«АТА, СЕНИ ЖЕК КӨРӨМ!»
“Энелүү жетим эрке жетим, аталуу жетим арсыз жетим” дейт кыргызда. Апам каза болгон күндөн тартып ушул макал улам кулагыма угулчу болду. Анткени апам тирүү болгондо жокчулукка карабай мен да эрке-талтаң болуп чоңоймокмун. А мен 8-классымда апамдан айрылгам. Атам... А атам бешөөбүздүн көздөрүбүздү жалдыраткан бойдон таштап, өзү апам өлгөндөн жыл айланбай башка аялдын этегин кармап кетти. Учурда мен 3 баланын апасымын. Бул таттуу көз караштарды кантип башка нерсеге алмаштырып кетүү мүмкүн? Такыр түшүнбөйм.
Апам каза болгондон кийин бешөөбүз беш жакка чачырадык. Бир туугандарымды алыскы туугандар алып кетип багышты. Мен апамдын курбу кызынын үйүндө чоңойдум. Материалдык жактан жетиштүү жашоо кечиргеним менен, жүрөгүмдү өйүгөн суроолор көп эле. Алар айласыздан көзүмдөн жаш чыгарышчу. Атамдын кылыгы үчүн тегерегимдеги адамдардан уялчумун. 18 жашымда турмушка чыктым. Мага Кудай баласаак күйөө берди. “Ал атама эч жери менен окшош болбосун” деген пунктту баса белгилеп тиленчү окшойм, экөө эки башка планетада жашагандай ар башка.
Мен азыр да атамды дайым ойлоном. Адам жакшы көргөн адамына караганда жаман көргөнүн көбүрөөк ойлонот экен, жек көрүүгө себеп болгон жагдайлардын жообун издей берет экен. Мен да атамдын кылыктарынын жообун издеп таппай келем. Ал кишинин "сүрөтүн" бир мисал менен тартып берейин.
Кыш... Өзүбүздүн үйүбүз жок болгондуктан айылдагы бирөөнүн эски времянкасында жашачубуз. Үйдүн ичиндеги шарттар тууралуу айтпай эле коёюнчу. Кыскасы, апам эч нерсени элге билдирбей жашачу. Кандай абалга туш болсок да, апам дайыма эл менен күлүп-жайнап сүйлөшөт эле. Ошол кыштын күнү да дайымкыдай үй суук болчу. Үшүп жатканбыз. Апам төрөтүнө жакын калганы үчүн иштебей үйдө отуруп калды. Ошол себептүү бул күнү да ачка калдык. Анткени атам иштечү эмес. Ал күндөгүдөй эле күндүз уйкусун кандырып алып, кечке маал достору менен жолукканга кетип калган.
Бир маалда катуу шамал болуп, үйдүн чатырындагы бир шифер учуп кетип, үйгө кар аралаш жамгырдын суусу ага баштады. Ичин чендейтип алып апам тамдын башына чыгып, ал тешикти бир нерселер менен жаап бүтөдү. Өзү шүмүрөйүп суу болуп, титиреп үйгө кирип, от жакты. Кайра эшикке чыгып, биздин курсагыбызды тойгузайын деп кошунадан нан сурап келди. Курсагыбызга бир нерсе киргенине ыраазы болуп уктап калганыбызда атам адатынча мас болуп келип, эшикти күчүнүн болушунча каккылаганда баарыбыз ойгонуп кеттик. Үйгө кирип эле апама асылып сөгүп, балтайган муштумдары менен туш келди койгулап калды. Болгон шылтоосу – “Сен эмнеге мен келгенде шыр эшикти ачпайсың?” эле. Арык, итирейген, эртеден бери тыпырап чарчай түшкөн апам далдайган чоң, семиз кишиден корунмак тургай сөз айтууга да алы келбей турган.
Түндө атамдын таш жарган коңуругунун арасынан апамдын үнүн араң басып ыйлап жатканын сездим. Ошондо гана апама мынча жүктү көтөрүп жүрүш канчалык оор болгонун түшүндүм, жүрөгүм ийне менен улам сайгылагандай ачышып ооруп чыкты. Бирок колумдан эмне келет? Эртеси биздин мектепке кийчү кийимдерибиз үчүн алынган насыяны төлөөнүн мөөнөтү келип калыптыр. Апам аны эстей коюп, ары-бери чуркап, ар кимден карыз акча сурап кичинекей чымчыктай чыйпылыктап жүрдү. Бул учурда атам эмне менен алек болду билесиңерби? Жөн гана телевизордон мультфильм көрүп, каткырып күлүп отурду. Жок, жаман ойлобоңуз. Ал саясат менен дүйнөлүк жаңылыктарды “чаккан”, мамлекеттик деңгээлдеги маселелер тууралуу талашууда эч кимге жеңилбеген, андай маселени чечүүнүн жолун президентке да үйрөтүп коё ала турган, акыл-эси жайында эле адам. Бирок өзүнүн кичинекей мамлекетиндеги кумурскадай маселени чечүүгө аралашып, башын оорутчу эмес. Байкуш апам 5 бала менен кайда бармак эле? “Аюу да болсо чалым бар” деп жашап жүрчү окшобойбу.
Жоопкерчилик деген сөздү билбегенден кийин эмнеге үйлөнүп, бала жасайсыңар? Келечекке жүрөгү оорукчан, ар бурулушта күмөн санаган коркок муунду калтырыш үчүн жаралгансыңарбы? Бул эркектердин алсыз болуп баратканынын белгисиби же жөн гана менин тагдырымдын татаалдыгыбы? Башымда тегеренген талаш суроолордун себепчиси болгон адамды ааламдагы бар күч менен жаман көрөм. Өзүм үчүн эмес, эң көп апамдын тарткан азаптары үчүн, аны өлүмгө оңой карматып коюп, кам санабай жашап жатканың үчүн жаман көрөм! Ата, мен сени жек көрөм! Жашоодо сага берилген байлыкты барктай албай, өз жоопкерчилигиңден качкан байкуш болгонуң үчүн жек көрөм!
Ажар
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (27)
Мен да атамы бирдей жек коруп,бирдей жакшы кором.Бирок мурункудай мамиле жок ,коркпойм мурун тике карап суйлой албай турчумун.а азырчы?азыр андай эмес сыйын жоготту.ага Бир гана нерсе себеп.бар болсун оорубасын.баарибир жакшы кором.
mirana9395,а мен жаман кором. Сыйы кеткен. Жек кором. Коргум да келбейт. Айла жок.
Апам аска зоом таянарым ишенгеним.Атамы деле бир кучактап жакшы корорумду айткым келет аттин козу тируу болгондо.7 баласын озу чонойткон апакем баатырым
Мин жаман болсун мин жакшы болсун алар баары бир ата эне...
А мен жолдошумду жек кором.Кээ бир адамдар бар мээрим тогойун дейт бирок жакын адамы жок.А жолдошумчу меерим емес жакшы созу жок.Балдарым менен кетип калгым келет бирок ел емне дейт деген соз менен жашайм.Телефон менен жашаганына алты жылдан ашып баратат.озу жаныбызда жан дуйносу алыста.
Aigesha1511, купуя кат деген жерге кирчи.
Aigesha1511,менин жашоом менен окшош экен.10 жыл жашап бир жакшы соз укпадым,качан караба согунуп,уруп,жада калса колуму да сындырды.Эх аттин жашоо "эл эмне дейт","ата энемин жузун жерге каратпайын деп жашап журуп 3 балалуу болуп калыппыз.кудайга шугур бир жагвнан балдарыбыз бар.Бирок аял заты болгондон кийин жылуулукту энсейт экенсин.
Oo Kudai,kommentariyler ele juroktu oorutat go.Menin apam 53 jawynda kaza boldu.bilgizbegenibiz mn biz dele atamdy kunooloduk.1 jarym jyldan kyiyn ele atam kaza boldu.Azyr ekoonun ten kolokosu kozdon uchup turgan kez.baldaryma taiejelerimdi taiene,taikelerimdi taiata dep aitkyla dep uirotup aittyryp koiup jurom aila jok.Allahym ekoono beiywten orun bersin dep ele tilenip jurom.
Комент жазгандардын баары айымдар экен. СССР убагында коммунизм деп эле окмоттун ишин кылып курсагын тойгузушуп эч нерседен камыркабай окмот нанын чайын берип журуп жалкоо кылып койгондой сезиле берет. Жаманбы жакшыбы ата. Сенин жарыка келишин балалуу болунун бакытын сезишине атан себеп
ruslan_92kg,эркек ата катары милдетин аткарбаса ал болгону уруктандырган адам болуп калат. Андайды жаныбарлар дагы жасай алышат!
ruslan_92kg,ой тобоо,союз жок болгонго 30жыл болоюн деп калды! Дагы деле союз куноолу боло береби,сендей эркектердин жалкколугуна
Эркектердин жоопкерчиликти сезбегени окундурот.
Ыйлатасынарго тагдырым биринерге дагы окшош эмес экен бирок ыйладым .балким ушул нерселерден ушунчалык коркконуман ыйлагандырмын
Канчалык жаман болсода баарыбир ата. "Атанын сөзү ок, эненин сөзү бок" ушул макалдан билсек болот атанын орду кандай экенин. Кандай учур болсода жаман сүйлөбой сабыр кылып батасын алып калыш керек. Атанын каргышы эң эле жаман нерсе болуш керек Аллах сактасын.
Менин жашфм 22 де. 1балам бар уй булолуумун. Атасы жок жетим остум. Пешене экен. атасы жок балага турмушка чыктым. Менин атам 11айлыгымда коз жумган экен. Кантип кандай болуп отуп кеткенин апамдын журогуну оорутуп сурагым да келбейт. Ачыгы. Ошол жашым 22де. Ата деген созду оозума алган эмесмин. Мен. Мумкун атам болсо жашоом башкача болор беле. Билбейм. Ушунусуна да шугур.
Ата-Энелерибиз Аман болсунчу.Эч качан оорушпасын.Аминь
Кыргыз аялдары кор болду.Чырактай болгон кыздардын иштеп Россиялап жургонун коруп журогум ооруйт.Аялдарды айтпай эле койсом болот.Умай эненин тукуму кор болду..
Ой автор сенин эле атан эмес менин кайнатам да ошондой адам омуру иштеген эмес,суйлогнго келгенде оохуу чоон суйлойт бироолорду кемчиликтерин аябай соз кылат озун билбей туруп. Эн жаман акылсыздыгы уруша кетишсе мен слерди туудургам деген созу учун мен ал адамды омурум откончо сыйлабайм. Омуру иштебенен адам аялынын тапканын жеп жаткан адам бул эркекпи. Эркек эмес адам деле эмес,кантип уялбай басып журушот тушунбойм кылган жумушу жок элдерди азапка салгандан башка.
Эметип жаратып койгону учун эле ата болуп калбайт. Ит деле мал деле туудурат. Биринчи ата деген созго татыктуу болуш керек. Бул сандырак эрежелерди деп канча баланын психологиясы бузулду тарбыясы бузулду.
Менин атам алтын адам, Аллахка мин шугур келтирем. Кичинебизден кундур тундур иштеп бизди бакты, элден кем кылбай конулубузго карап чонойтту, бирок омур жолдош дегенден багым болбоду...азыр атам апам экоо мага да кыздарыма да мээрим тогуп кучагынан орун беришкен... Бир кем дуйно окшойт...