АКЧА КОТОРУУ ҮЧҮН КЕЗЕККЕ ТУРБАҢЫЗ! «ЗОЛОТАЯ КОРОНА» ЖАНА «ЭЛКАРТ» СИЗГЕ ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮК ТАРТУУЛАЙТ

Акча которуу үчүн убакыттын тардыгы, банктардагы кезек күтүү ыңгайсыздыгы жоюлду. “Золотая Коронанын” мобилдик “Акча которуулар” тиркемеси аркылуу дүйнөнүн ар кайсы бурчунан “Элкарт” картасына тоскоолдуксуз каражат которо аласыз.

“ЗОЛОТАЯ КОРОНА” – САПАТ ЖАНА КЕПИЛДИК

“Золотая корона” (Koronapay бренд) эл аралык акча которуу сервиси 2003-жылы Орусияда негизделген. Бүгүнкү күндө 550дөн ашык банк, почта ошондой эле ири соода түйүндөрү аталган сервис менен кызматташып келет. “Золотая корона” акча которуу кызматы дүйнөнүн 36 өлкөсүндө, 60 миңден ашык пункттарында колдонулат. Бул сервистин ыңгайлуулугу жана сапаты жакшы экендигине кепилдик берет. Аталган кызмат Кыргыз мамлекетинин финансы рыногунда 2007-жылдан бери жигердүү иш алып барууда. Мамлекетибиздеги 24 коммерциялык банк “Золотая корона” менен иш алып барат. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы билдиргендей, өлкөдөгү акча которуу системасында иш алып барган операторлордун арасынан “Золотая корона” лидерлик сапта. 2018-жылдын III кварталынын жыйынтыгы менен чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга “Золотая корона” төлөм системасы аркылуу 40 миллиард сомдон ашуун акча которулган.

“ЭЛКАРТ” – ЫҢГАЙЛУУ ЖАНА ЖЕТКИЛИКТҮҮ

“Элкарт” – улуттук төлөм картасы. Аталган картанын жардамы менен көптөгөн кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашыра аласыз. Башка төлөм карталары сыяктуу тигил же бул Pos-терминал керек деп издеп убара болбойсуз. Анткени «Элкартты» республика боюнча 1500дөн ашык банкоматтарда, 9000ден ашык Pos-терминалдарда колдонууга мүмкүн. “Элкарт” картасын республикадагы 25 коммерциялык банктын ар биринен алсаңыз болот.

"ЗОЛОТАЯ КОРОНА" + "ЭЛКАРТ"

“Золотая корона” жана “Элкарт” биргеликте кыргызстандыктарга жаңы мүмкүнчүлүк сунуштоодо. Чет өлкөдө жүргөн жарандарыбыз Кыргызстандагы жакындарына “Золотая корона” мобилдик тиркемеси аркылуу тоскоолдуксуз “Элкарт” картасына акча которо алышат. “Золотая корона – акча которуулар” сервисинин директору Иван Ситнов “Элкарт” менен кызматташуу тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:

– Биз үчүн аталган долбоордун ишке кириши чоң мааниге ээ. “Золотая корона” сервиси менен улуттук “Элкарт” төлөм картасынын биргеликте иш алып баруусунун негизги максаты – жарандар үчүн акча которуу операцияларын жеңилдетүү жана Кыргызстандагы накталай эмес эсептердин көлөмүн жогорулатуу. Учурда смартфон көтөрбөгөн адам жокко эсе, демек, мобилдик тиркеме аркылуу акча которуу ыңгайлуу, эң негизгиси оңой болот. Буга чейин бул кызматты банктар аркалап келген. Андагы көп убакытка созулган кезек күтүүлөр же жолдун алыстыгы бир топ кыйынчылык жаратчу. Биз ошо ыңгайсыздыкты жоюуну чечип, “Элкарт” менен биргеликте аталган долбоорду иштеп чыктык. Орусияда долбоор ишке кирген 1 жыл аралыгында банк аркылуу акча которуу кызматын пайдалангандардын 30 пайызы мобилдик акча которуу тиркемесин тандашты. Кыргыз мамлекетинде да элдин суроо-талабына ээ кызматтардан болоруна ишеним артабыз.

Өз кезегинде “Банктар аралык прессинг борборунун” төрагасы Улан Жамалидинов улуттук “Элкарт” төлөм картасынын долбоордогу ролу тууралуу ой бөлүштү:

– “Элкарт” төлөм картасы “Золотая корона” сервиси менен акча которуу долбоорун иштеп чыгуунун негизги максаты – республикадагы накталай эмес эсептин көлөмүн жогорулатуу. “Золотая корона” менен долбоорду Кыргызстанда ишке ашыруу үчүн кошумчабызды, оңдоолорубузду коштук. Бүгүнкү күндө 1 миллиондон ашык “Элкарт” улуттук төлөм картасы колдонууда. Кыргызстандагы бардык коммерциялык банктар “Элкарт” картасын чыгарышат. Андыктан кайсы банк менен иштешсеңиз да, “Элкарт” картасына “Золотая коронанын” акча которуулар мобилдик тиркемеси менен каражат которуу ыңгайлуулук гана жаратат. Кыргызстанга чет мамлекеттен которулган каражаттардын негизги бөлүгү “Золотая корона” сервиси аркылуу ишке ашат. Демек, шаарларда жайгашкан банктардын филиалдарында кезек күтпөй, республиканын алыскы аймактарында туруп “Элкарт” картасына акча котортуп алсаңыз болот. Долбоор алыскы аймактарды өнүктүрүүгө багытталган десек жаңылышпайбыз.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
nazarnew
2018-12-18 14:05:12
Эң жакшы бул элсом а калганы шлак процентти билинбей ура берет
0
№ 841, 14-20-декабрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан