Султан Садыралиев: «КАЛПЫЧЫ КЫЗДАРДАН КӨП КҮЙДҮМ»

Жакшы ырды жүрөккө жеткире аткаруу – ырчынын милдети. Чынында, Султан ар бир чыгармасын жан дүйнөнү козгоп аткарганын моюнга алышыбыз керек. Бирок эмнегедир таланттуу жигит акыркы кезде көздөн далдоо жүрөт.

«МЕН КАНТИП ӨЗГӨРДҮМ?»
– Султан, “кайда жүрдүң, кимдин колун кармадың?” дегендей, көрүнбөй кайда жүрөсүң?
– Жүрөм, ар кайсы жерде. Ар кайсы жерде дегеним, гастролдордон кол бошобойт. Апрель окуясы болуп жатканда Нарын шаарында эки күн концерт бердим. Ырларымды сагынып калышкан окшойт, жүрөк ооруткан окуяларга карабай, эл концертке көп келди. Андан кийин Таласта, анан Москвада төрт күн болдум.
– Ошентсе да шоу-бизнестен көңүлү калган адамдай алыстай түшкөнүң байкалып жатат.
– Чынында, көрүнбөй эле кеттим. Буга менин жалкоолугум себеп болууда. Чыгармачылыгымда жаңы ырлар, жаңы клиптер жок. Мурун продюсерим сүйрөп жүрчү экен. Динара эжеден кеткенден кийин өзүмдү өзүм билип, өтүгүмдү төргө илип басып калдым. Бирок ушундай эле шартта иштей берем. Жалкоо болуп кетет экем деп кайра продюсерлүү болгум келбейт.
– Жаңы ыр жаздырбасаң гастролдо жалаң эски ырларың жаңырыптыр да...
– “Жалгызым”, “Балапаным” деген жаңы эки ырым бар. Аларды радиолорго бере элекмин. Жакында болуп өткөн тарыхый окуяларга байланыштуу “Топурагың торко болсун, бир тууган!” деп ыр жаратуудамын. Текстин толук бүткөндөн кийин төкмө акын Аалы Туткучевге текшертем. Обонун классикага айланган күүлөрдүн кайрыктарынан кураштырсамбы деп изденүүдөмүн. Менде мурун мынчалык патриоттук сезим жок болчу. Казактын ырларын которуп ырдап коюп, жыргап жүрө берчүмүн. Азыр жүрөгүм кыргыз деп сого баштады.
Апрель окуясы болуп жатканда апам телефон чалып “балам, Казакстанга кел. Сенин бизге аманчылыгың керек. Бир кырсыкка кабылып калба” дейт. Ошол замат телефонду атам алып “жок, балам, Кыргызстандан кетпешиң керек. Сен кыргызсың, келбегин, элиң көргөндү сен да көр” деп мени сүйүнттү.
– Үй-бүлөңдө эмне жаңылык?
– Ата-энемдин келиндүү болгондоруна жарым жыл болду. Жеңем токтогулдук. Менден төрт жаш кичүү. Ошондон болсо керек, кээде “сен” деп алам. Жеңем мага “силер” деп кайрылат. Кыскасы, экөөбүз кызыктай мамиледебиз.
Эки-үч жыл мурда ата-энеме жылына бир жолу барчумун. Машина алсам да өзүм иштеп алдым деп аларга айтчу эмесмин. Азыр мындай ойлордон таптакыр арылгам. Байкасам, көпчүлүк жаштар ата-энесин сыйлашып, кастарлап турушат экен. Ошолордон да таасир алдым окшойт. Мен үчүн учурда ата-энем чыгармачылыгымдан да бийик турат. Луговойго ай сайын барып турам. Бир иш кыларда ата-энемден сөзсүз акыл сурайм. Анткени буга чейин алардын сөзүн укпай жүрүп, көп нерседен артта калдым.
– “Балапаным” деген жаңы ырым бар дедиң. Балапан деп кичине балдарга кайрылат эмеспизби, балапандуу болдуңбу?
– Жок, балалуу боло элекмин. Жигиттер эгер сүйлөшкөн кызы көп жаш кичүү болсо, балапаным деп эркелетишет эмеспи. Менде да жаш кызды жактыруу сезими пайда болгон. Бул ыр ошондо жаралган.
– Турмушта кагылдың, согулдуң дегендей. Мүнөзүңдө өзгөрүү болдубу?
– Мурун тентек, чечкиндүү болчумун. Кайсы ыр колума тийсе ырдай берчүмүн. Азыр бир иш баштарда кечке ойлоном. Ыр жаздырарда эл кандай кабыл алат деп кабыргам менен кеңешем. Көчөгө чыкканда көзүмө жакшынакай кыз көрүнсө эле тийише берген жаным азыр кагып салабы деп тартынып турам.
– Качан үйлөнөсүң?
– Ата-энем “үйлөн эле үйлөн” деп кыйнап жатышат. Качан сүйүүгө кабылам, ошондо үйлөнөм. Азыр сүйүүгө суусап турган эркин кушмун. Мага жөнөкөй, түшүнүктүү, эң негизгиси калп айтпаган кыздар жагат.
– Калп айтпаган дегениңе караганда калптан күйүп калган жайың бар окшойт...
– Кыздардын арасында калпычылар көп. Туу­ра айтасыз, калпты көп сүйлөгөн кыздардан күйгөн жайым бар. Калпы билинип калгандан кийин эмнеге калп айтты? Чындыгын эле айтып койсо болот эле го... деп кыйналам. Бир нерсени жүрөгүмө аябай жакын кабыл алам.
– Маанай чөккөндө чыгармачыл адамдар ичкиликке жакын болуп кетишчү эле. Капа болгондо ичип кетпейсиңби?
– Мындай нерсе мындан бир жыл мурун болгон. Сүйлөшкөн кызым Бактыгүл менен айрылышканда күн алыс сыра ичип калгам.
– Топ ачкан турбайсыңбы, ошондон кеп салсаң.
– “Тумар” радиосу уюштурган “Супер стар” долбоорунан өзүмдүн окуучуларым болгон Алмаз, Талас деген эки жигиттен турган “Этнос” аттуу топ ачкам. Буюрса, бул жигиттердин келечекте аты таанымал, таланттуу ырчылардан болоруна ишенем. Бизге демөөрчү - эл. Гастролдон түшкөн акчаларга форма тиктирип, ыр жаздырабыз.
– Бойдок жашоо кандай өтүүдө?
– Бойдок жашоомо Алмаз менен Талас ортоктош. Анткени үчөөбүз Жал кичирайонундагы үйлөрдүн биринде чогуу жашайбыз. Кээде көчөдөн кыздар менен таанышып, аларды үйгө алып келип отурабыз. Биз деле башка адамдарга окшоп ойноп-күлөбүз.
– Баса, Африкада өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда кайсы өлкөгө жан тартып жатасың?
– Бразилия – чемпион! Мен мурунку Дүйнөлүк чемпиондукта ушул командага көзүм түшүп калган. Ошондон бери «пента кампиондорго» күйөрман болуп келем.

ЖАН ЭРГИТКЕН СЕЗИМДЕР
Султан жетпей калган сүйүүнү гана чыныгы сүйүү деп эсептейт. Тунук сүйүүнүн курмандыгы боло элекмин деген ырчы жигит алты-жети жолу жактыруу сезимине кабылган. Мындай сезимдер күн сайын, балким, ай сайын келиши мүмкүн деп ойлойт.
– Султан, биз билген да, билбеген да сүйүүлөрүң бар. Ошол кыздар жөнүндө айтып берсең.
– Чынын айтсам, кыйраткан деле сүйүүм жок.
– Мисалы, “Супер-Инфого” чыккан бир күйөрманың “Султан гастролго чыгарда үйдүн ачкычын мага таштап кетет” деген эле.
– Катуу айтсам кечирип койсун, ал кыз бир сөз менен айтканда “аферист” кыз. Аны менен байкем сүйлөшчү. Байкемди жандап жүрсө, анан мен “кет” демек белем. Гастролго кетерде ачкычымды ал кызга эмес, байкеме таштап кетчүмүн.
– Гезитке жөнөтүлгөн СМС билди­рүүлөрдүн арасында сени Аида деген кыз менен сүйлөшөт деген сөздөр болду...
– Аида татынакай кыз. Ал менин эң жакын досум. Бизди көргөндөр сүйлөшөт деп ойлошчу. Бирок экөөбүздүн ортобузда эч кандай сүйүү жок.
– Ал эми Бактыгүл менен көрүшкөн жерден саламдашасыңбы?
– Азырынча көрүшө элекпиз. Жолуксак, саламдашсак керек.
– Ушул жашка келгени канча кызды сүйдүң?
– Башыма чыныгы сүйүү келе элек болгону менен балалык, жаштык сезимдеримди 6-7 бийкеч козгоп кеткен. Алардын баары азыр үй-бүлөлүү.

Cүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Саулешка
2010-07-05 10:24:49
Султан чн эле озгоруптур.
0
2010-07-05 10:39:09
Салам Султан атан айткандай сен Улуу Кыргыздын урпагысын андыктан кыргыздын болобу казактын болобу эн негизи элине уккулуктуу ырларды ырдоо керек,ал эми Кыргыз кыргыздын ырларын кутот. Продюсер жок озун иштеген бул оз нанынды озун тапканга барабар.Сага коптогон ийгиликтерди каалайм.
0
AIZAJANKA
2010-07-05 12:17:40
Cултан чонойуп калыптыр. Эч тайманбай иштей бер.жалкоо болбоо. Бул жашоодо сен женесин же жошоо сени женет
0
lovekg
2010-07-05 13:45:23
sultandyn yrlary abdan jagat, iygilik saga!
0
honey
2010-07-05 14:31:37
Мага Султандын уну жагат. Деги эле ырчы катары сыйлайм. Чыгармачылыгын осо берсин! Ыр дуйнону багынта бер! Ийгилик!
0
MurasKgPatriot
2010-07-09 10:33:05
молочик,брaт. YнYн эч кaчaн очпосун. Ырлaрын журокту ыйлaтaт.
0
gulumjan
2010-08-03 23:46:46
Султан Садыралиев сиздин чыгармачылык ишиниз жана ачык мунозунуз мага жагат.Ар качан да кен пейил, ачык муноз, жайдары кел бет бирок жалкоо эмес болушунузга тилектешмин!!!!!!!!!
0
Шаиста Шатманова
2010-08-24 17:45:19
Уну жакшы! "Музарттын" бир ырын Урмат экоо которуп ырдаган го. Ошонун кыргызчасы казакчасынан бир топ уккулуктуу. Албетте, Султандын унунон улам.
0
№ 400, 2-8-июль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан