ТҮРК ДАРЫГЕРИ ЭКО ЫКМАСЫ БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТКӨРДҮ

2018-жылдын 22-декабрында “Jannat Regency” отелинде “Тукумсуздукту ЭКО ыкмасы менен дарылоо» темасында илимий конференция болуп өттү. Бишкектеги “Анкалайф” аялдардын саламаттыгы жана экстракорпоралдык уруктандыруу клиникасынын жамааты уюштурган бул иш-чарага Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандан жана Кыргызстандын 7 дубанынан келген 300дөй гинеколог-акушер, урологдор катышышты. 7 саатка созулган конференцияда “Анкалайф” клиникасынын негиздөөчүсү, бала жытына зар болгон миңдеген үй-бүлөгө кубаныч тартуулап келе жаткан профессор Жихангир Чакыжы, түрк дарыгерлери Ахмет Эрдем, Волкан Балтажы, Ахмет Хакан Халил Оглу, Кыргызстан гинекологдор биримдигинин башчысы Арсен Аскеров, “Анкалайф” клиникасынын акушер-гинекологу Айнура Касымалиева, биологу Адиле Башак Каракоюн мырзалардын жана айымдардын тукумсуздугу, аны дарылоонун заманбап жолдору тууралуу лекция окуп, катышуучулардан түшкөн суроолорго жооп беришти. Сөз учурунда Жихангир Чакыжы “Анкалайф” клиникасы аймактагы дарыгерлер менен тыгыз иштешүүгө дайым даяр экендигин баса белгиледи.

Арсен Аскеров, Кыргызстан акушер-гинекологдор ассоциациясынын президенти: “БИЗДИН ДАРЫГЕРЛЕРГЕ ИННОВАЦИЯЛЫК МААЛЫМАТТАР ЭҢ КЕРЕК”

– Акыркы жылдары Кыргызстанда балдардын төрөлүүсү өскөнү менен, тукумсуздук менен жабыркагандардын да саны көп. Бүгүнкү илимий иш-чара баарыбызга пайдалуу болду десем жаңылбайм. Иш-чарага Кыргызстандын 7 дубанынан 200дөй гинеколог, урологду чакырган элек. Өзүңүздөр байкагандай, катышуучулардын саны андан көп болуп, залга батпай, лекцияларды туруп угууга мажбур болушту. Албетте, бул көрүнүш дарыгерлердин тукумсуздукту дарылоодогу инновациялык технологиялар жана заманбап ыкмалар боюнча маалыматтарга суусап тургандыгынан кабар берет. Мындай маалыматтар кыргыз медицинасы үчүн эң зарыл деп ойлойм. Учурдан пайдаланып лекция окуп, өз иш тажрыйбалары менен бөлүшкөн түрк профессорлоруна, дарыгерлерге ыраазычылык билдирип кетким келет. Конференцияда “болду, бүттү, мен тукумсуз экенмин” деп балалуу болуудан үмүт үзгөндөр үчүн азооспермия ыкмасы, ЭКО ыкмасы аркылуу генетикалык оорулардын алдын алуу, гистероскопия менен диагноз коюу, дарылоо боюнча сонун лекциялар окулду. Буюрса, биздин дарыгерлер алган маалыматтарын иш тажрыйбасында колдонуп, оорулууларга жардам беришет деген ишеничтемин.

Нурида Жусупбекова, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин медициналык билим берүү жана илим бөлүмүнүн жетекчиси: “ӨЛКӨДӨ ТУКУМСУЗДУК МЕНЕН ЖАБЫРКАГАНДАРДЫН САНЫ КӨБӨЙҮҮДӨ”

– Бүгүнкү илимий конференцияда эң актуалдуу тема козголду. Анткени аялдардын жана эркектердин тукумсуздугу – өлкөбүздө кеңири жайылып келе жаткан көйгөйлөрдүн бири. Балалуу болууну самап, бирок ден соолугуна байланыштуу бала жытын искөөгө зар болгондор канча? Анын себептери да көп. Алсак, гормоналдык бузулуулар, терс адаттар, ичимдик ичүү, тамеки тартуу, социалдык абал жана башкалар. Мени кубандырганы, бүгүнкү күндө дүйнөдө дал ошол тукумсуздукту дарылоонун жаңы ыкмаларын ойлоп таап чыгып, балалуу боло албай жүргөндөргө кубаныч тартуулап жатышкандыгы. Алардын бири түрк профессору Жихангир Чакыжы мырза. Мына бүгүн ал баштаган түрк профессорлорунун тукумсуздук боюнча лекцияларын уктук. Аябай кызыктуу болду.

Элгама Гусейинова, коңшу Казакстандан келген гинеколог: “ЭКО ЫКМАСЫ МЕНЕН ҮЧ ЭМДҮҮ БОЛГОНБУЗ”

– Менин кесибим – гинеколог. Бирок мен азыр сизге дарыгер катары эмес, ЭКО ыкмасы менен төрөгөн эне катары сүйлөп бергим келип турат. Анткени жолдошум экөөбүз көп жылдан бери балалуу боло албай жүрүп, Бишкектеги “Анкалайф” клиникасына кайрылып, Жихангир Чакыжынын текшерүүсүнөн өтүп, тиешелүү анализдердин баарын тапшырып, ЭКО ыкмасы аркылуу балалуу болууну чечтик. Бири болбосо бири кармалар деген ой менен башында эле 3 эмбрион салдырган элем. Бактыбызга жараша, 2 жумадан кийин кош бойлуу экенимди, кийинки экинчи жумада үч эмдүү болорубузду билдик. Ошол учурдагы кубанычыбызды сөз менен айтып жеткизе албайм. Кудайга шүгүр, дени сак, он эки мүчөсү түгөл, акыл-эстүү балдарды жарыкка алып келдим. Учурда 3 жашка чыгып, чуркап, ойноп, кылыктары менен бизди кубантып жүрүшөт. ЭКО ыкмасы менен төрөгөн эне катары айтсам, эмбриондор жатынга салынгандан кийин аял дарыгердин айткандарын так аткарып, өзүнө кам көрүүсү зарыл экен. Физикалык жактан да, психикалык жактан да өзүнө күч келтирбей, туура тамактануусу кажет.

Маруф Юлдашев, Өзбекстандан келген гинеколог: “ИННОВАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫ ИШ ТАЖРЫЙБАБЫЗДА КОЛДОНУШУБУЗ КЕРЕК"

– Жихангир Чакыжы уюштурган бүгүнкү илимий конференцияга катышып жаткандыгым мен үчүн чоң жетишкендик. Анткени конференциядан көптөгөн инновациялык технологиялар, дарылоонун заманбап түрлөрү боюнча маалыматтар айтылды. Буюрса, өз өлкөмө барып, кесиптештерим менен алган маалыматтарымды бөлүшөм. Аларды иш тажрыйбабызда кеңири колдонушубуз керек.

Гүлбара Уездбаева, Кемин районундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун клиникалык дарыгери: “УЮШТУРУУЧУЛАРГА ЫРААЗЫЧЫЛЫК БИЛДИРЕМ”

– Мен гинекология тармагында 41 жылдан бери эмгектенип келем. Алгач иш-чараны уюштургандарга ыраазычылык билдирип койгум келет. Ар бир айтылган маалымат терең түшүндүрүлүп, залда орнотулган экран аркылуу инфографика жүзүндө көрсөтүлүп жатты. Профессорлор түрк тилинде сүйлөшкөндүктөн, катышуучулардын ар бирин синхрондук котормо менен камсыздашты. Өзүңөр билгендей, замандын өнүгүшү менен медицина тармагында да жаңы технологиялар, дарылоонун заманбап ыкмалары колдонулуп жатпайбы. Бүгүнкү илимий конференциядан тукумсуздукту дарылоо боюнча жаңы маалыматтарды ала алдым. Мага аябай жакты.

Клиниканын дареги: Бишкек шаары, Горький көчөсү, 21

Байланыш телефондору: 0312 59 39 99, 0770 220 157, 0770 220 104 (Whatsapp)

www.ankalifebishkek.com ankalife_bishkek Ankalifebishkek

Дамира Арстанова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
tular
2019-01-02 23:42:35
Сонун реклама болуптур! Канча болот ушул рекламанын баасы?
+2
Feiza1982
2019-01-06 02:17:00
Супер укмушсунарго жакшы реклама болуптур
0
№ 843, 28-декабрь - 3-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан