Бишкектин Жал кичи районундагы көп кабаттуу үйдө жайгашкан батирлердин бирине баш бактым. Алдымдан тосуп чыккан 10 жаштагы тестиер бала жүгүрүп келип бетимден өптү да, бөлмөдө отурган таенесине барып “эне, сизди тартканы келиптир” деп, тарак алып чыгып энесинин чачын тарап койду. “Жароокерим, менин эрмегим ушулар” деп неберелерине жалынган Үмүт апа 25 жылдан ашуун оору менен алышып келе жатканын, таттуу балалык эмне экенин билбей чоңойгон кызынын тагдырын да айтып кейип отурду.
“ЖЕР ТӨЛӨДӨ ОТУРГАН 12 ЖЫЛ АРАЛЫГЫНДА ДЕН СООЛУГУМДАН АЖЫРАПТЫРМЫН”
– Азыр 59га чыктым. Тилекке каршы, анын жарымын эле оору менен алышып жүрүп өткөрдүм. Чүйдүн Кемин районуна караштуу Кызыл-Октябрь айылында төрөлүп, өстүм. Үй-бүлөдө 3 кызбыз, ата-энебиздин көзү өтүп кеткен. Бир сиңдим былтыр автокырсыктан каза болуп калды, экинчи сиңдим да онкологиялык оору менен ооруп, азыр ооруканада жатат.
Өзүм мектептен кийин Бишкектеги соода техникумун аяктагам. Алган адистигим боюнча Балыкчы шаарында иштеп жүргөнүмдө ала качып кетишти. Каракол шаарына келин болуп калдым. Ал жакта жарым эле жылдай жашап, Барскоон айылынын четиндеги Үч-Кошкон геологиялык экспедициясында мен кампа башчысы, жолдошум айдоочу болуп иштеп калдык. Ал жакта кадимкидей эле кен казылчу, изилденчү. Үч-Кошкондо баш-аягы 12 жыл эмгектендим, жумуш ордум жер төлөдө эле, сыз, караңгы. Анын үстүнө кен казылган жерден акырындап ууланат да экенсиң. Жер төлөдө отурган 12 жыл аралыгында ден соолугумдан ажыраптырмын. Кийин ал жак жабылып калды. Азыр ордунда “Кумтөр” компаниясы иштеп жатат.
“АСТЫБЫЗГА КОРОБКАЛАРДЫ САЛЫП АЛЫП СЕЙИЛ БАКТА 2 КҮН ЖАШАДЫК”
– 31 жашымда сөөктөрүм кыйшайып, сыздап оорута баштады. Врачтар ревматоиддүү артрит деген диагноз коюшту. Жолдошум менен аял катары жашай албай калдым. Оорум күчөп баштаганда ал “сени менен жашай албайм. Мага башка аял керек, башымды бошот” деди. Аргам барбы, 1988-жылы төрөлгөн кызымды жетелеп алып Токмоктогу сиңдимдикине келе бердим. Жолдошум кийин бат эле үйлөндү. Кызыбыз Назгүлгө алимент кестирип алайын десем, “кызды мага бересиң, бербесең алимент да жок” деди. “Сенин алиментиңсиз эле жашайм” деп кала бердим. Жолдошум экөөбүз ажырашканда мен 32де, кызым 2ге чыгып калган эле.
Сиңдимдин балдары жаш, анын үстүнө жолдошу да көп ичкендиктен “эже, кечириңиз, батыра албайм” деди. Ошентип кызым экөөбүз Бишкекке келдик. Барарга жерибиз жок да, “Панфилов” сейил багында 2 күн жашадык. Коробкаларды чогултуп келип астыбызга салып жаттык. Ал убак жай мезгили эле.
“АРЗАНЫНА КАРАП ТЕРЕЗЕСИ ЖОК МОНЧОДО ЖАШАДЫК”
– 3-күн дегенде Караколдо жашап жүргөндө таанышкан бир келинге сейил бактан жолугуп калдым. Анын үйүнө бир күн түнөгөндөн кийин “кечке эле жашай бермек белем” деп уялып чыгып кеттим. Кызымды көтөрүп алып кайда барсам деп көчөдө турам. Кудай жалгап курсташ кызыма жолугуп калдым. Ал Бишкектин четиндеги Военно-Антоновкада жашап, соода кылат экен. Мага да сооданы үйрөтмөй болду. Ошентип курсташ кызым мага Военно-Антоновкадагы мектепке жакын жерден көчөгө стол коюп, майда-чүйдө товар алып берди. Ошолорду сатып иштеп калдым, кызым жанымда жүрөт. Эки айдай анын үйүндө жашадык, кызым каралбай калгандыктан башы биттеп кетти. Аябай уялдым, анан бир арзан үй чыгып калып, батирге чыгып кеттим. Канча батир котордук, арзанына карап терезеси жок мончодо жашаган күндөрүбүз болду.
Ошол жакта жүрүп кызым чоңоюп, мектепке кирди. Тапканым менин дары-дармегиме, батир акысына, тамак-ашыбызга эптеп жетет. Талаа-түздө жүрсөм оорум жакшы болмок беле, күчөй берди. Жанымды оозума тиштеп алып жүрө бердим, кызымды багышым керек эле. Менин оорумдун айынан кызым оюн-күлкү эмне экенин билбей чоңойду. 4-классынан баштап “Азамат” унаа базарында машина жууп иштеп мени бага баштады.
“ТАБАРСЫГЫМДАН 5 КИЛОГРАММ КИСТА АЛЫНДЫ”
– Акыркы 6 жыл такыр эле төшөктөн тура албай калдым. Берки оорум аз келгенсип, 2017-жылы табарсыгыма операция жасалып, 5 килограмм киста алынды. Эми бөйрөктө да киста бар деп жатышат, бирок менин абалымда азырынча операция жасаганга болбойт экен. Жүрөк оору да жабышты. 1-топтогу майыпмын да, анын үстүнө онкологиялык ооруканада каттоодо турам. Андыктан айрым дарыларды бекер беришет, жогун сатып алганга туура келет. Табарсыгыма операция жасалганда түтүктү сыртка чыгарып коюшкан, “жаракатыңыз жакшы болгондо алып салабыз” деп. Бирок жакшы боло албай бир жылдан бери ушул түтүк менен жүрөм. Дайыма жалаяк менен жүргөнгө туура келет. Анын бир даанасы эле 60 сом. Өзүбүз батирде турабыз, колум оозума жетпейт, баса албайм, анан кичине неберелеримдин алы жетпей, кызым дайыма жанымда болуп жатат. Ушинтип эле азап жеп жашап келе жатабыз. Андыктан элдин жардамына муктажбыз. Ушу неберелеримдин чайын ичип төрдө отурган күнгө жетсем экен деп кыялданам.
“КЫШКЫСЫН МЕКТЕПКЕ ЖАЙКЫ ТУФЛИ ЖЕ КӨЛӨЧ МЕНЕН БАРГАНГА ТУУРА КЕЛЧҮ”
Үмүткан айымдын кызы Назгүл да оор тагдыры тууралуу кошумчалап өттү:
– 1-класска чейинки курагымда кыйналганыбыз мага билинчү эмес. 2-класстан баштап апамдын кыйналганын сезе баштадым. Кышкысын бутума өтүк жок, жайкы туфли же үйгө кийген көлөч менен мектепке барганга туура келчү. Сумка алып бере албай, курбусунун кызынын эски сумкасын сурап берген эле. Классташтарым башында шылдыңдап, анын айынан көп жолу ыйлап келдим. Бир айлап окууга барбай койчумун. Бирок жакшы окучумун, анын үстүнө мугалимдер апамдын абалын билгендиктен мени “окушуң керек” деп колдоп, барбай койсом бааларды өзүлөрү эле коюп берип коюшчу. 4-классымдан машина жууп иштей баштадым. Дем алыш күнү таң эрте саат 4тө унаа базарга барабыз. Унаасын жуудургусу келгендер чаң терезесине “жууп кой” деп жазып коюшат. Мен жууп кетем. 25 сомдон өйдө төлөшөт, күнүнө 350-500 сомго чейин тапчумун.
“ЖЕ МЕНИ ТАНДА, ЖЕ АПАҢДЫ ТАНДА” ДЕГЕН МАСЕЛЕ КӨТӨРҮЛДҮ”
– Классым жогорулаган сайын классташтарым дагы колдоп, курбуларым кийимдери менен бөлүшүп калышты. Унаа базарынын администратору мени таанып калып, жумушка алды. Элдин баары кеткенден кийин эки күн базарды шыпырып тазалап чыкчумун. Ошентип туруктуу айлык ала баштадым. 11-классты бүткөнгө чейин ошол базарда иштедим. Мектептен кийин билимимди уланта алган жокмун, иштеш керек эле.
20 жашымда кочкорлук жигитке турмушка чыккам. Бирок 3 балалуу болгондон кийин ажырашууга туура келди, “же мени танда, же апаңды танда” деген маселе көтөрүлдү. Мен апамды ушул абалда кантип жалгыз калтырмак элем, үч баламды алып баса бердим.
Азыр балдарымдын экөө 4-класста, кичүүсү 2-класста окуйт. Булар дагы жокчулукту эрте түшүнүп, бир нерсе алып бер деп кыйнабайт. Кичүүсүнүн балаты майрамына белек үчүн 500 сом таап бердик ыйлаганынан. Берки экөөнү “чоңойдуңар” деп эле тим болдук. Азыр балдарым подъезддердин эшигине чапталган “жумуш берилет” деген жарыяларды жулуп келишет. Тегеректеги үйлөрдү кыдырып жыйнап берем, “салат жаса, тамак жаса” дегендер болот, андан сырткары төшөк каптап, курак курайм. Ушундай майда-чүйдө буюртмалар болуп турса да жакшы. Бирок ал да кээде болот, кээде болбойт. Көп убакытка апамды таштай албайм, ашып кетсе 2-3 саатка эле чыгам. Ошентип бир үйдө бири-бирибизди караан тутуп жашап келе жатабыз.
Асыл Орозбекова
koom@super.kg