ххх
Сага телефон чалганым эсимде. Бир да кыздын алдында калтаарыган эмесмин. Бирок эмнегедир сага байланышканы жатып кадимкидей толкундангам. Кашайып телефонду тиги ырбыйган актёруң көтөрдү.
– Сен кимсиң?
– А сен кимсиң?
– Телефонду Жозефинага бер!
– Ал телефонду албайт. Мындан кийин ага чалбай жүр.
– Эй, сен кимсиң ага?! Жигитисиңби?
– Мен сага чалбай жүр дедимби?!
– Кимсиң сен буйрук бергидей?- тиги жашыл бойдогуңа кошулуп мен деле жинди болуп жаттым.
– Сен кимсиң?
– Көп чаңкылдай бербе. Ким экенимди көрсөтсөм, тирүү каларың күмөн.
– Колуңдан эмне келет, эй?! Эркексиңби?!
Куураган байкуш, ачуусу келгенде өзүнө-өзү ээ боло албай айда сүйлөдү, сөктү. Акыры экөөбүз жолукмай болдук. Аның өзүн сенин алдыңда гангстер көргөзгүсү келген окшойт. Бир топ досторун ээрчитип алып “Дордой” тарапта күтүп туруптур. Укмуш даярданышкан экен. Колдорунда таяк, кастет... Төртөө же бешөө болуш керек. Баары ошо сенин актёруңдун группалаштары экен. Үйлөсөң жыгылчудай немелер, жапжаш. Күлкүм келип машинадан түшүп бардым. Тигил актёруң жарылайын деп эле араң туруптур.
– Сенби Жозиге ашык болуп жаткан?- түшүп-түшө электе кыйкырды. Өзүнө чоң келген спорттук кийиминен сыртка чыгып кетчүдөй жулкунат.
– Эй, эмне болду?- күлүп жибердим.
– Кандай эмне болду? Алды-артыңды карап иш кылбайсыңбы. Сендей эмне...- сөзүн аяктаганга жетишкен жок, чала-бучук эле чапкандай болгом, сулап түшүп калса болобу?! Жанындагылары делдейип туруп калышты. Кол салганга даай алышмак эмес. Эч нерсени көрө элек балдар болчу. Сенин актёруңду эптеп эсине келтирип, достору менен кошуп кайра шаарды көздөй салып келе жаттым.
– Студентсиңерби?- досторунан сурадым.
– Ооба,- коркуп жооп беришти.
– Эмне, тиги Жозефинанын жигитиби?- дагы эле башы айланкөчөк болуп турган актёруң жооп бере алчудай эмес.
– Билбейбиз, байке. Негизи сүйлөшүп жүрүшөт окшойт. Бул жакшы көрөт.
Өзүң сүйгөн адам үчүн болгон күрөштө жеңилип калуу кандай азап экенин мен ал кезде билген эмесмин. Группалаштарын түшүрүп коюп, жаш актёруң экөөбүз машинада сүйлөшүп отурдук. Мен, чынын айтсам, күлкүмдү араң тыйып отурдум. Анын кебетеси мышык ыйлагыдай болчу.
– Э дос, негизи минткен болбойт. Кантсе да сенден улуу экенмин. Түшүнсөң эми. Өткөндө эмнеге менин машинама түшүп кеткенде ызылдаган жоксуң? Ал же сүйлөшкөн кызың болбосо? Жөндөн-жөн сөгө берген болбойт да адамды.
– Байке, мен... Мен аны сүйөм, түшүнсөңүз. Сизде акча, байлык бар экен. Сиз каалаган кызды чаап алсаңыз болот да. Жозиге тийишпей эле койбойсузбу,- ыйлайын деп эле турат.
– Эми, иничек, ортоңордо эч кандай деле мамиле жок экен. Ал билинип калды. Аялың болсо же жок дегенде сүйлөшкөн кызың болсо бир жөн дейт элем... Жөн эле коруй берген болбойт да.
– Байке, ал сиз ойлогондой деле кыз эмес. Ортобузда толтура нерсе болгон. Биз бир төшөктө жатып жүргөнбүз. Керек болсо ал биздин режиссёр менен дагы, театрдын жетекчиси менен дагы ойнош болуп жүрөт. Бирок мен эч нерсесине карабай жакшы көрүп жүргөм.
– Эй, иничек, кой антпе! Азыр эле сүйөм деп, анан кайра...
– Байке, мен ачыгын эле айтып жатам да. Мен өзүнө да айткам. Баарын кечирем, үйлөнөлү деп айткам. Азыр атайын айтып жаткандай көрүнсөм керек. Бирок бул чындык. Мен билип эле турам. Сиз аны бир-эки пайдаланасыз да, анан таштап саласыз. Ал болсо жеңил ойлуу...
– Жеңил ойлуунун эмне кереги бар сага анда?
– Байке, мен сүйөм да.
– Ха, иничек. Канчадасың?
– 20да.
– Жапжашыл турбайсыңбы. Кой минтпе! Эркек кичине намыстуураак, өзөгү бекем болгон жакшы. Үлп эткен желге эле солкулдай бересиңби? Жигит бол, макулбу?- ушинтип акыл үйрөткөм. Бирок эми кана өзүмдөгү бекем өзөк? Мен деле шөлбүрөп калдым го ошол жаш актёрдой... Шайым кетип калды го. Жашоо бумеранг...
ххх
– Телефонуңузду алып кетиңиз,- чалып ушинтип айтканың эсимде. Барсам өзүң чыктың. Жеңил, жарашыктуу көйнөк кийип алыпсың. Билмексен болуп чакырганың менен, жасанган экенсиң.
– Жигитим бар деп айтып койсоң...
– Ал жигитим эмес.
– Жигитиң жок болсо, анда бир жерге барып отурбайлыбы?- кулагымда ошол учурда “ал аябай жеңил ойлуу, режиссёрдун, театр жетекчисинин көңүлдөшү болуп алган” деген сөздөр жаңырып турду. Бир четинен кыска ак көйнөк укмуш жарашып турган. Буттарыңчы... Балыңдан бир татып көрбөсөм болбос дегем. Байланып каларымды кайдан билдим?
ххх
Маңдайыңда сени көзүм менен чечинтип отурам. Кыялдарым алып учуп, мээмде сен катышкан укмуштуудай окуялар болуп жатат. Сыр билгизбей гана коньяктан ууртап коём. Арбап алдың. Сүйлөгөнүң, ар бир кыймылың, күлкүң... Ал кезде мен таттууну сүйгөн жан болсом, сен айнек витринанын артындагы бисквит торту элең. Сени эч кимге көрсөтпөй жемекмин... Майдалап, бырчалап, эзгилеп...
– Анча карабаңыз.
– Жок, мен бир аз мас боло түштүм окшойт. Көзүм ушинтип токтоп кала берет.
Кылгыра тиктеп гана жылмайып койдуң. “Койчу, ойлоруңдун баарын окуп койдум. Жашырба” дегендей шылдың менен тиктедиң.
– Сиз мас бойдон рулга отурбайсызбы?
– Жок. Соо айдоочу чакырабыз.
ххх
Машинамдын арткы эшигин ачып сени отургузуп жатып буттарыңды дагы бир карап алдым. Чиркин, сулуулугун айт. Соо айдоочу чакыртып, ал рулга отурду. Экөөбүз арткы орундукта келе жатабыз.
– Ой, көздөрүңүз үлдүрөп калыптыр,- мага жакындап көздөрүмө тиктедиң. Жапжаш элең, сулуу элең. Өзүмдү кармай алмак эмесмин. Эриниңе чап жабыштым. Айдоочу сенин үйүңдүн тушуна унааны токтоткончо өзүбүздү зорго эле кармап бардык. Ал акчасын алып машинадан түшкөндө эле... Мен сага бир түндө түбөлүк байлангам. Бир жумадан кийин эч кимге айтпай дебей Таиландга учуп кеттик. Бейиш күндөр болгон. Сен жана мен. Калганы баары чоочун болчу. Чоочун тил, чоочун адамдар, чоочун шаар... Экөөбүз бактылуу элек.
10 күн ысык өлкөдө жүрүп, эми Бишкекке конгонубузда эле телефонуңа СМСтер келе баштады. Анын бирин окудуң да, нес болуп туруп калдың. Анан кимдир бирөөнүн номерин тере калып эле кыйкыра баштадың: “Эрлан! Эрлан кайда?” Баягы сага ашык жаш актёр Эрлан... Уксус ичип алыптыр. Сенин сүйлөшүп жатканыңдан ошону түшүндүм. Анан... Анан сенин көздөрүңдөн чындап эле ошол Эрланга карата чоң сезим бар экенин көрүп калдым. Ыйлап жаттың. А мен көкүрөгүм өрттөнүп кызганып кеттим. Сени эч кимге бергим келбей калган тура.
Балким, бул туура эместир, бирок, менимче, сенин жашооңдогу эң чоң сүйүүң дал ошол Эрлан болгон. Сен аны башкача көздөр менен карачусуң... Аяп карачусуң. Билем, башка кыз болгондо жүрөгүнө багынып бермек. Сүйдүм, сүйгөнүң менен алачыкта да бейиштегидей жашаса болот деп башы айланып калмак. Бирок сен эмес... Сен... Сен ар бир кадамыңды санаган адамсың. Эрланың менен ашып кетсе Бишкектен бир бөлмөлүү батирге эптеп жетип, эшек өлбө, араба сынба болуп жашап өтмөксүң. Жо-ок, ханышага андай турмуш жарабайт. Ханышага хан сарай керек!
ххх
Ооруканада кызыл өңгөчүнүн баары куйкаланып эсине келбей жаткан Эрланыңдын колун кармап ыйлап отурдуң.
– Кеттикпи?
– Жок! Кете бериңиз...
– Жүр эми. Бул азыр ойгонбойт тура. Отура бергенде эмне?- кызганып жаттым. Сени ошол өзүнө келе албай жаткан алсыз актёрго тарттырып жиберчүдөй кете албай айланчыктагам.
ххх
– Турасың, ээ, жаным? Эрлан? Турасың. Сен чоң жылдыз болосуң. Сен деген таланттуусуң. Канчалаган ролдорду ойношуң керек. “Оскар” алышың керек... Эрлан!- анын колун сылап өпкүлөп жаттың. А мен кызганычтан өрттөнүп жаныңдан кетпей турам. Көрүнбөгөн жиптер менен байлап алыптырсың. Мына бул таалайсыз ойгонсо эмне болот? Жози, менден кетип калабы? Мен эмне болом анда? Жок, Жози, сен меникисиң! Мейли, тигиниң “Оскарын” ала берсин, бийиктиктерине чыга берсин. Бирок сенсиз! Сен менин жанымда болосуң! Коё бер анын колун. Өпкүлөбө! Эй! Ичимден ысып-күйүп бышып жаттым...
(Уландысы кийинки санда)