ЧЫГАРМА КААРМАНДАРЫНА ЖАН КИРГЕНДЕ. УЛУТТУК БАНКТА УЛУУ ЖАЗУУЧУНУН 90 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН СЫНАК БОЛУП ӨТТҮ

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өзүнүн түзүмдүк бөлүмдөрү жана кызматкерлери арасында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата сынак өткөрдү. Катышуучулардын баары мыкты даярдыкта келгендиктен, жеңүүчүнү аныктоо да кыйын болду. Бирок баары эле жеңүүчү боло албайт да, катышуучулардын өтө мыктылары алдыга чыгып, артыкчылыктарга ээ болушту.

УЛУУ ЖАЗУУЧУНУН УРМАТЫНА СЫНАК ӨТКӨРҮЛДҮ

Улуу жазуучунун урматына карата өткөн жылдын 20-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин “Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгын майрамдоо жөнүндө” жарлыгы чыккан. Бул жарлыкты аткаруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан жарыяланган “Эне тил жана Чыңгыз Айтматов” мамлекеттик тилдин 3 айлыгы иш-чарасынын алкагында Улуттук банк дагы залкар жазуучунун мааракесин белгиледи. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөөгө байланыштуу Улуттук банк 2018-жылдын 3-ноябрында өзүнүн түзүмдүк бөлүмдөрү, областтык башкармалыктары жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери арасында атайын сынак жарыялаган.

Сынак 3 номинацияда өткөрүлдү:

Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын көркөмдөп чагылдырган сүрөттөр сынагы. Мында ар бир түзүмдүк бөлүмдүн кызматкерлери жазуучунун чыгармаларынын бирин тандап алып, ошол чыгармасы боюнча атайын чыгармадагы мезгилге жагдайга туура келтирип кийинип, боёнуп, ролдорду өздөрү аткарып, сүрөткө түшүшөт. Кызматкерлер жазуучунун чыгармаларындагы каармандардын жашоосу менен жашап, алардын образын чагылдырып берүүгө өз күчтөрү менен аракеттенишет.

Элдик кол өнөрчүлүк сынагы (кийизден, чийден, жыгачтан, кагаздан, жиптен, тасмадан, мончоктордон жана башка нерселерден буюмдарды жасоо). Бул номинацияда кызматкерлер жазуучунун чыгармалары боюнча окуялардын бир учурун же болбосо каармандарды өз колдору менен жасаганга аракеттенишип, кол өнөрчүлүгүн тартуулашат.

Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө автордук чыгармалар сынагы. Мында кызматкерлер кыргыз же орус тилдеринде өздөрү жазган ырларын сунушташат.

БАЙГЕЛЕР ЭЭЛЕРИН ТАПТЫ

2018-жылдын 5-декабрында аталган сынактын көптөн күткөн жыйынтыгы чыгарылды. Сынак жыйынтыгын чыгаруу үчүн атайын калыстар тобу түзүлүп, анын курамына Улуттук банктын 5 кызматкери, ошондой эле алардан сырткары Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлү Мундузбек Абдыжапар уулу жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз адабияты кафедрасынын бөлүм башчысы, филология илимдеринин кандидаты, профессор Осмоналиева Гүлмира Касыкеевна сырттан эксперт катары чакырылды. Ошентип 7 мүчөдөн турган калыстар тобу сынакка өз бааларын беришти. Жеңүүчүнү аныктоо упай топтоо ыкмасында жүрдү. Жыйынтыгында көбүрөөк упай топтогон түзүмдүк бөлүмдөр менен кызматкерлер жеңишке ээ болушту.

Сынактын биринчи номинациясына жеңүүчү болуу үчүн Улуттук банктын бардык түзүмдүк бөлүмдөрү жана областтык башкармалыктары ат салышты. Сынактын шарты боюнча 3 гана жеңүүчү тандалды. Биринчи орунду Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" чыгармасындагы Толгонайдын образын берген башкармалык алды.

Сынактын экинчи номинациясында 5 жеңүүчү (2 түзүмдүк бөлүм жана 3 кызматкердин жеке кол өнөрчүлүгү) жогорку упайларга ээ болуу менен утушка ээ болушту.

Сынактын үчүнчү номинациясы боюнча 16 кызматкер өздөрүнүн автордук чыгармаларын тартуулашты. Алардын ичинен 3 кызматкер алдыңкы 3 орунду алса, дагы 2 кызматкер кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты.

Сынакка калыстар тобунун мүчөсү катары чакырылган Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлү, жазуучунун чыгармалары боюнча образдарды, каармандарды өздөрү аткарып жаткандай, атайын кийинип жасанган көркөм ыкмада сүрөткө түшүп чагылдырган мындай сынак – башка мамлекеттик органдарда өткөрүлгөн сынактардан кайталангыс өзгөчөлүгү менен айырмалангандыгын белгиледи.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Ice-creme
2018-12-19 13:19:23
Тил боюнча улуттук комиссиянын окулдору жон эле койбоптурда. Курман раазы болсун деген киргизди жакшы билет деп, экзаменден откоргондон кийин соз жок.
0
№ 841, 14-20-декабрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан