ТҮРКИЯДА ИШЕНИМДҮҮ ЖАНА ЛЕГАЛДУУ ЖУМУШ! КОМПАНИЯ ТҮРКИЯДА ЖҮРГӨНДӨ ДА СИЗГЕ КАМ КӨРӨТ

Түркияга барып иштөөнү кыялданып, бирок ишенимдүү компания таба албай жүргөн болсоңуз, биз сизге жардамга келебиз. Лицензиясы (№128), тажрыйбасы бар “АППАК консалтингдин” эшиги сиз үчүн 12 ай бою ачык жана Түркияда жумушка орношуп иштөөнүн ар бир стадиясында жаныңызда болуп көмөктөшөт.

Өзер Аржан: – Мен 1973-жылы Түркияда төрөлгөм. Орусиянын Челябинск шаарында филолог адистигине ээ болуп, кийин Ростов-на-Дону шаарында экономика адистиги боюнча билим алгам. Кыргызстанда жашаганыма быйыл 5 жыл болду. Учурда Кыргызстандан Түркияга жумушчуларды жиберүүчү “АППАК консалтинг” компаниясынын жетекчисимин. Мындан тышкары Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинен котормо иштерин жүргүзүү укугун алгам. Кеңсебиздин Түркия элчилигинин жанында жайгашканы да кокустук болбосо керек. Түркчөдөн орусчага, орусчадан түркчөгө синхрондуу котором жана документтерди, көркөм китептерди кыргыз, орус, түрк, англис, өзбек жана башка тилдерге которуу боюнча кызмат көрсөтөбүз. Үй-бүлөлүүмүн, 6 балам бар.

– Кыргызстандан Түркияга жумушчуларды жөнөткөн компаниялар көп. Алардан эмне менен айырмаланасыздар?

– "АППАК консалтинг" ачылган кезде чет жерде жумушка орноштуруу кызматын көрсөткөн 60ка жакын компания бар болчу. Учурда алардын саны 100дөн ашты. Айрымдары 4-5 ай гана иштеп, жабылып калышат. Биз жылына 12 ай кызмат кылабыз. Эгер сиз чет өлкөгө иштөө чечимин кабыл алган болсоңуз, анда тажрыйбалуу жана ишенимдүү гана компаниянын кызматтарын пайдаланыңыз. Болбосо мыйзамсыз иштеп жаткандар, жумуш беребиз деп алдап кеткендер да бар. “АППАК консалтинг” кайрылган ар бир жаранга жоопкерчиликтүү мамиле кылат. Түркияда да өкүлдөрүбүз бар. Жумуш таап берип гана тим болбостон жумушчулар менен дайыма байланышта болуп, иш жеринде жаралган маселелериңизди чечкенге жардам беребиз. Өткөн жылы кеткен жумушчулардын баары аман-эсен акчалуу өз жерине кайтышканы биздин жеңиш. Алардын арасында бизге келип ыраазычылыгын билдиргендер да бар. Кызматыбыз үчүн ыраазычылык угуу биз үчүн да сыймык. Түркияда иштеп келгендер бул жылы да биздин компания аркылуу барабыз деп камданып жатышат.

Бизди башка компаниялардан айырмалаган дагы бир жагдай, биз жумушчулардын жашаган жеринен маалымдаманы, соттолбогондугу тууралуу маалыдаманы бекер которуп беребиз. Башка компаниялар ал документтердин котортулган вариантын талап кылышат. Дагы бир өзгөчөлүк – жумуш издөөчүлөргө кыргызча-түркчө, түркчө-кыргызча сөздүк белек кылабыз.

– Былтыр баргандар белгиленгенден аз маяна алып калганын айтып даттанып бизге да кайрылышкан эле. Быйыл андай көйгөй жаралбайбы?

– Былтыр Түркияда доллардын курсу жогорулап кеткендиктен жумушчулар лира менен аз маяна алып калышкан. Ал жакта айлык лира менен берилет. Бул боюнча келишимде да көрсөтүлгөн. Бул бизден көз карандысыз абал болгондуктан бул жылы андай экономикалык көйгөйлөр жаралбайт деп ишенебиз.

Бул жылы Түркияда минималдуу айлык акы былтыркыдан 26 пайызга жогорулады. Тагыраак айтканда, 2020 лира. Доллардын лирага карата курсу (26-декабрга 5,29) менен эсептегенде 380$. Ушул суммадан жогорку маяналуу жумуштарды сунуштайбыз.

– Жумушчуларга түзүлгөн шарттар боюнча кеп козгосоңуз...

– Түзүлгөн шарттар аябай жакшы. Жатакана жана 3 маал тамак берилет. Жатаканаларда бардык шарттар бар. Эркектер менен аялдар өзүнчө жайгаштырылат. Көпчүлүк жатаканалар иш жерине жакын, жөө 10 мүнөттө жетсе болот. Эгер алыс жайгашкан болсо, жумуш берүүчүлөр кызматчыны автобус менен ишке алып барып келет. Түнкү саат 12ден кийин жатакананын эшиги жабылат, түндө сыртка чыгууга болбойт. Аны кайтарган күзөтчүлөр да бар. Коопсуздукту камсыз кылууда жана тарбиялык жактан бул маанилүү. Ал эми иш шарттары боюнча айтсак, жумушчулар жумасына 6 күн 8 сааттан иштеп, 1 күн эс алышат. Эс алуу күнү деңизге барып, Түркиянын башка аймактарын көрүп келсеңиз болот. Дегеним, эс алуу менен ишти айкалыштыра аласыз.

Күнүмдүк жашоого акча коротпогондугуңузду эске алганда, акча чогулта аласыз. Каалоо жана аракетиңиз болсо, жумуштан көтөрүлүү да мүмкүн.

2018-жылы кыргыз мигранттардын чет жактарда оор шарттарда иштегендиги тууралуу көп маалыматтар тарады. Мисалы, Москвада Чыңгыз Анарбек уулу 20 саат эс албай иштегендиги үчүн рулда уктап калып, кырсыкка кабылды. Түркияга биздин компания аркылуу баргандарда мындай көйгөй жаралбайт. Анткени кызматчылар келишимде белгиленген шарттар боюнча гана иштешет.

Бардык суроолоруңуздарга көрсөтүлгөн телефон номерге чалып же кеңсебизге келип жооп алсаңыздар болот.

– Тил билбегендер да барып иштей алат деген элеңиз...

– Ооба, эч кандай тил билбегендерди да жумушка кабыл алабыз. Алар үчүн тил үйрөнүп келүү мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми англисче, орусча, немисче же арабча билсеңиз туристтер менен ымала кылууда өзүңүзгө жакшы.

– Качан документтерди кабыл алып баштайсыздар?

– Документтерди кабыл ала баштадык. Январь айында жумуш берүүчүлөр келип, маектешүүлөрдү өткөрө башташат. Андыктан шашылыңыздар! Азыр келип анкета толтуруп койгонуңуз жетиштүү. Жумушка апрелдин биринчи жумасында аттанасыз.

– Чет жакка чыгып иштөөдө ар бир адамдын жеке өсүүсү үчүн деле пайдасы болсо керек?

– Ооба, биринчиден, эл аралык тажрыйбага ээ болосуз. Бул ар бир резюмени кооздойт. Тил үйрөнүү – мүмкүнчүлүктөрүңүздү кеңейтет. Эл, жер көрөсүз. Көп жашаган эмес, көптү көргөн адам көптү билет деген сөз бар. Дүйнө таанымыңызды кеңейтүүдө жер кыдыруу маанилүү. Анан да сиз жашап жаткан жерге барып эс алуу үчүн башкалар миңдеген долларларын жумшашат. Сизге болсо ал үчүн акча да төлөнүп берилип жатканын ойлоп көрсөңүз, сонун мүмкүнчүлүк эмеспи.

– Маегиңизге рахмат! Ишиңизге ийгилик!

– Рахмат. Бардык окурмандарды келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттуктайм! Ишиңиздерде дайыма ийгиликтер болсун!

КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ ДОКУМЕНТТЕР:

  • Жалпы жарандык паспорт
  • Соттолбогондугу тууралуу маалымдама
  • Жашаган жеринен маалымдама
  • 5х6 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт
  • Тулку бою чагылдырылган 10х15 өлчөмүндөгү сүрөт
  • Диплом бар болсо, көчүрмөсү керектелет.
  • Бардык кызматтарыбыз үчүн 100 доллар гана төлөйсүз. Ал эми бир жылдык иш визасы 240 доллар турат.

“АППАК КОНСАЛТИНГ” ТӨМӨНКҮ КЫЗМАТТАРДЫ ДА СУНУШТАЙТ:

  • Авиакасса
  • Которуу кызматтары
  • Камсыздандыруунун бардык түрлөрүн: Орусиянын ири “Ингосстрах” жана Кыргызстандын “НСК” камсыздандыруу компаниялары менен өнөктөштүк таризде иш алып барат.
  • Түркиядан депортация болуп келген адамдардын депортациясы боюнча соттун чечимин жокко чыгарганга жардам беребиз.
  • Тажрыйбалуу адвокат Евгений Крапивин профессионалдуу юридикалык кызматтарды көргөзөт.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Feiza1982
2019-01-06 02:18:06
Соонун реклама экен Супер булар Түркия жөнөткөндөн кийин карабай коет.
0
№ 843, 28-декабрь - 3-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан