КАРДАРЫНА ЖАСАГАН ЖАКШЫЛЫГЫ МЕНЕН БҮТҮНДӨЙ ӨЛКӨ СЫЙМЫКТАНГАН КАЙРАТ ТЕНТИМИШЕВ ЭС АЛУУГА ҮЙҮНӨ КЕЛДИ. АНЫН МЕКЕНИНЕ КЕЛИШИНЕ BEELINE КОМПАНИЯСЫ КӨМӨК КӨРСӨТТҮ

Буга чейин Варя Борцова аттуу орусиялык интернет колдонуучу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына таасирдүү окуясын бөлүшкөн. Анда ал чет өлкөдөн Москва шаарына учуп келип, үйүнө жеткирип барган таксисттин унаасына сумкасын унутуп калганын, буюмун кайтаруу үчүн ал жигит суукка карабай үйүнүн алдында 8 саат күтүп турганына ыраазы болгонун жазган. Сумкасында анын көп суммадагы акчасы жана документтери болгон.

СУМКАСЫН УНУТУП КЕТКЕН КАРДАРЫН 8 СААТ КҮТКӨН

Варя Борцова бул окуядан кийин аны издөөгө киришкен. Жыйынтыгында ал таксист Сокулук районундагы Асыл-Баш айылынын Кайрат Тентимишев аттуу 30 жаштагы тургуну болуп чыккан. Көпчүлүккө үлгү болгон иш-аракети үчүн Beeline компаниясы Кайрат Тентимишевге бир жылдан бери көрүшө элек кыздары менен жолугуп кетүүсүнө шарт түздү.

– Beeline коомчулук үчүн түшүнүктүү жана жөнөкөй байланыш болууга багыт алат. Биз калыс, ачык жана ынтымактуу болууга аракет жасайбыз, албетте, биз менен бир толкунда болгондорду колдойбуз. Кайрат негизи өзгөчөлөнгөн аракетти көрсөткөн жок, болгону абийири менен иш жасады. Бирок коомчулук моралдык баалуулуктардан арылып бараткан бул заманда анын кардарын 8 саат күткөнү жалпы эл үчүн үлгү болду.

Биздин мекендешибиз аз убакытка болсо да үй-бүлөсү – кыздары жана ата-энеси менен чогуу болуп жаңы күч топтоп кетти деп ишенебиз. Үй-бүлөсүнөн алыста жүргөн адамга жакындары менен чогуу өткөргөн ар бир мүнөтү баалуу эмеспи. Биз бардык кыргыз жарандарына жакындары менен бетме-бет жолугуп, сүйлөшүп, жетелешип, бири-бирине жакшы сезимдерин, ыраазычылыгын билдирип жашашын каалайбыз. Мунун баары татаал эмес эле нерселер да,- деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.

“АР БИР ЖАКШЫЛЫК ЭСЕЛЕП КАЙТЫП КЕЛЕРИНЕ ИШЕНЕМ”

Таксисттин айтымында, ал Москвадан келинчеги менен келген. "Биз барганда кыздарыбыз абдан кубанышты. Сагынычтарыбызды таратып, маңдайыбыз жарыла сүйүнүп, үй-бүлөбүз толукталып божурап эле калдык. Биз үчүн бул Жаңы жыл алдында абдан жагымдуу белек болду",- деди ал.

Кайрат Тентимишев менен анын жубайы Аида Аязбек кызы экөөнүн ортосунда 3 кызы бар. Улуу кызы 2-класста, ортончусу 1-класста окуп жатса, кичүүсү 4 жашка чыкты. Кыздарын Кайраттын ата-энеси карайт.

"Адамга жасаган ар бир жакшылык эселеп кайтып келерине ишенем. Мен кардарыма жасаган мамилемден кийин көптөгөн жакшылыктарга туш болдум. Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен, ар түрдүү коомдордон чакырышып, ыраазычылык баракчаларын тапшырышты. Келе жатканда да аэропорттон тааныгандар учурашып, жакшы кептерин айтып жатышты",- дейт Кайрат.

Кайрат Тентимишев Орусияга туура 1 жыл мурун кеткен. Ошондон бери ал кыздары менен көрүшө элек болчу.

"21-декабрда кайра Орусияга учуп кеттик. Жаңы жыл алдында да сый көрсөтүү үчүн чакырган жерлер бар, ошол жактарга барабыз. Менин аракетимди баалаган бардык адамдарга жана Beeline компаниясына ыраазычылык билдирем",- дейт Кайрат Тентимишев.

БИР ЗАМАТТА АТАКТУУ БОЛГОН ТАКСИСТТИН АПАСЫ: “УУЛУМ ЭЛДИН РЕАКЦИЯСЫНА ТАҢ КАЛЫП ЖАТАТ”

Кайраттын апасы Клара Тентимишева 50 жашта. Бул айым менен Kaktus.media сайтынын кабарчылары чынчыл уулду кантип тарбиялаганы тууралуу маектешкен. Биз ошол маекти кыскартып бермекчибиз.

Кайраттын апасы Клара Тентимишева Асыл-Баш айылындагы өтө чоң эмес үйдө кайненеси жана 4 небереси менен чогуу жашайт. Неберелеринин үчөөсү Кайраттын кыздары болсо, дагы бирөөсү кызыныкы.

– Уулуңуздун мамилесине карата коомчулук ушундай реакция кылганын көрүп кандай сезимде болдуңуз?

– Уулум өтө оор абалда калганда да өзүнө ишенип, чынчыл бойдон калганына аябай кубандым. Азыркыга чейин айылдаштар келип жакшы сөздөрүн айтып кетип жатышат. Баары эле биз ага жакшы тарбия бергенибизди айтып жатышат. Башкалар уулуңду мактап жатканы эне үчүн өтө жагымдуу болот экен.

– Мындан кийин уулуңузга эмне деп айттыңыз? Аны мактадыңызбы?

– Уулума чалып "ал кызды күтүп отуруп үшүп калган жоксуңбу?" деп сурадым. Анан, албетте, мактап, аны менен сыймыктанарымды айттым. Ал "бардыгы эле ушундай кылмак" деп жооп берди. Кайрат бул жерден өзгөчөлөнгөн деле эч нерсе көрбөгөнүн, кадимкидей эле кадамга элдин кылган реакциясына таң калып жатканын айтты.

– Ушундай чынчыл адамды тарбияладым деп өзүңүз сыймыктандыңызбы?

– Албетте, өзүмө да сыймыктанам. Баары эле уулуна жакшы тарбия бериптир деп жатышат. Ар бир эле эне өз баласын мекенине кызмат кылган, муктаждарга жардам колун сунган мыкты адам катары тарбиялагысы келет. Баламдын кылган ишин көпчүлүк мактаганын көрүп жагымдуу сезимдер болду. Менин 4 балам тең бир уядан учуп, бирдей тарбия алышкан. Эгер жогорудагыдай абал болсо, бардыгы тең жардам колун сунмак.

– Кайраттын атасы анын тарбиясына активдүү катышканбы? Негизи эле бала тарбиялоодо атанын ролу канчалык деп ойлойсуз?

– Балдарымдын атасы эч качан урушуп, сабап тарбиялаган эмес. Ошентсе да анын балдары үчүн атадай сүрү бар, эч кимиси атасынан түз барып батынып бир нерсени сурай алышпайт. Көбүнчө ортодо көпүрө болуп мен жүрөм, балдардын оюн атасына айтып, атасыныкын балдарга айтып. Мындай мамиле, балким, жолдошум үй-бүлө багам деп жумушта көп убакыт жүргөнүнөн болсо керек. Ал азыр да жумушта.

– Кайрат өзү кандай ата?

– Абдан камкор ата. 3 кызын жанындай көрөт. Үй-бүлөсүнөн алыста жүрүп баламдын кыйналганын көрүп санааркайм. Ата-эне менен балдардын бири-биринен ажырабаганы өтө маанилүү. Балдарым карызын төлөп бүтүп, мекенине биротоло келер күндү чыдамсыздык менен күтөбүз.

– Кайрат журналисттерге берген маегинде Кыргызстандан келген мигранттарды жаманатты кылбаш үчүн көп убакыт күткөнүн айткан эле. Байкашыбызча, ал жакта ага деле жеңил эмес. Балаңыздын Орусияга кетүү чечимин кандай кабыл алдыңыз эле?

– Кыргызстанда Кайрат келинчеги менен бизден бөлөк турушчу. Анан бизди санааркатпаш үчүн үйүндөгү кыйынчылыктарды айтышчу эмес экен. Орусияга деле жыргаганынан кеткен жок, андыктан чечимин туура эле кабыл алдым. Менин колумдан келген жардам – ата-энеси келгиче неберелеримди жакшылап багуу эле.

– Кайрат өзүнүн чынчылдыгынан жапа чеккен күндөрү болгонбу?

– Тилекке каршы, болгон. Москвага барарда бизге алыс тууган болгон адам менен сүйлөшкөн экен. Ал адам сөзүнө турбай коюп, балам бөтөн шаарда жумушу, жашаган үйү жок кыйла эле кыйналып жүрдү.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
s.sweet
2019-01-03 16:42:00
Азаматсын ишине ийгилик
+1
№ 843, 28-декабрь - 3-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан