“Кыргыз-казак бир тууган” демекчи, эки элдин маданият өкүлдөрү чыгармачылыкта биргелешип үзүрлүү эмгектенип келе жатышат. “Көк бөрү” тасмасында башкы ролду ойногон казак актёру Асылхан Төлепов супер тандоодо “Жылдын супер актёру” наамына ээ болду. Актёр, спортчу, депутат жана көп кыздардын жүрөк оорусу болгон Асылханды кепке тарттык.
КААРМАН ТУУРАЛУУ
Туулган күнү – 21-май, 1992-жыл (жылдыз белгиси эгиздер)
Туулган жери – Казакстан, Актөбө облусу
Хоббиси – Спорт менен машыгуу
Үй-бүлөлүк абалы – Үйлөнгөн, бир уулу бар
– Асылхан, сыйлыгың кут болсун, бул сыйлыкты күттүң беле?
– Сиздерге чоң рахмат чакырганыңыздарга, сыйлыгыңыздарга, мен чындап күткөн эмесмин. Андан да таланттуу актриса Жамал Сейдакматованын колунан сыйлык алган мен үчүн сыймык болду. Кыргызстандан бул тасмага тартылууга сунуш түшкөндө сүйүндүм. Тасманын продюсери да, режиссёру да казак журтуна маалым. “Апамды издеп” тасмасы Казакстанда жакшы көрсөтүлүп, жакшы баага арзыды. Дароо сценарийди сурадым, түндө эки жолу окуп чыгып аябай жактырдым. “Жигиттер, мага сценарий жакты.Эгерде тасма сценарийде жазылгандай болсо мен макулмун” дедим. Ошентип көк бөрү ойноп, үйрөнө баштадым.
– Өзүң бул оюнга мурун кызыкчу белең?
– Сиздерде көк бөрү, бизде көкпар дейт эмеспи. Атка мингенге, көкпар ойногонго кызыгам, жакшы көрөм. Көчмөн элдин баары атка кызыгат болуш керек.
– Ата-энең, актёрлук жолго кандай түшүп калганың тууралуу айтып берсең...
– Мен карапайым үй-бүлөдөн чыккам. Апам үй кожойкеси, биз менен алектенди, бизди өстүрдү, бала тарбиясында болду. Атам базарда соодагер. Туугандарыбызда өнөр адамдары жок десем болот. Бир тууган агам Казакстанда белгилүү актёр Артур Төлепов экөөбүз тең актёрлук жолду тандап алдык. Анан менден кийин бир карындашым бар.
– Кичинеңден эле актёр болом деген кызыгууң бар беле?
– Мен кичинемден спортко аябай кызыктым. Таэквондо менен көп жыл машыктым. Кара курдун ээсимин. Чоңоюп калганча эле өзүмдү спорт жаатында көрчүмүн. Бирок ата-энемдин кеңеши менен чыгармачылык жакка ооп кеттим. Өзүм башында актёрлукка такыр кызыкчу эмесмин, анткени жан дүйнөм спорт деп калган да. Кийин окуп жүрүп андан да кызыктуу дүйнө – бул чыгармачылык дүйнө экенин билип, жактырып калдым. Буга эч өкүнбөйм. Бизде Темирбек Жүргенов атындагы улуттук өнөр академиясы бар. Ошонун колледжинде 3 жыл окудум. Кийин 4 жыл академиясында окудум. Ошентип 7 жыл өмүрүмдү актёрлук кесипке ээ болууга арнадым. Театрда иштедим. 2010-жылы Казакстанда “Жау жүрек мың бала” тарыхый тасмасында башкы ролду ойнодум. Бул менин дебюттук ролум. Бул роль менин багымды ачты десем болот, ошондон улам таанылып, башка тасмаларга сунуштарды алдым.
– “Жау жүрөк мың бала” тасмасын көрүп жатып агаң Артурду да байкадым. Экөөң тең тартылгансыңарбы?
– Башында башкы каарман Сартайдын ролуна башка жигит тандалган экен. Кийин режиссёр мени көрүп калып “ушул бала болот” деп мени тандап калат. Ал кезде жашым 18де эле, азыр 26да. Акан Сатаев бизде эң мыкты режиссёрлордун бири. Тасмага тартып жатканда актёрлорду өтө кылдат карайт. Кастингде бизди үч ай сынады. Кадимкидей сынактарды тапшырганбыз. Ат чаап, кылыч менен чабышып, сууга сүзүп, күрөшүп, жалпы жарым жыл даярдык жүрүп, анан тартыла баштадык. Агам Артур экөөбүздүн тең бул тасмага түшүп калганыбыздын кызыктуу жагы бар (күлүп). Ал менден бир жаш улуу. Экөөбүз бир көйнөктү кийип кете берчүбүз. Ал эми бардык эле ага-иниде болот эмеспи. Кастингди укканда бир көйнөк кийип Артур барган экен. Аны “Төлепов А.” деп жазып калышат. Кийинки күнү мен ошол эле көйнөк менен түшкөн сүрөтүмдү жибергем. Мени да ошол фамилия менен жазып коюшат. Режиссёрго мен тууралуу айтышканда “Төлепов А. деген бала келген, башкасын алып келгиле” дейт. “Бул башка Төлепов” деп кыздар айтса да болбойт. Анан экөөбүздүн сүрөттөрүбүздү карашат. Ага-ини экенибизди билишет. Сүрөттү карап режиссёр мага кызыгып калып чакырткан. Ошентип мени башкы ролго алышты. Мен режиссёрго “Акан ага, менин бир тууган агам Артурду да алыңыз, диплому бар актёр” деп өтүндүм эле. Ошентип экөөбүз тең өтүп кеткенбиз. Ошол ийгилик алып келген, бактылуу көйнөктү сактап койгонбуз.
– Өзүңдүн үй-бүлөң тууралуу айтып кетсең.
– Жубайым Айсулуу чыгармачылыкка тиешеси жок адам. Мен аны бир тойдон көрүп жактырып калгам. Жакында уулдуу болдум, атын Алпамыш койдук. Эми жакында эле үйлөнгөн үчүн үй-бүлөм тууралуу көп деле айта албасам керек.
– Аты чыгып келе жаткан адамдар күйөрмандарын жоготуп албаш үчүн үйлөнгөнүн жашырышат го. Сенде андай сактануу болбодубу?
– Жок, жашырган жокмун. Үйлөнүү тоюбузда журналисттерди чакырган деле эмесмин. Эми ММКлардан качып кутула албайбыз да (күлүп). Тойдогу бардык сүрөттөрүбүз, видеолор чыгып кетти. Кийин өзүм да бир-эки сүрөт жүктөдүм. Эгерде адамдар сенин талантыңды сыйлап турса, алар үй-бүлөсү болсо деле, бойдок болсо деле урматтап жакшы көрүшөт.
– Сен Казакстандагы эң жаш депутаттардын бири экенсиң. Бул нерсе актёрлук өсүүңө залакасын тийгизбейби?
– Мен бул тууралуу көп ойлондум. Алматы шаардык кеңешинин депутатымын. Бул коомдук жумуш. Маяна жок, машина да беришпейт. Болгону коомго тийгизе турган жакшылыгыбыз бар. Ошол үчүн менин чыгармачылыгыма кедерги тийгизбейт. Менин негизги кесибим, нан таап жей турган жумушум – бул актёрлук. Толугу менен өнөр жолундамын.
– Жашооңдогу эң бактылуу көз ирмемди эстеп берсең, маегибизди аяктайлы.
– “Сен ата болдуң, уулуң дүйнөгө келди” деп кабарлашканда мен өтө бактылуу болдум. Карындашым кабарлады. Казактарда мындай адат бар. Силерде барбы, жокпу билбейм. Тунгуч неберени ата-энең өзүнүкү кылып алышат. Уулум төрөлгөндө сүйүндүм. Бирок ата-энем айтты. “Ал сенин иниң, биздин балабыз” деп. Менин өмүрдөгү эң бактылуу саатым ошол болду. Ал эми жалпылаштырып айтканда, мен үчүн ата-энемдин амандыгы, элимдин биримдиги – чоң бакыт. Кыргыз элин ар дайым урматтайм, дагы тасмага тартууга чакырып калса сүйүнүп келем.
– Кыргыз эли да сени жакшы көрөт, аман-эсен жетип ал!
Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg