Өлкөбүздүн шаарларында декабрь айынын башынан тарта Жаңы жылга даярдануу күч алат. Бөлүнгөн миллион сомдорго балаты орнотуу, кооздоо, жарык берүү иштери жүргүзүлөт. Муну менен катар канча каражат коротулду жана кайда жумшалары кызыктырбай койбойт.
БИШКЕК БЮДЖЕТИН КЫСКАРТАТ
Бишкек шаарынын мэриясы бул жылы Жаңы жылга жасалгалоо иштеринде бюджетин бир топ кыскартты. Бул жылы майрамга жалпы 6,5 миллион сомго жетпеген каражат жумшалат. Өткөн жылкыга салыштырсак, 2017-жылы 17 миллион сомдун тегерегинде каражат коротулган. “Ала-Тоо” аянтына 3 жылдан бери колдонулуп келе жаткан жасалма балаты орнотулуп, ал 10-декабрь күнү жандырылды.
Балатыны кооздоо мэриянын алдындагы “Бишкексвет” жана “Тазалык” муниципалдык мекемеси тарабынан ишке ашырылды. Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына таянсак, балатынын оюнчуктарына эле 410 миң сом керектелген. Мындан тышкары жарыктандыруу иштерине 1 миллион 800 миң сом, концерттик иш-чараларга 600 миң сом, фейерверк 500 миң сом, сахнаны жасалгалоо иштерине
394 миң сом, видео жана промо-ролик даярдоо 140 миң сомго эсептелинген. Бишкек мэриясы "быйылкы жылы каражат үнөмдөлсө дагы, майрамдык маанай тартуулайбыз" деп ишендирип жаткан чагы.
Каражатты туура пайдалануу үчүн дагы бир жагдай, ушул жылдын ноябрь айында УКМК 2016-жылы Жаңы жылга карата шаарды жасалгалоо иштеринде "Бишкексвет" муниципалдык мекемесинин жана шаардык мэриянын кызматкерлери мамлекеттик бюджетке 7 миллион 849 миң сом өлчөмүндөгү зыян келтирилгенин аныктап, кылмыш ишин козгоду. Буга чейин да балатынын айынан мэрия бир катар окуяга туш болуп келген. Алсак, 2012-жылы 2 миллион сомго жасалган балаты кулап калганы менен эсте калган. 2014-жылы балатыга 2,5 миллион сом сарпталып, жасалгасы көпчүлүктүн купулуна толгон эмес.
ТАЛАС
Талас шаарынын борбордук аянтына Жаңы жылга карата 136 миң сомдук балаты орнотулууда. Мурунку жылы 14 метрлик балаты 16 миң сомго алынган, аны кооздоого 95 миң сом каралган.
НАРЫН
Былтыркы жылы Нарын шаарынын мэриясы белекке берилген, бийиктиги 15 метрлик балаты орнотуп, аны кооздоого 200 миң сом жумшаган. Быйылкы жылы балатыны кооздоо үчүн 219 миң сом жумшалат.
ЖАЛАЛ-АБАД
Жалал-Абад шаарында быйылкы жылы биринчи жолу жасалма балаты орнотулууда. Муну менен катар ага коротулган каражат дагы өстү. Шаардын мэриясынын басма сөз кызматы балатыны жасоо иштерине 1 миллион 370 миң сом коротуларын билдирди. Шаарды көрктөндүрүү иштерине жалпы
2 миллион 300 миң сом каралган. Өткөн жылкы каражаттар менен салыштырсак, майрамга 550 миң сом сарпталган. Каражат менен кошо балатынын бийиктиги жогорулады. Мурунку жылдары 20 метрлик балаты болсо, быйылкысы 25 метрди чапчыйт.
КАРАКОЛ
Ысык-Көлдүн борбору Каракол шаарында өткөн жылдагы балаты орнотулууда. Шаар мэриясынын басма сөз кызматы балатыны кооздогонго 200 миң сом жумшалат дейт. Ал эми жалпы шаардын ичин кооздоого канча каражат бөлүнөрү азырынча чечиле элек. Аталган шаар мэриясы 21 метрлик жасалма балатыны былтыркы жылы 1 миллион сомго алган. Аны кооздоого 320 миң сом короткон.
БАТКЕН
Баткен шаарында быйылкы жаңы жылдык балаты майрамын өткөрүүгө 90 миң сом жана көчөлөрдү жасалгалоо үчүн 11 миң сом коротуларын мамлекеттик сатып алуулар порталынан көрүүгө болот. Былтыркы жылы шаар мэриясы
123 миң сомго 15 метрлик балаты орноткону белгилүү.
ОШ
Ордолуу Ош башка шаарлардын балатыларынан бийиктиги менен айырмаланат. Борбордук аянттагы балатынын бийиктиги 27 метр. Ош шаарынын мэриясы билдиргендей, өткөн жылы коюлган балатынын конструкциясы бузулуп, быйылкы жылы ал жаңыдан орнотулууда. Балатыны орнотуу иштери 10-декабрда башталган. Мамлекеттик сатып алуулар порталында балатыны орнотуу жана кооздоо иштерине жалпы каражат 1 миллион 525 миң сом деп көрсөтүлгөн. Өткөн жылы Ош шаарындагы балатыга 900 миң сом коротулган.
БАЗАРДАГЫ БАЛАТЫ БААСЫ
Бишкек шаарында Жаңы жылга карата табигый балаты алам дегендер үчүн атайын балаты базар иштеп жатат. Аталган базар 10-декабрдан тарта 31-декабрга чейин иштеп, балатынын түрүн алса болот. Сатуучулардын айтымында, базарда карагайдын бир канча түрү бар. “Тянь-Шань карагайы, ак карагай, арча жана башкалар сатыкта. Булардын бардыгы тамыры менен сатылат, аны майрамдан кийин жерге отургузуп койсо болот. Бойлору 1 метрден 4-5 метрге жетет, кардар каалаганын тандап алса болот. Баалары 1500 сомдон 70 миң сомго чейин жетет”,- дешет алар.
Жылдан жылга майрам үчүн табигый балаты эмес, көбүнчө жасалма балаты коюлууда. Табият үчүн да, капчык үчүн да ыңгайлуу чечим. Жасалма балатыларды миң сомдон баштап 30 миң сомго чейин алса болот.
Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg