ӨЛҮМДҮН ҮЧ ТҮСҮ (Миллионердин акча үчүн болгон курмандыгы, өлүмү, сүйүүсү тууралуу сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Азиза ойлонуп жатты. Амандын апасын издегенге убакыт кетип калат. Алгачкы максаты – Элинаны актап чыгарышы керек. Өлчөп-ченеп жатып даярдалган материалын эфирден коё берүүнү туура көрдү. Бул ал үчүн улуу күн эле... Экрандан жүрөк титиреткен музыка чыгып аялдар түрмөсү көрүнө баштады. Микрофонун кармаган кыз экрандан басып келе жатты.

– Бул көрсөтүүнү даярдап жатканымда мени бир гана ой жетектеп турду. Адилеттик... Күнөөсүз адам... Мени көрүп жаткан ар бир адам, ал эркек болсун, ал аял болсун, “менин кызым ушу жаш кыздын ордунда болуп калышы мүмкүн” деген ой менен көрүүсүн кааладым. Анткени ар бир бурчтан биз мындай адилетсиздикке туш болуп жатабыз. Элина 24 гана жашта. Экс-депутаттын эки баласынын энеси! Ал эми бул окуянын башатында мурунку премьер-министр Сыялы Туманов турганын билесиз. Эмесе кеттик! Менин ордума чындык сүйлөсүн!

Саясий чөйрөгө, элитага бомба түшкөндөй болду! Мындайды ким көргөн? Кимдин духу жеткен? Ким мынчалык кылдат иштеп чыккан? Учурунда Кыргызстандагы №2 болуп жүргөн адамдын дарегине айтылып жаткан олуттуу күнөө болчу.

Экранда Элина...

– Мен Тумановдон көп эскертүү алдым. Жолдошумдун өлүмүнө тиешелүү болгон тергөө иштерин токтотушумду талап кылды. Андагы кайсы бир фактыларды жашырууга мажбурлады. Түз сөз менен айтканда, бул иштен баш тартышымды талап кылды. Мен баш тарта албадым. Анткени... Анткени мен балдарым чоңойгон учурда алардын атасынын тарыхын айтып берүүм керек эле. Эки ийнимди куушуруп, атасы эмне болуп каза болгонун билбейм деп айтуу мен үчүн оор болмок. Аман киши колдуу болуп каза болгону белгилүү эле. Анткени Казакстандагы ал иштеген алтын кенинде акыркы жолу өткөн медициналык кароодо ден соолугу чың экени белгиленген. Ал өлүмүнө аз калганда текшерүүдөн өткөн, анткени чет өлкөгө чакыруу алган экен. Ал эми Амандын өлүм тарыхында жүрөгү кармаганын, боору жана ашказаны алсыз экенин, айтор, болгон-болбогон оорунун баары бар экенин кийин билдим. Мен бул иштин түйүнүн чечкенге аракет кылдым. Бирок жөн жерден баңгизат менен карматышты. Эч кимге ак экенимди далилдей албадым. Түрмөгө түштүм! Балдарым сыртта калды! Бул көрсөтүүдөн кийин мени өлтүрүп салышы да мүмкүн. Бирок мен балдарымды ата-энесиз таштагандан көрө акыркы күчүмдү жыйнап туруп чындыкты айтууну туура көрдүм.

Экранда Нуриза Туманова менен Азиза... Сүрөткана.

– Сүрөттөгү депутат Аман Алимбеков эмеспи?

– Жо-ок...

– Сиз аны таанычу эмес белеңиз?

– Эмнеге бул суроону сурап жатасыз?

Кубарып, колдору титирей түшкөн Нуриза.

Экранда Сыялы Туманов. Интервью алып жаткан учур.

– Экс-депутат Аман Алымбеков сиздин күйөө балаңыз болгонбу?

– Мындай суроого жооп бере албайм.

– Демек, болгон эмес.

– Жок, болгон эмес!

Кайра стендап. Экранда микрофон кармаган Азиза.

– Сиздер билгендей, Нуриза Туманова жана Сыялы Туманов Аман Алымбеков тууралуу чындыкты айтышкан жок. Бирок мыйзамдуу түрдө никеге турган күбөлүктүн көчүрмөсү менин колумда турат. Эмнеге деген суроо туулат. Эмне үчүн алар бул жагдайды жашырышууда? Балким, акыркы жолу так ушу кишилер Аманды көргөн болуп жүрбөсүн? Сиз да ойлонуп көрүңүз. Ал эми бул учурда эки баланын энеси күнөөсүз жерден түрмөдө жатат! Эмесе, “Чындык сүйлөсүн!” көрсөтүүсүнүн кийинки чыгарылышына чейин аман болуңуз.

