Заманыбыздын залкары Чыңгыз Айтматов көзү тирүү болгондо быйыл 90 жашка чыкмак. Калеми менен ааламды багындырган Чыңгыз Айтматов тууралуу эч бир нерсе элге жаңылык эмес болуш керек. Бирок билген сайын билгиңди келтирген маңыздуу жашоо жашап өткөнү чын. Бул жолу Чыңгыз аганын кичүү карындашы Роза Айтматова ата-энеси, агасы тууралуу эстеди.
– Роза Төрөкуловна, атаңыздан 5 айлык кезиңизде калганыңызды билебиз, апаңыз тууралуу айтып берсеңиз.
– Апам жакшы адам болчу.Эми ар кимге өз апасы жакшы дечи. Апамдын башкалардан айырмасы – энелик парзына жоопкерчиликтүү караган жана туура түшүнгөнүндө деп ойлойм. Балдарынын ички дүйнөсүн туура түшүнгөн адам эле. Атамдан айрылган убакта апам Нагима бар болгону 32 жашта экен. Жапжаш учурунда калган. Тиричилик, жокчулук, согуш маалы, ошонун бардыгын жеңген кыйын аял болгон. Ал учурда эл душманынын балдары болгон бизди аман-эсен алып калып чоңойтуштун өзү эрдик. Андан кийин окутуп билим бериштин өзү чоң эрдик.
– Бир туугандардын ичинен апаңызга ким аябай окшош?
– Ар бирибизде эле бар апамдан. Чыңгыз акем менен мени көбүрөөк окшоштурушат.
– Апаңыз менен атаңыз кайсы жерден таанышып калган экен?
– Бишкектен эле, мурунку Фрунзе шаары. Апам байдын кызы болгон да. Алгач медреседе окуптур. Төрт класс окугандан кийин атасы Караколго орус гимназияга бериптир.Апам орусчаны, татарчаны да бирдей билген, мусулманчылыкты да катуу кармап, бирок өтө аша кетпестен, динге байланышкан тартиптен чыкпаган адам эле. Дарыгер болом деп медучилищеге келип окууга тапшырса “сен байдын кызы экенсиң” деп албай коюшат. "Совет бийлигине берилгениңди далилдеп кел, анан окууга алабыз" дешип кайтарып жиберишет.Апам латын тилинде жазганды, орус тилин билген, ошол кездин алдыңкы сабаттуу кыздарынан болгон. Ошентип стенография курсун окуйт. Чоң жыйналыштарда протоколдорду тез жазган адам керек да. Орусча, кыргызча билгенден кийин Комсомолдор комитетине жумушка алышат. Ошол учурда атабыз Төрөкул Москвадан окуусун бүтүп келип, борбордо иштей баштаган. Атам Комсомолдор комитетине бир нерсени текшерүүгө келип, экөө таанышып, бири-бирин жактырышып калышат.
– Рево деген да агаңыз бар болгону, Люция Айтматова эгиздин түгөйү болгону чынбы?
– Чын (күлүп). Атам менен апам революция, партияга аябай берилген адамдар болгон да. Эгиз балалуу болушуп, эркек баласын Рево, кызды Люция деп аташат. Бирок чоң энем бул атты жактырбай койгон экен. Атамдын эң жакын досу Эркин Эсенамановдун атынан баланын атын кайра Эркин деп коюшат. Бул деле эркиндикти билдирет деп атын өзгөртүшүптүр. Люция эжемдин атын калтырышыптыр. Тилекке каршы, ал агабыз 6 айлыгында чарчап калыптыр. Менин атымды болсо Чыңгыз Төрөкулович койгон экен. Люция эжем 1995-жылы жүрөк оорудан улам каза болду. Агам Илгиз Айтматов Тоо-кен геомеханикасы боюнча илимпоз, техника илимдеринин доктору, академик. Эжем Люция энергетика тармагында иштеген алгачкы аялдардын бири болгон. Мен физика-математика илиминин кандидаты болдум. Чыңгыз Айтматовду билбеген кыргыз жок. Апам баарыбыздын билимдүү болушубузду аябай каалаган. Биз эмнеге жетишсек – апамдын тилеги, эмгеги.
– Агаңыз менен акыркы жолу сүйлөшкөнүңүз эсиңиздеби?
– Эсимде. Бельгиядан келгенден кийин жолуктум. Келип Алматыга кетти, Алматыдан телефон менен сүйлөштүм. Андан ары Казанга барам деди. Акыркы сүйлөшкөнүм ошо болду.
– Чыңгыз ага сиз үчүн кандай ага болду, сырдашчу беле?
– Атабыз репрессиянын курмандыгы болуп эрте кетти. Балдардын улуусу болгондон кийин ата да, ага да болду. Аябай камкор бир тууган эле. Биздин ортобузда тогуз жаш айырма бар. Андыктан сырдаша тургандай деле болгон жок. Бирок окуума көңүл бөлүп, жашоодогу маанилүү нерселердин баарын көзүнөн өткөрүп турчу. Эгерде көңүлүнө жакпай калган бир нерсебиз болсо “андай кылба” деп айтчу. Бирок бирибиз да чектен ашкан эч нерсе кылбадык.
– Атаңыз Төрөкул Айтматов менен абакта бир камерада бирге жаткан адамына жолуккан экенсиз?
– Мен Таласка жумуштар менен барып калдым. Ошол жерден бир аял жолугуп “сизди издеп жүрдүм эле, агам ооруканада жатат, "ушу Төрөкулдун балдарына жолуксам" деп жүрөт” деди. Барып жолуктум. "Көзүң Төрөкулдуку экен. Атаңа окшош турбайсыңбы" деди. Атам менен чогуу абакта бир камерада жатканын, ал дагы ошол замандын курмандыгы болгонун айтты. Атам менен жакшы мамиледе болгон экен. Жаткан жаздыгына "Чыңгыз, Илгиз, Талас" деп саймалап жазып коюптур. Ал кишинин айтымында, атамды камерадан алып чыгып кеткен боюнча кабары болбоптур. Атамды көрбөсөм да, аны көргөн адамды көрдүм.
– Чыңгыз Айтматов тууралуу китептерди жазып жүрөсүз...
– Люция эжемдин уулу Асан Ахматов деген жээним экөөбүз автор катары Чыңгыз Айтматов тууралуу китеп чыгарганбыз. Эскерүүлөрдөн турган диалог. Атама арнап “Тарыхтын актай барактары” деген китеп жаздым. Мен эми жазуучу эмесмин да, болгону жакын адамы катары Чыңгыз Төрөкулович тууралуу жазып калтырсам дейм.
Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg