"Айыл Банк" ААКсы менен "Элкарт" төлөм системасынан сунуш: МЕТАЛЛ ЭСЕПТЕРИН АЧУУ ЖАНА ЖҮРГҮЗҮҮ БОЮНЧА КЫЗМАТТЫ КОЛДОНУҢУЗ

Баалуу металлдарды сатып алуу инвестиция кылуунун жана акча каражаттарын көбөйтүүнүн ыкмаларынын бири болуп саналат. “Айыл Банк” ААКсынын жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептерине байланыштырылган "Элкарт" төлөм картасы – бул алтын жана келечекте күмүш, платина менен накталай эмес операцияларды жүргүзүү үчүн ылайыкталган карта. Мында металлдын жеке белгилери көрсөтүлбөй (куймалардын саны, аталышы, пробасы, өндүрүүчү, сериялык номери жана башкалар), салмагына карап эсепке алынат.

“Айыл Банк” ААКсы кардарларга "Элкарт Алтын" картасын ачып бере алат жана банк белгилеген сатуу курсуна ылайык сатып алынган баалуу металлды кардардын эсебине чегере алат.

Жеке белгилери көрсөтүлбөгөн баалуу металлдардын сатып алуу-сатуу котировкалары, ички рыноктогу жагдайды жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы белгилеген колдонуудагы эсеп бааларын, ошондой эле баалуу металлдардын дүйнөлүк рыногундагы тенденцияларын эске алып, Банк тарабынан бекитилет.

“Айыл Банк” ААКсынын жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсебиндеги "Элкарт Алтын" төлөм картасынын артыкчылыктары:

► Бул карта алтындын наркы өсүшүнүн эсебинен акча каражаттарды көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет;

► Алтын куймаларды сатып алууга караганда жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсебинде "Элкарт Алтын" картасын ачканда, куймаларды сактоо үчүн сейфти ижарага алуу зарылчылыгы жок;

► Акча каражаттарын жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептерине салуу валюталык рыноктогу ыңгайсыз өзгөрүүлөргө байланыштуу тобокелдикти төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк берет;

► Соода түйүндөрүндө сатып алууларды жүргүзүп, ошондой эле банкоматтан акчаны алып, "Элкарт Алтын" төлөм картасынын жардамы аркылуу эсеп боюнча калдыктарды башкарса болот.

Жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсебинде "Элкарт Алтын" төлөм картасын ачуу үчүн “Айыл Банк” ААКсынын каалаган филиалына келип, картаны ачуу үчүн талап кылынган документтерди берүү зарыл:

► “Айыл Банк” ААКсы менен келишим түзүү;

► Акча каражаттарын эсепке салуу;

► Жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металлды сатып алуу бүтүмүн тариздөө.

Мына ушундан соң баалуу металлдар кардардын "Элкарт Алтын" картасына чегерилет.

"Элкарт Алтын" картасы аркылуу сиз төмөнкү операцияларды жүргүзө аласыз:

► Сатып алууларды жүргүзүүгө жана "Элкарт" төлөм системасынын терминалдык тармагында кызматтар үчүн төлөөгө;

► Картаны чектөөсүз толуктоого.

Бул карта жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металлды алтынга, келечекте аны күмүш же платинага конвертациялоо жолу менен кардарларга улуттук валютасында акчаны накталай алуу мүмкүнчүлүгүн берет.

“Айыл Банк” ААКсы Кыргызстандагы банктардын ичинен жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсебинде "Элкарт" төлөм картасын чыгарган алгачкы банк экендигин белгилеп кетүү зарыл.

“Айыл Банк” ААКсы жеке белгилери көрсөтүлбөгөн аффинаждалган стандарттуу чен куймалары түрүндө баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүүгө уруксат берүүчү Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын лицензиясын 2017-жылы алган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 841, 14-20-декабрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан