– Биринчи жолу ушул абалдамын. Адам өзүн кечире албаган абалда болгону жаман тура. Мисалы, башканы күнөөлөсөң сүйлөшпөй коё аласың, же жашооңдон чийип саласың. Өзүңдү өзүң чийгенге мүмкүн эмес. Эки сөз менен түшүндүрө ала турган нерсе болсо го. Минтип компьютерди тиктеп кайра өчүрүп отурбайт белем? Жазам, кайра өчүрөм! Жашооңдун да ушинтип жазып, кайра каалаган пунктун өчүрө алсаң, ээ?
Узартпайын, кыскасы, жакшы көргөн адам менен жакын болдум. Боюмда болду. Эсимде, ошол күнү ал күйпөлөктөп “ооруп жатасыңбы?” деп көп сурады. Башында баш чайкадым. Акыры чыдамым жетпеди.
– Боюмда бар.
– Кандайча? Сен...
Жылмайдым. Жылмайганым ыйлаганга окшоп турса керек эле. Ал тескери бурулду. Эрдимди кесе тиштеп демимди ичиме алып турам. Сурак алдында тургандай.
– Жок, азырынча эрте... Кийин бутубузга турганда.
– Алдырбайм, алдыра албайм.
– Анда мен да жашооңдо жокмун!
Эмне дейт элем? Жалдырап аркасынан чуркайт белем? Менин ордумда кайсы аял эмне кыла алмак? Кимиңди тандайт элем? Кайсы аял коркпой баланы атасыз чоңойтот? Албетте, андай аялдар да бар. Бирок мен эмес.
Уф, сенин кыз экениңди же эркек экениңди билбейм. Анткени жынысыңды билгенге жетишпей калдым. Атыңды да койбодум. Ичимден сага миң сан ат ойлоп тапсам да, ал ысым менен атай албадым. Өмүрүм сенден кечирим суроо менен өтөрүн билем. Анткени мен сага эне болуп туруп, жашоо мүмкүнчүлүгүнөн айрыдым. Мен сенин эң жакын адамың болуп туруп, сенин жашоого келишиңди каалабадым. Эмнеге? Анткени жөн гана алсыз болчумун, коркок элем. "Канча адам боюнан алдырды, мен биринчи же акыркы эмесмин" деген жөнөкөй жооп таптым бул кылыгыма. Жүзүмдөн агып бара жаткан бир тамчы жашты колумдун сырты менен сүрттүм.
– Даярсыңбы?- деген врачтын үнү угулду. Калтырап жатып баш ийкедим. Кантип даяр болууга мүмкүн?
– Бош жат,- деди кайдыгер үн.
Колдорум карышып калган экен.Терең дем алып көзүмдү жумдум. Мүнөттөр... Тиштенип туруп сени өзүмдөн айрыган убакыт. Бүтүндөй жашоом ошол он мүнөттөй убакыттын аралыгында калгандай сезилди. Анан... анан баары бүттү.
Дарыгердин креслосунда калган тамчы кан. Ал сен болчусуң. Кичинекей болсоң дагы мендеги чоң нерсени алып кеттиң. Руху жок, сөлдүрөгөн денемди сүйрөп үйүмө кеттим. Сенден айрылганымдын себеби көп эле. Эң жөнөкөй себеби – атаң экөөбүздүн жоопкерчилик алганга али даяр эмес элек. Боюмда болуп калганын айтсам, “экөөбүзгө али эрте” деди. Анын ар бир ойлонулуп ташталган кадамдарына биз жолтоо болдук. Жашоосунда сенчелик бир бурч табылбады. Кызык, бирөөгө күнөөнү оодара койгон кандай жакшы. Бир аз болсо да көкүрөгүндө олчойгон жүктөн арыла түшкөндөй болосуң. Өзүмө антип актануу тапканым менен, уятымдын алдында жекеме-жеке калам. Өзүмдү актап бир топ убара чектим. Атаңды, ошол учурдагы абалды. Бирок көкүрөгүмдүн түпкүрүндө бир гана мен күнөөлүү экенимди билем. Мен коркпошум керек эле. Сени дүйнөгө алып келгенден коркпошум керек эле.
Атаң менен жолубуз бирикти. Бирок бактылуу белек? Билбейм... Ал каалагандай үйдө, ал каалагандай турмушта жашап жатабыз. Бардыгын чечкенге күчү, аракети жеткен адам мен үчүн бакыттын формуласын таба албай убара.
Кызык, чоңойсоң кандай болмоксуң, кимге окшош болмоксуң? Чачтарың меникиндей кара болот беле же?.. Күлгөндө көзүң меникиндей жайнап кетет беле же атаңдай токтоо болот белең?
Өзүмдү өзүм жазалап, сенден башка балам болбойт деп чечтим. Башкасын каалабадым. Сени өлтүрүп туруп башка жанга өмүр бергеним сага болгон адилетсиздик дедим. Туура же туура эмес экенин да билбейм. Билген бир нерсем бар. Сен менин көрүнбөгөн, билинбеген бир абалдарымда жанымдасың. Сен мени эбак кечиргениңди да билем. Бирок кечирбе мени, суранам, мени кечирбе...
Бермет