АНГИНА – ЖУГУШТУУ ООРУ

ООРУНУ ЭМНЕ КОЗГОЙТ?
Ангина – жугуштуу оору. Ооруну стрептококк бактериялары козгойт. Бул бактериялар соо адамга оорулуунун жөтөлү, чүчкүрүгү, ошондой эле сүлгүсү, колдонгон идиши аркылуу жугат. Мындан тышкары, өбүшүү, кол менен учурашуудан да жугаары далилденген.
Ооз көңдөйүндө алкым бездери (миндалиналар) жайгашкан. Алар коргоочу кызматты аткарышат. Дем алган абабыз жана кабыл алган тамак-ашыбыз аркылуу организмге микробдордун кирип кетпөөсүн көзөмөлдөйт. Эгер ал бездер болбосо организмибизге түркүн бактериялар түз эле өтүп кетишмек. Алкым бездери зат жана кан алмашуу процессине да катышат. Ошондуктан, тамак сезгенип ооруганда мүмкүн болушунча батыраак айыктырууга кам көрүү зарыл. Болбосо сезгенген жердеги ириңдер канга өтүп, организмди ууландырат.
Тереңдеп кеткен өнөкөт тонзиллит жүрөктүн жана муундардын ревматизм оорусуна, бөйрөктүн пиелонефрит оорусуна, өпкөнүн сезгенүүсүнө, аллергиялык оорулардын курчуп кетишине алып келет. Мындан тышкары, кулакты да сезгенткендиктен, угуунун начарлоосуна жеткирет.

АНГИНАНЫН ТҮРЛӨРҮ
Катаралдык ангина. Мында сезгенүүгө алкым бездеринин үстүңкү бөлүгү гана учурайт.
Фолликулярдык ангина. Мында сезгенүү алкым бездерин бүтүндөй ээлейт.
Грибоктук (козу карын бөлүкчөлөрү) ангина. Буга иммунитеттин начарлашы себепчи болот.

ООРУНУН АЛГАЧКЫ БЕЛГИЛЕРИ

  • Сүйлөөдө, тамакты жутканда тамакта катуу оорутуу келип чыгат.
  • Дене табы 39 градус температурага чейин көтөрүлүп, чыйрыгуу, шалдыроо, муундагы оорутуулар менен коштоло
  • Фолликулярдык ангинада алкым бездеринде ак чекиттер байкалат.
  • Жаак алдындагы жана моюн, кулак артындагы лимфа бездери чоңоюп, кармаганда оорутат.
  • Ооздон жаман жыт чыгат.

ДИАГНОЗДУ ТАКТОО
Оорулуунун алкым бездеринин үстүнөн акырындык менен кырынды (мазок) алынып, текшери­лүүдөн өткөрүлөт. Текшерүү­нүн жыйынтыгына карап дарылоо сунушталат. Айта кетчү нерсе, ангинаны антибиотиксиз дарылоо мүмкүн эмес. Өз алдынча дарылануу жыйынтыкка алып келбейт. Анткени, кээ бир антибиотиктер ангинаны козгоочу бактерияларга таасир бере албайт, бирок, ошол кезде эле иммунитетти төмөндөтүп жиберишет. Ошондуктан, дарыгер чектеген гана дарыларды кабыл алуу кажет.

СПИРТ МЕНЕН КОМПРЕСС КЫЛУУГА БОЛОБУ?
Спирт менен жасалган компресстер алкым бездерин ысып чыгууга жеткирет. Бул алкым бездерге кандын көп келишин шарттайт да, инфекциянын канга өтүп, бүт организмге таркашына алып келет. Ал эми тамакты дары суюктуктар менен ашыкча чайкоо тамакты дүүлүктүрөт. Ангина менен ооруганда адам ооруканада жатып дарылануусу кажет. Дарыланууда жүн шарф менен моюнду ороп, адам жылуу төшөктө жатышы шарт. Кокус жатып дарыланууга мүмкүндүк болбосо, анда текшерилип, дарыгерлер чектеген дары-дармекти үйдөн алса болот. Анда оорулууну өзүнчө бөлмөгө жаткырып, идиш-аягын, сүлгүсүн да бөлүп коюу кажет. Антпесе оору башка үйбүлө мүчөлөрүнө да жугуп калышы мүмкүн.

КАЙСЫ ТАМАКТАРДЫ ЖЕГЕНГЕ БОЛБОЙТ?
Туздалган, кычкыл тамактар болбойт. Булар тамакты дүүлүктүрөт. Суусундукту, өзгөчө көк же чөп чайды, газдалбаган минерал сууларын көп ичүү сунушталат. Туура дарыланууда оору бир аптада чегинет.

КАЙРА ООРУБАЙЫН ДЕСЕҢ КАЙТАЛАП АНАЛИЗ ТАПШЫР!
Ангина менен ооруп айыккандан кийин, бир-эки айдан соң кайрадан анализге кан, заара тапшыруу кажет. Анткени, бул аралыкта оору кабылдап, кайра кармашы мүмкүн. Ошондуктан, алдын алган жакшы.

ОПЕРАЦИЯЛЫК ЖОЛ
Оору жылына үч-төрт жолу кармаганда жүрөк жана муундардын ревматизм оорусуна, бөйрөктүн пиелонефрит оорусуна, өпкөнүн сезгенүүсүнө, аллергиялык оорулардын курчуп кетишине коркунуч туулат. Ошондуктан, андай оорулардын алдын-алып операция аркылуу алкым бездери алынып салынат.
Учурда лазердик операция да ийгиликтүү колдонулат.

ЭЛДИК МЕДИЦИНАДАН
Ангина кармаганда...

  • Эмен дарагынын кабыгын сууга салып, 10 мүнөт улам аралаштыруу менен кайнатып алат. Анан сууган кезде тамакты чайкайт.
  • Эвкалипт жалбырагынын тундурмасы менен (100грамм жалбыракты 1 литр кайнак сууга демдейт) тамакты күнүнө төрт-беш жолу чайкоо керек.
  • Жаңгактын 15 грамм жалбырагын 1 стакан сууга кайнатып алып, кайнатма сууганда тамакты чайкоо да жакшы жардам берет.

Даярдаган Канымжан Усупбеокова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Zulya2
2016-09-29 15:53:06
ой жакшы болбодубу тамагым аябай ооруп атты эле чоон рахмат кенешинерге
0
№ 229, 17-29-март, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан