ЭҢ АРЗАН БАТИРЛЕР БИР ГАНА “БОРБОР КУРУЛУШТА”

Бизнеске жаш кезден аралашып, ар кандай тармактарда иштеп, ошондой эле Орусия жана Казакстандын соода жайларында эмгектенген Өмүрбек Назаров мындан мурда 20 жыл ири өндүрүш фабриканы жетектеген. Азыркы учурда күчтүү команданы түзүп, алар менен бирге “Борбор курулуш” компаниясын негиздеп, жөнөкөй адамдардын чөнтөгүнө төп келчү батирлерди курууда. Өмүрбек Ысмаилович менен ийгилик сыры тууралуу маек курдук.

– Өмүрбек мырза, эмгек жолуңузду өнөр жай тармагынан баштаган экенсиз?

– Туура. Мектепти аяктагандан кийин врач болом деген ой менен Медициналык академияга тапшырдым. Бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңип, 3-курсумда окууну таштаганга аргасыз болдум. Үй-бүлөдө улуу бала элем, жоопкерчилик чоң болчу. Ошентип Кыргызстанды түрө кыдырып, базар аралап соода тармагына өтүп кеттим. Казакстан, Орусияга чейин барып иштеп жаттык. Акырындап “Дордойдон” башка мамлекеттерге алып-сатуу менен алектене баштадык. Ортодо баары күйүп кеткен учурлар болду. Бирок улам алган тажрыйба сабак болду, иштин көзүн таба баштадык. Кийим-кечени алып-сатып жүргөндө “эмнеге ушул кийимдерди өзүбүз тиккенге болбосун?” деген ой келди. Алгач бир тигүүчү машина алып, анан 5ти, анан улам көбөйтүп отуруп Planeta Maximus ишканасын ачтык. Мындан 20 жыл мурун ачылган ишканада учурда 250дөн ашык адам эмгектенет.

– Анан курулуш тармагына кандайча келип калдыңыз?

– Курулушка аралашып калганыбызга бир канча окуя себеп болду. Бир ирет тигүүчү кыздарыбыздын бири келип “бүгүн батир акысын бербесем чыгарып жиберет” деп аванс акча сурап калды. Ошондо жамаат арасында сурамжылоо жүргүздүк, кызматкерлердин канчасы өз үйүндө жашайт деп. Ошончо чоң жамааттагы адамдардын 5-6сынын гана өз үйү бар экен. Кызматкерлерибиздин жатакана маселесин чечип берели деп курулуш компанияларына сунуш жөнөттүк. Айрым компаниялардан керектүү документтерди ала албасак, кээ бирлериники өтө кымбат болуп чыкты. Ошондо курулушка өзүбүз аралашып баштадык. Бир жылдан ашуун өндүрүш менен бир мезгилде, куруу тармагында тажрыйбалуу адистер менен иштешип, тажрыйба топтодук, прораб да болуп иштедик. Анан өзүбүздүн күчүбүз жетерин билип, кесипкөй адистердин тобун курап, ноябрь айында “Борбор курулуш” компаниясы расмий түрдө иш баштады. Биринчи түптөгөн үйүбүз өзүбүздүн кызматкерлерге арналган 4 кабаттан турган 109 батирлүү үй болду, 3 жылдык мөөнөткө узартып төлөө шартында берилди.

– Үй салуу өтө жоопкерчиликтүү иш. Кардарларыңыздарга кандай кепилдик бересиздер?

– Ооба, мындай олуттуу иште сөзсүз түрдө кепилдик болушу керек. Биринчиден, объект курула турган жерге жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт (кызыл китеп) бар. Экинчиден, объектинин долбоору бардык тийиштүү мекемелерден каттоодон өткөн. Курулуш иштери жүрүп жаткан учурда иш кынтыксыз жүрүшү үчүн бардык тийиштүү уруксат кагаздары топтолууда. Бардык стандартка жооп берген, көп учурда чет өлкөдөн камсыздалган материалдар колдонулат. Эң негизгиси, курулушту убада кылган бир жылдык мөөнөттө аяктоо үчүн бардык чараларды көрүүдөбүз. Бул керектүү каражатты дайындоо, туура сарптоо, курулуш материалдарынын токтоосуз камыздандырылуусу, курулуштун тыныгуусуз жүрүшү үчүн кезеги менен иштей турган куруучу бригадаларды дайындоо.

Ар бир адам офисибизге келип курулуш менен таанышып, каалаган суроосуна жооп ала алат. Адамда ишеним болсо гана келечекке ишенимдүү кадам таштайт эмеспи. Биздин артыбызда басып өткөн жолубуз, тажрыйбабыз бар. Биз ар бир кардарыбыздын ишенимине кирүүгө аракет кылабыз, кардарыбыз үйлүү-жайлуу болгуча дайыма түз байланышта болобуз.

“Борбор курулуш” компаниясы карапайым калк үчүн ыңгайлуу боло турган “Бакдөөлөт” турак жайын куруу алдында турат. Бишкек шаарынын Репин жана Космическая көчөлөрүнүн кесилишинен орун алган турак жай тууралуу “Борбор курулуш” компаниясынын жетекчисинин орун басары Рахат Жусупбеков маалымат берди:

– Биздин компания премиум-класстагы эмес, көпчүлүктүн чөнтөгүнө туура келүүчү эконом-класстагы батирлерди курууга басым жасайт. “Бакдөөлөт” турак жайы монолиттик темир-бетон каркасынан салынат да, дубалдары бышкан кыш менен курулат. Бир подъездден, 9 кабаттан, 126 батирден турган имараттын курулуш иштерине колдонулуучу ар бир материалдын сертификаты болот. Ар бир кадам адистер тарабынан тыкыр текшерүүдөн өтөт. Электр энергиясы, борбордук канализация, газ жана башка коммуникациялар толук кошулат. Автономиялуу газ менен жылуулук камсыздалат.

Турак жайда аянты 27 чарчы метр жана 49 чарчы метр студия тибиндеги 1 бөлмөлүү батирлер болот. Короодогу автоунаа токтотуучу жайдан сырткары, үйдүн астына 2 кабаттуу автоунаа токтотуучу жай курулат. Андан сырткары сөзсүз түрдө балдар аянтчасы жайгашат. Буюрса, турак жай 2019-жылдын аягына чейин курулуп бүтүүсү үчүн бардык даярдыктарды көрүп жатабыз.

АРЗАН БАТИР АЛУУНУН ЖОЛДОРУ

• “Борбор курулуш” компаниясында жаңы жылга карата уникалдуу акция жүрүүдө. 31-декабрга чейин компаниянын ачылышына карата 27 чарчы метрдеги батирди 10 000 долларга ала аласыз.

• Ал эми жаңы жылдан кийинки баалары: 27 чарчы метр батирдин акчасын толук төлөйм десеңиз – 13 018 доллардан 16 500 долларга чейин;

• 49,34 чарчы метрлик батирлер – 23 683 доллардан 29 110 долларга чейин сатылат.

• 2 жылга чейин мөөнөтүн узартып төлөөнүн ар кандай жолдору каралган.

• Алгачкы төлөм батир акысынын 30 пайызын түзөт. Автоунаага жана башка кыймылсыз мүлктөргө алмаштыруу мүмкүнчүлүктөрү каралган.

Төмөнкү телефондор аркылуу толук маалыматты берүүгө дайыма даярбыз: +996 556 555 222, +996 779 555 222, +996 505 555 222

Офистин дареги: Бишкек ш., Фурманов көч., 12

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Snejana
2019-01-04 03:08:36
Эмне документтер керек? 2 жылдык моонотко банк аркылуу алабызбы? Кандай жолдору бар?
+3
№ 843, 28-декабрь - 3-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан