АКЫЛБЕК АБДЫКАЛЫКОВ МЕНЕН МАДИНА ТАЛИПБЕК МЫКТЫ АТАЛЫШТЫ

Акыркы убакта кыргыз тасмалары эл аралык кинофестивалдарда байгелүү кайтып жатканы кубандырат. 27-30-ноябрь күндөрү Ташкентте “Пролог” аталышындагы кинофестивалда “Эркектин мыкты ролу” наамына Акылбек Абдыкалыков (“Түнкү кырсык”, режиссёр Темир Бирназаров), “Айымдын мыкты ролу” наамына жаш актриса Мадина Талипбек (“Делбирим”, режиссёр Сарвар Каримов) татыды. Фестивалдын шарты боюнча, актёрлорго талапкерлиги коюлганы айтылбагандыктан, алар үчүн да күтүлбөгөн жагымдуу кабар болду.

“Мыкты актриса” аталган Мадина сыйлыгы тууралуу төмөнкүлөргө токтолду: “Мен бул сыйлыкка көрсөтүлгөнүмдү билген эмесмин. Кинофестивалда биздин өкүлдөр болгондуктан бизге айтышпаса керек. Тасма Кыргыз жеринде сатыкка чыкпай жатып мага алгачкы чоң сыйлыкты алып келди”,- дейт кубана.

Маалымат катары айта кетсек, Ташкентте өткөрүлгөн “Пролог” кинофестивалы былтыр расмий түрдө ачылып, быйыл эл аралык статуска өттү. “Түнкү кырсык” тасмасындагы Тенти абышканын ролу үчүн Акылбек Абдыкалыков 4-ирет эл аралык сыйлыкка ээ болууда.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Aikan1966
2018-12-11 13:51:58
Азаматтар
+2
Lisalisa
2018-12-11 23:30:29
Татынакайго Мадина кыз.
+1
№ 840, 7-13-декабрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан