык Акматовтон да интервью алып бергилечи?
0
mery.89
2018-12-14 23:47:43
Аялы жап жашго...
+1
№ 840, 7-13-декабрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан