Талант Калыков, "Мамлекеттик лотерея компаниясы" мамлекеттик ишканасынын директору: “МАМЛЕКЕТТИК ЛОТЕРЕЯ ДҮЙНӨЛҮК ТАЖРЫЙБАГА КАРАП ТҮЗҮЛГӨН”

Мамлекеттик лотереялык компания кантип ачылып калганы, андан түшкөн пайда кайда жумшалары сыяктуу элди кызыктыруучу суроолорго жооп алуу үчүн ишкананын директору Талант Калыков менен маектештик.

– Мамлекеттик лотереялык ишканасы тууралуу айтып берсеңиз.

– 2016-жылы Кыргыз Республикасынын өкмөтү дүйнөлүк тажрыйбаны эске алып «Мамлекеттик лотереялык компания» мамлекеттик ишканасын түзгөн. Ошентип ишкана «Кыргыз лото» бренди менен ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жатат. Дүйнөлүк тажрыйбага карасак, мамлекеттик лотереядан түшкөн каражатка АКШда атагы чыккан Гарвард, Колумбия, Йельск университеттери курулган, Австралияда «Опера Хаус» театры курулган. Мына ошол жана башка тажрыйбалар мамлекеттик лотереялык компания түзүүгө негиз болгон. Муну өкмөт башчыбыз Абылгазиев Мухаммедкалый Дүйшекеевич өзү колдоп, ишмердигибизди август айында баштадык.

– Лотереядан түшкөн акчаны сиздер кайда жумшайсыздар?

– Кыргыз Республикасынын «Лотереялар жөнүндө» мыйзамына ылайык, лотереянын байге фондунун акчалай эквивалентин эсептеп чыгаргандан кийинки лотереяны өткөрүүдөн түшкөн акчанын 10 пайыздан кем эмес өлчөмү "Максаттуу чегерүүлөр фондуна" бөлүнөт. "Максаттуу чегерүүлөр фондуна" түшкөн каражатты жылдын аягында өкмөт спортту, маданият, искусство, илим, билим жана социалдык программаларды колдоого жумшайт. Дагы 10 пайызы сатуучулардын акысына бөлүнөт, калган 20-30 пайызы жарнама, маркетингдик, административдик керектөөлөргө, жумушчулардын айлык акысына кетет. Байге фондуна 50 пайыздан кем эмес жумшалат.

– Байге ээлери кандай жол менен, канча убакытта байгесин ала алышат?

– Эң туура суроо. Себеби көптөгөн жеңүүчүлөрүбүз ушул жагдайга нааразылыктарын айтып келишүүдө. Анткени 1000 сомго чейинки байгелер сатуу түйүндөрүбүздөн берилет, ал турган иш. Ал эми андан жогорку байгелер кеңседен гана берилет. Себеби ар бир билет текшерүүлөрдөн өтүшү абзел, билетти жасаган ишкана билеттин жасалма эместигин тастыктап бергенден кийин гана жеңүүчү утушун ала алат. Билеттер текшерүүдөн өтмөйүнчө жеңүүчүлөргө байгесин тапшырууга укугубуз жок.

ИЙГИЛИК ЖЫЛМАЙГАН УТУУЧУЛАР

"Кыргыз лото" тираждык оюнунун кезектеги баш байгеси – 1 миллион сомду Кара-Балта шаарынын тургуну Мээрим Касыева утуп алды. Мээрим Кара-Балта шаарынын базарынан 2 лотерея билетин сатып алып, анын бири ээсине чоң байге тартуулады.

"Биз лотереядан 1 миллион сом утуп алганыбызды кечки саат 10дор чамасында билдик. Түз эфирди өткөрүп жибериптирбиз. "Кыргыз лотонун" Инстаграм баракчасына кирип, баш байгени утуп алганыбызга ынандык. Сүйүнүп, түнү менен уктай албай чыктык. Анан сиздердин кеңсеге келдик. Азырынча акчаны кайда короторубузду чече элекпиз. Абдан кубанычтабыз!"- дейт Мээрим Касыеванын жолдошу. Бул жаш жубайлардын 3 кызы бар.

25 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну Ибарат Буларбекова биринчи жолу “Жетиген” көз ирмемдик лотереясын сатып алып, андан 50 миң сом утуп алган. Ал “Табылга” соода борборунан 1 лотерея билетин сатып алып, утуштун суммасын көргөндөн кийин көпкө чейин чын экендигине ишене албай турган. Айрыкча жаңы жыл алдында кереметтер көп болот, сиз да бул мүмкүнчүлүктү кетирбей кармап калыңыз!

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Учар айылынын тургуну Бекназар Абдибаитов “Жетиген” көз ирмемдик лотереясынан 200 миң сом утуп алды. Ал досу менен Өзгөн шаарынын борбордук базарына курулуш материалдарын алуу үчүн барып, базардын ачылышын күтүп отуруп “Кыргыз лотонун” сатылып жаткан билеттерин көрүп көз ирмемдик лотерея билетинен бирди сатып алган. Ал билетинен 50 сомдук утуш чыгып, анысын дагы бир билетке алмаштырган. Жыйынтыгында 200 миң сом утуп алган. 2 баланын атасы болгон Бекназар дарбаза жасап эмгектенет. Ал “Утуп алып өзүмө өзүм ишенбей, кайра-кайра билетти карай бердим. Айланама эл топтолуп кетти. Акча колума тийсе үйдөгү керектөөлөргө жумшайм. “Кыргыз лотонун” лотереяларын дагы ойнойм” дейт Бекназар.

Ош шаарынын тургуну Жалын Асанов “Жапалак” унаа базарынан көз ирмемдик “Илбирс” лотерея билетинен экини сатып алып, анын бирөөсүнөн 100 миң сом утуп алган. Ал уткан акчасын колуна алган, ал тургай аны эмнеге жумшаары тууралуу алдын ала план да түзүп койгон. Жалын мындан ары да “Кыргыз лото” лотереясын ойной берем деп убада берди.


Замирбек Дадабаев Ош шаарындагы "Жапалак" унаа базарынан "Илбирс" көз ирмемдик лотерея билетин сатып алып, 600 миң сом утуп алган. Бүгүн ал уткан акчасын колуна алып отурат. Ал "күтүлбөгөн жерден акча утуп алдым, ошондуктан аны кайда жумшаарымды азырынча билбейм" дейт.




Бул сапар Жыпаргүл Термечиковага ийгилик жылмайды. Ал “Тулпар” лотереясынан 100 миң сом утуп алган.






Ош шаарынын тургуну Бактыбек Садыков “Илбирс” көз ирмемдик лотереясынан 100 миң сом утуп алган.






Рустам Эгамбердиев 31-августта ойнотулган "Кыргыз лотонун" биринчи тиражында 10 билет сатып алып, баш байгеге коюлган 2018-жылкы Тойота Камри 70 үлгүсүндөгү унааны утуп алган. Ал уткан автоунаасын эми колуна алып, сүйүнүп турган учуру.




"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Beka..1994
2018-12-25 22:21:12
Мага да насип кылсын.
0
FC.KERBEN
2018-12-25 22:32:04
Мен да ойноп утайын Оомин
0
FC.KERBEN
2018-12-25 22:32:54
Мен да утайын лотереядан оомин
0
Sirimo1988
2018-12-26 20:09:10
биз дагы уталык бизде машина да уй да жок жолдошум экообуз кыйналдык кудайым берээин унутпасын
+1
Sirimo1988
2019-01-02 00:34:28
Аз гана саналуу гана кундор калды Аллахым бизге насип кыла кор
0
№ 842, 21-27-декабрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан