Кытайда азчылыкты түзгөн улуттарга карата кысым болуп жатканы көптөн бери айтылып келет. Айрыкча уйгурлар арасынан “террорчу-экстремист” катары кармалгандар көп. Эми буга чейин кысым болгону байкалбаган кыргыз, казак улутунун өкүлдөрүнө да кысым күчөгөнү айтыла баштады. Кытай бийлиги өзү “кайра тарбия берүүчү” деп атаган лагерлерде 50 миңдей кыргыздар камалып жатканы айтылууда. Жакындары менен байланыша албай жаткан кытайлык кыргыздар Кыргыз бийлигине кайрылып, бул маселени дипломатиялык жол менен чечип берүүнү суранып жатышат.
КЫТАЙДА ЭМНЕ БОЛУП ЖАТАТ?
2016-жылдан бери Кытайда кайра тарбия берүүчү лагерлер пайда болгон. БУУнун эксперттеринин маалыматына ылайык, мындай лагерлерде 1 миллиондой адам камалып жатат. Кытай бийлиги бул лагерлерди кесиптик окуу борбору деп атап, ал жакта адамдар кытай тилин жана ар кайсы кесиптерди үйрөнүп жатышканын айтышат. Бирок лагерден чыккан адамдардын айтымында, ал жак кадимки эле түрмө.
2018-жылы август айында БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгынын жыйынында Кытай өлкөсү атайын түзүлгөн саясий лагерлерде мусулман улутундагы этникалык азчылыктарды камап жатканы тууралуу маселе көтөрүлгөн. Анда БУУнун өкүлү Гэй Макдугалл
1 миллиондой этникалык уйгурлар атайын лагерлерде кармалып жатканын айткан. Кытай тарап Шинжан районунда диний экстремизмге каршы күрөш жүргүзүп жатабыз деген шылтоо менен азчылык улуттун өкүлдөрүн лагерлерге камап жаткандыгы айтылган. Бул жыйынга катышкан 50гө жакын Кытай делегациясынын өкүлдөрү бул маалымат тууралуу үн каткан эмес.
“КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛГЕН КЫТАЙЛЫК КЫРГЫЗДАРДЫН ТУУГАНДАРЫ КАМАЛУУДА”
Кытайлык кыргыз Жусуп Малик уулу учурда атасы, агасы жана жеңеси абакта жатканын айтат. Ал бир жарым жылдан бери жакындарынын бошотулушун күтүп, айласы кеткенде бул маселени коомчулукка айтууну туура көргөн:
– Мен 2013-жылы билим алуу максатында Кыргызстанга келгем. 2016-жылы Кыргыз өлкөсүнүн жарандыгын алгам. Алгачкы жылдары үй-бүлөм менен байланышым жакшы болчу, телефон аркылуу тез-тез сүйлөшүп турчумун. 2017-жылы июль айынан баштап байланыш үзүлдү. Көрсө, алгач июль айында 30 жаштагы агам Амантурду кармап кетишиптир. Ал эми ошол эле жылдын сентябрь айында 72 жаштагы атам Маликти жана жеңемди дагы лагерге алып кетишиптир. Бул маалыматтарды мага Кытайда жашаган туугандарым кабарлашты. Алар “лагерге алып кетти, эмне себептен алып кеткенин, качан чыгарын билбейбиз. Байланыша албай жатабыз” дешкен.
Менин эле туугандарым эмес, Кытайдан Кыргызстанга келген бүт кыргыздардын туугандары камалып жатат.
Кытайдан келген студенттердин саны да азайды. 2017-жылы январь айында кытайлык студенттер өз жерине кетишкен боюнча кайра келишкен эмес, бул жакта окуулары бүтпөй калды.
23-ноябрда Германия, Франциядан келген журналисттер менен Алматыда жолуктук, алар да ушул маселени иликтеп жатышат. Биз дагы өзүбүздүн арыз-муңубузду айтып келдик. Мындан тышкары Кытайдын лагеринен чыгарылган казактар менен жолуктук. Казакстанда лагерден чыгып келгендер көп экен. Буюрса, биздин мамлекет дагы дипломатиялык жол менен бул маселени чечет деп үмүт кылабыз. 3-ноябрда акыйкатчыга барып, арыз жаздык. Ушул арыздарыбыздын негизинде бул маселе каралып баштаарына үмүт чоң.
3-декабрда акыйкатчы Токон Мамытов жакындарын издеген кытайлык кыргыздарды кабыл алды. Алар Кытайдагы туугандарынан кабар алып, эмнеге саясий лагерлерде кармалып жатканын билип берүүнү өтүнүштү.
“АТАСЫН ЛАГЕРДЕН БОШОТОМ ДЕП КЕТКЕН БОЮНЧА ЖОК”
Абылет аттуу Кыргыз жараны Кытайга кеткен боюнча дайыны жок экендигин анын досу Муслимидин Салимов айтып берди:
– 2015-жылы Кытайдан Кыргызстанга 1983-жылы туулган Абылет Турдакун деген кытайлык кыргыз жигит келген. Тарыхый мекенинде иштеп жүрүп, бул жакта калууну чечкен. Ал Кыргызстанга келгенде экөөбүз таанышып, жакын достордон болуп калганбыз. Абылет 2016-жылы октябрь айында Кыргыз өлкөсүнүн жарандыгын алган. Ошондон кийин анын Кытайдагы туугандарына Кытай бийлиги тараптан сурактар, кысымдар боло баштайт. Акыры атасын лагерге алып кетип, ага "балаң келсе биз ага бир нече суроо беребиз, анан коё беребиз" деген шарт коюптур. Атасы жашы улгайган адам болгондуктан лагерде жүрүп ооруп калат. Ошол кезде Абылет бул жакта болчу. Ал "үй-бүлөм менин айымдан зыян тартып жатат" деп кайра Кытайга кеткен. 2017-жылы май айларында Кытайга кирери менен аны кармап кетишиптир. Ошо бойдон Абылет менен байланышым үзүлдү. Бирок ал кетер алдында мага Кытайдагы Кыргыз элчилигинин жана ал жактагы туугандарынын телефон номерлерин таштап кеткен, мени жоктоп кой деп. Тилекке каршы, элчилик менен байланыша албадым. Туугандарына байланышсам "ал жөнүндө кабар жок" деп кыска гана жооп беришти. Себеби алар көп нерсени ачык айтуудан коркушууда.
2-3 айдан кийин ТИМге арыз жазып, бирок жооп ала албадым. Кийин Кыргыз өлкөсүндөгү Кытай элчилигине кат жаздым. Алар "Абылет Турдакун Кыргыз жарандыгын алып жатканда Кытай жараныгынан чыкпаптыр, ошол үчүн кармалды" деп жооп беришкен. Жарандык алып жатканда мыйзам бузуу болсо эмнеге Кыргыз тарап ага паспорт берди деген суроо жообу жок калды.
“КЫТАЙ ЫРЛАРЫН ЫРДООГО МАЖБУРЛАП ЖАТЫШАТ”
2015-жылы мекенине келип Кыргыз жарандыгын алган Бейшекан Каса кызынын бир туугандары, кайын журту Кытайдагы лагерлерде тарбияланып жатканын билдирет:
– Менин атам катардагы малчы болчу. Мечитке барып намаз окучу. Аны 3 күнгө лагерге алып кетип, ошол бойдон келбептир. Атамдын 15 жылга камалып кеткенин бир ай мурун алыс туугандардан уктум. Жакын туугандарым менен көптөн бери сүйлөшө элекмин. Акыркы жолу сүйлөшкөндө апам "милиция кызматкерлери келип Кыргызстандагы кызың менен сүйлөшпө деп айтты, бизге чалбай эле кой жакшы жүрсөң болду" деген.
Кыргыздар жашаган айылдарда 8 жаштан 80 жашка чейинкилердин баары кытай ырларын ырдоого мажбур болуп жатышат. Мындан тышкары "этникалык кыргыздардын, казактардын кыздарын кыйнап кытай жигиттерине баш коштурууда" деген маалыматтарды уктум. Ар бир үйгө бирден кытайды киргизип койгон. Алар "диниңди, тилиңди жоёсуң" деп айтышат экен. Кытай өкмөтүн жамандайлы деген оюбуз жок. Болгону камоо саясатына каршыбыз. Мен өзүмдүн туулган жериме барып, ата-энем менен жолуккум келет.
“ТАКТАЛА ЭЛЕК МААЛЫМАТТАРГА КАРАГАНДА, 50 МИҢДЕЙ КЫРГЫЗ КАМАКТА ЖАТАТ”
Өткөн аптада Кытайдагы кыргыздарды колдоо комитети түзүлгөн. Ал комитеттин өкүлү Марат Тагаев кытайлык кыргыздарга жардам берүү биздин милдет дейт:
– Кытайлык кыргыздар камалып жатканы тууралуу маалымат өткөн жылдан баштап түшө баштаган. Быйыл жаздан бери бул массалык түргө айланды. Ал эми ушул жылдын августунда белгилүү кытайлык кыргыз профессор, манас таануучу Мамбеттурду Мамбетакун камалганы билинди. Ал гана эмес Жогорку Кеңештин депутаты Адыл Жунустун иниси, илимпоз Аскар Жунуска окшогон интеллигенция өкүлдөрү да камалууда.
Тактала элек маалыматтарга караганда, учурда Кытайда 50 миңдей кыргыз камакта жатат. Камоонун негизги себеби диний экстремизм деп жатышат. Бирок баарыбыз эле кытайлык кыргыздар динден алыс экендигин билебиз. Мамбеттурду Мамбетакун, Аскар Жунус сыяктуу илимпоздорду экстремист дегенге ишенбейбиз.
Биздин комитеттин башкы максаты – кыргыз элине маалымат жеткирүү. Европа, Америка жана эл аралык уюмдарда бул маселе көтөрүлүп, отчёттор жарыяланууда. Бирок бизге жакшы маалымат жете элек.
Саясий бийлик тараптан дипломатиялык каналдарды колдонуу менен 200 миңден ашуун кытайлык кыргыз боордошторубуздун абалын жакшырта алабыз деп ойлойбуз. Албетте, бул маселе өтө аярлуу. Эки мамлекеттин алакасына кедергисин тийгизбеши керек. Биз кыргыз эли кытайлык кыргыз боордоштордун абалын суроого милдеттүүбүз.
Буга чейин казак бийлиги 2018-жылдын февраль айында Кытайга дипломатиялык нота жөнөткөн, натыйжада ондогон этникалык казактар лагерден чыгарылган. Кыргыз бийлиги бул маселе боюнча пикирин билдирип, иш-аракетке келе элек.
Кубан Жумамидинов
koom@super.kg