Бир сааттан ашык сүргөн көрсөтүү Сыялы Тумановдун жеңилиши эле. Сокку Азиза ойлогондон да таамай тийди. Тез арада социалдык тармактарда, жалпы ММКларда сөздүн баары ушулардын айланасында болуп калды.



ххх

Тиктеп турат Сыялы Туманов. Кайра-кайра көзүнө ишенбей видеону карап чыкты. Эч түшүнө албай жатты. Оңой эле жеңем деген чыканактай кыз аны жер менен жексен кылганына эч ишене албай турду. Мүмкүн эмес! Буга жардам берген, акыл үйрөткөн, сүйөмөлөгөн бирөө бар. Алар дагы өзүнүн айланасындагы кой терисин жамынган карышкырлар. Ким? Асылбекпи? Таштанбы? Элинага жардам берген ким? Ал эми тиги көзү курч журналистти сатып алышты. Оңой эле сатып алышты. Жаш кыз, популярдуу болгусу келген жаш журналист. Эмнеге болбосун? Өзүн баатыр сезип кофе ичип отурса керек азыр. Иттики... Жардамчысы чалды. “Эми эмне кылабыз?” деди ал Тумановдун өзүнөн өтүп чарасыз. “Өзүм чалам” деп бурк этти. Башына эч ой келбей турду.


ххх

Нуриза. Өзүн-өзү таппай калган, жаңылыштыктын аркасынан жаңылыштык жиберген байкуш Нуриза. Бөлмөсүнө кирип чүмкөнүп жатып алды. Жарыкты да жандырбады. Көкүрөгүндө коркуу. Ошентип жатып уктап калган экен. Көзүн ачса атасы маңдайында отуруптур.

– Кана, мага баарын айтып бер. Тиги журналист сага качан жанашып жүрөт?

– Ата, мен азыр сүйлөшкүм келбеди.

– Азыр сүйлөшөбүз. Ансыз да телефон тынбай чалып жатышат. Журналисттер кутуруп кеткендей сени издеп жатышат. Азыр башыңды чүмкөп жатып ала турган абал эмес.

– Анан?

– Мага баарын айтып бер. Качан келди сага?

– Азыр ал деле маанисиз, ата. Мени жайыма кой.

Нуризаны жулкулдатып жиберди.

– Акмак кыз, сага качан акыл кирет, ыя? Качанкыга чейин...

Кызынын көзүнөн чууруган жашты көрүп, ичи түтпөй кетти. Кучактай калды.

– Баары жакшы болот.

– Ата, мен коркуп жатам. А балким, азыр бизди билип алышса.

– Эч ким билбейт! Сен укта, жаман нерселерди ойлобо. Мен баарын жайгарам.

Дайымкысындай ушинтип айтты. Дайымкысындай Нуриза ага ишенди.



ххх

Азиза телефонун карады. Апасы чалып жатыптыр. Токтобой чалды. “Барам, апа, экөөбүз көпкө сүйлөшөбүз, акыры оозуң ачыла турган мезгил эми келип жетти” деди.

– Ээй, жинди кыз,- деди Нуржигит ийинден ала. – Рейтинг учту. Азаматсың, башка эмне дейбиз?

– Сыялы чалдыбы?

– Азырынча ойлонуп жатат. Стратег экенин билесиң да. Соккусуна даярбыз. Баса, сени үйүңө мен жеткирем.

– Койчу ай, эмнесинен коркосуң?

– Сен коркпойсуң. Аны билем. Бирок сен үчүн да бирөө коркуш керек да.

– Корккон жокмун, бирок бир нерсе сезип жатам. Таттуу нерсе. Балким, жеңиштин даамыдыр...

– Өзүңдүн эсебиң бар экенин билем. Башым жетпегени, Сыялы экөөңдү такыр байланыштыра албадым.

– Ага башыңды коротпо.

– Азиза?

– Ии?

– Өзүңө сак бол.

Рюкзагын ийнине аскан кыз көчөдө жалгыз кетип бара жатты. Үйүнө барбады. Апасы менен жолуккусу келбей турду. Терең дем алып асмандагы жылдыздарды карап турду. Дал ушул учурда капкара машине токтоду. Ичинен чыккан жигиттер Азизаны курчап алышты.

Урматтуу окурман, авторлордун талабы менен жарыяланып жаткан сериалдар мындан ары "Супер-Инфо" гезити аркылуу гана уланып, 2019-жылдын 2-январынан тарта SUPER.KG порталына жарыяланбай турганын эскертебиз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (160)
Jonokoi_insan
2019-01-15 12:29:21
- Жооп беруунуздорду кутом...
0
miska12
2019-01-15 14:04:56
Бир жолу бул сериалдарды бутуруп анан жазбай деле койсонор болмок. Азыр копчулук окурмандар ушул 2 сериал учун Гана сайтынарга кирип окуп жаткан. Алардын бири менмин))
+1
admin_portal
2019-01-15 15:16:16
Урматтуу окурман! Жарыяланып жаткан сериалдар АВТОРЛОРДУН ТАЛАБЫ менен мындан ары "Супер-Инфо" гезити аркылуу гана уланып, SUPER.KG порталына жарыяланбай турганын эскертебиз.
Чет жактан порталга кирген окурмандарга кантип окууга мүмкүн болорун кабарлайбыз.

*Бул суроо менен кайрылган бардык окурмандарга купуя аркылуу жогорудагы кат жиберилди.
+1
Rubin
2019-03-05 19:27:55
admin_portal,мага да купуя кат аркылуу өлүмдүн үч түсү сериалын жөнөтүп коюңузчу.
0
zheenbaev95
2019-03-20 02:17:20
admin_portal,урматтуу админ бизге да жөнөтүп койуңуздарчы
0
Bakush
2019-11-25 12:02:32
admin_portal, админ саламатсызбы олумдун уч тузу сериялынын номер 843нон баштап жонотуп кое аласпы купуя сыр болсун
0
Chaki2795
2019-01-15 22:55:58
Ай караган текедей калып кеттик го
0
Ayzhamal0617
2019-01-25 20:12:05
Админ сериялдарды купуя жөнөтө аласыздарбы купуя жөнөтсөңүздөр аябай жакшы болмок
0
Eliza970416
2019-01-29 01:01:44
Саламатсызбы админ 844.845.846 жана 847 чыккан сандагы олумдун уч тусу сериалы купия кат аркылуу жиберинизчи сурааныч
0
Eliza970416
2019-01-29 01:04:10
Башка шаардамын жиберип койунуздар суурааныч
0
Roto
2019-02-03 03:12:50
ким окуду башка сайтка чыгарып койгулачы одноклассник сыяктууларга
0
aigerim-almazbekova
2019-02-19 11:45:43
Качан окуйбуз мне кыргызстанда эмесмин даа
0
aigerim-almazbekova
2019-02-19 11:46:15
Мага да жонотуп койунузчу админ
+2
Aimu
2020-03-31 17:10:23
Саламатсызбы админ! Номер 843 дон баштап ,купуя жонотуп койюнузчу ? Мен Москвадамын. Алдын ала рахмат
+1
Aimu
2020-04-14 13:25:52
Саламатсызбы админ! Олумдун уч тусун купуя жонотуп койюнузчу? Аягына чейин бутуруп койойюн...
0
Чынара
2024-02-26 03:50:00
Ассаламу аалейкум Супер инфо жамааты Россиядамын 5 жыл болду ушул китемти издедим тапбадым сурана. Мага да жонотуп коюнуздарды аягы эмне болду экен
0
Nadina
2020-08-03 15:59:44
Саламатсызбы!
Тилекке каршы алыс жактагылар сериалдарды толук окуй албай калдык...
Сиздерден сураныч "Өлүмдүн үч түсү" деген сериалдын 843-санынан кийин чыккан уландысын купуя кат менен жөнөтүп коюңузчу)))
Алдын ала рахмат)))
-1
Aimalika
2020-08-17 21:09:23
Саламатсызбы админ! Номер 843 дон баштап ,купуя жонотуп койюнузчу ? Мен Россиядамын. Алдын ала рахмат
+2
Айгерим
2024-12-14 22:17:00
Салам админ ! Жонотуп койгулачы аягы эмне болдукен?
0
№ 843, 28-декабрь - 3-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан