Ромашка – байыртадан колдонулуп келе жаткан ишенимдүү дары каражат. Ал гана эмес, сулуулукту сактоодо да жардамы чоң. Организмге терс таасири жок бул гүлдү сиз да пайдаланып көрсөңүз болот.
ЧОГУЛТУУ ЖАНА ДАЯРДОО
Дарылыкка, негизинен, ромашканын гүлү колдонулат. Гүлү май-август айларынын аралыгында чогултулат. Кокус жамгырдан кийин жана шүүдүрүмдө чогултулса, анда начар кургап, өңү карарып калат. Андыктан жаан жаабаган учурда чогултуу керек. Адатта көлөкө жерде 5-7 күндө кургайт. Үйдүн чатырында кургатса да болот. Жол жээгине жакын өскөндөрүн чогултпоо керек. Анткени алар машинадан бөлүнүп чыккан уулуу заттарды өзүнө сиңирип алат.
Гүлүнүн курамында эфир майы, никотин, салицил жана аскорбин кислоталары, каротин, кант, белок жана башкалар бар.
РОМАШКАДАН ЖАСАЛГАН ДАРЫ-ДАРМЕКТЕРДИН КОЛДОНУЛУШУ
Дары-дармектер суук тийгенге, аллергияга жана сезгенүүгө каршы, ошондой эле ооруну басаңдатууда колдонулат. Ромашка кан токтотуучу, микробдорду өлтүрүүчү (антисептикалык), калтыратмага каршы касиетке да ээ. Булардан тышкары тердетүүчү, ичти көптүрбөөчү, ашказан-ичегинин, өпкөнүн иштөөсүн калыптандырып жана жакшыртуучу, баш мээнин кан тамырын кеңейтүүчү таасири бар. Бронхиалдык астманы, гастрит жана колитти (жоон ичегинин сезгенүүсү), экземаны, ич көбүүнү, жараны, боордун, табарсыктын жана өттүн сезгенүүсүн, неврозду жана үчилтик нервдин оорусун айыктырууда кеңири колдонулат.
Ромашкадан жасалган дарыны кабыл алганда ашказан жана ичегинин маңызы көбүрөөк бөлүнүп чыгып, тамакка табитти ачат. Өттүн бөлүнүп чыгышын шарттайт. Тамак ооруда тамакты чайкап жана буулоодо, дары клизма жасоодо, тиштин бүйлөсүнүн оорусунда оозду чайкоодо, бут-колдун терчилдигинде ванна катары пайдаланылат. Экземада, жарада, тытылган жерди айыктырууда ромашкадан компресс жасалат. Геморройдо жуунуу керек.
Чарчаганда, кофени көп ичип алганда, адам өзүн жаман сезгенде ромашканы дары катары колдонсо, жардамы чоң.
КОСМЕТИКАДА
Кайнатмасы чачтын түшүүсүнө жана майда какачка каршы колдонулат. Ромашка бет майлардын, бетти жана денени сергитүүчү каражаттардын курамына да кошулат. Тундурмасы менен чачты жууса, чач алтын түстөгүдөй өңгө келет.
Колдонууга карата рецепттер
Анан бетти сүлгү менен чүмкөп, идиштеги дары суунун буусунан ооз менен дем алуу керек.
Эскертүү! Кош бойлууларга колдонууга болбойт!
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg