ЛЫЖА, ЧАНА, МУЗ ТЭЭП ЖАРАКАТКА КАБЫЛГАНДА ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

Кыш келди дегиче тоого чыгып лыжа, сноуборд тепкендер көбөйөт. Алардан кем бекенмин деп чана, кара баллондорду сүйрөй жөнөгөндөр да болот. Ден соолукту чыңдап, көңүл ачуу менен катар коопсуздукту унутпоо керек. Кокус жаракатка кабылганда эмне кылуу керектиги тууралуу маалыматты сунуштайбыз.

КАРА БАЛЛОН ТРАГЕДИЯГА АЛЫП КЕЛҮҮДӨ

Кышкы каникулда муз тебем деп жаракатка кабылгандардын азы гана лыжанын, көбү кара баллондун “курмандыктары”. Араларында колу-буту гана эмес, омурткасы сынып, жүлүнү үзүлүп, белинен ылдый шал болуп калгандары да бар. Баллонду токтотууга, башын башка жакка бурууга мүмкүн эмес. Катуу келе жаткан баллон дөңсөөдөн бийик да ыргыйт. Андыктан бийиктен түшөм деп оодарылып кеткендер, учуп кетип кулагандар же башка баллондогулар сүзүп кеткендер болот. Андыктан баллон менен көңүл ачууну токтотуңуз!

Тоо-лыжасы, сноуборд спорттун оор жана коркунучтуу түрү. Ал үчүн физикалык мыкты даярдык, коопсуздук техникасын билүү керектелет. Өз күчтөрүн ашыкча баалап тик беттен, кырлардан секиртип теппөөлөрү керек. Лыжа үчүн атайын трассаларды жана шаймандарды колдонгула! Лыжа, сноуборд тепкенди билбегендер лыжа базаларындагы инструкторлордун жардамы менен үйрөнүп тебишсе жаракатка кабылуу коркунучу аз болот. Башка каска кийүү зарыл. Балдарды чана менен түз жерден абайлап сүйрөө жетиштүү.

ЖАРАКАТКА КАБЫЛГАНДА КӨРСӨТҮЛҮҮЧҮ 1-ЖАРДАМ

Жаракат жеңил болсо, анда адамды машина менен ооруканага алып барууга болот. Жаракат олуттуу болсо “Тез жардам” чакырыңыз. “Тез жардам” келбей турган болсо дары ичирип, биринчи жардам көрсөтүп, анан
ооруканага жеткириңиз. Ооруканада рентгенге тарттырып, үйдөн же ооруканада жатып дарылануу, мүмкүн, операция сунушталат. Эгер антибиотик жазып берсе алуу керек. Аны албай коюп жаракат ырбап, чирип колу-бутун кестиргендер бар экенин унутпаңыздар!

ЖАБЫК СЫНЫК

Жабык сыныкта сөөк сынганы менен, тери бүтүн калат. Кол же бут сынганда сынган жерге колдо болгон нерседен (тактай, фанеранын сыныгы, катуу картон, лыжа таягы) шак-шак коюш керек. Сынган жердин өйдө жана ылдый жагынан жоолук, шарф, кур же көйнөктү айрып болсо да бекем таңуу кажет. Эч нерсе табылбаса соо бутту сынган бутка кошуп таңуу сунушталат. Шак-шак коюлган кол шарф же жоолук менен ийинге асылат.

Ачык сыныкта сынган сөөк терини тешип чыгып кетет. Мындайда кол-буттун сынган жерин абайлап түздөп, микроб, инфекция көбүрөөк кирип кетпеши үчүн жаранын тегерегин йод, спирт, арак менен тазалап, жараны даки (таза жоолук же көйнөктүн айрындысы) менен таңуу зарыл. Адамды көп кыймылдатпагыла. Болбосо тарамыш, байламталары зорго илинип турган болсо үзүлүп кетет. Кан
агууну токтотуу үчүн сынган жерден өйдөрөөк жгут (кур же жип) менен байлаңыз.

Омуртка сынса отургузбай, башын көтөртпөй, абайлап шыйрагынан, жоон санынан, сынган жердин өйдө жагынан кур, жип менен катуу байлаңыз. Туура эмес кыймылдатуудан омуртканын ортосундагы жүлүн үзүлүп кетип, адам мерт кетип же майып болуп
калуусу мүмкүн.

Жамбаш сынса адамды түз жаткырып, тизесин бүгүп, тизенин алдына тоголоктоп бир нерсени коюу шарт. Жамбашты кыймылдабагандай кылып колдо болгон нерсе менен таңуу сунушталат. Таза болбосо эки бутту бири-бирине таңып койсо жамбаш көп кыймылдабагандай болот.

Моюн сынганда моюндун өлчөмүнө чактап картондон кыркып “жака” жасалат. Ал моюнду кыйып кетпеши үчүн жука жоолукка оросо болот. Анан бир адам моюнду түздөп кармап, экинчи адам “жаканы” коюп, сыртынан шарф, жоолук менен таңуу сунушталат. Ийин сынса ошол жактагы кол денеге кошо таңылат. Кабыргасы сынса кабыргалардын бетине, далы сынса анын бетине тегиз кылынып шейшеп же чоң жоолук 2-3 кабатталып коюлат да, сыртынан таңылат.

Баш сынса, чайпалып калса адамдын башы ооруп, көңүлү айланат, кусат. Бир нече секунддан бир нече мүнөткө чейин эсин жоготушу да мүмкүн. Жаракат оор болсо көз жумушу да ыктымал. Эсин жоготсо тегиз жерге жаткызып тилин чайнап албоосу үчүн тиштеринин ортосуна кашык, сүлгү, пластмасса коюп, оозундагы көбүк, былжырларды тазалоо керек (дем алуу органына кетип калбашы үчүн).

Демек, омурткасы, кабыргасы, буту, моюну, ийини, башы, көкүрөк сөөгү сынган адамга биринчи жардам көрсөтүлгөн соң тактайга же төшөк бетине бир нече адам түз көтөрүп жаткызып, түз көтөрүп барып, унаага түптүз жаткырган бойдон ооруканага алып баруу кажет. Буту чыгып кеткендер ошол жагын көп кыймылдатпай, жанындагылар жөлөп-таяп же көтөрүп унаага салып ооруканага тез жөнөшү кажет. Колу чыгып кеткендер ошол жак колун жоолук менен моюнуна асып, көп кыймылдатпаган бойдон ооруканага жөнөгөнү оң.

ЖАРАКАТКА КАБЫЛГАН ЖЕР ШИШИП, ТОМПОЮП КАЛСА...

Андай жерге муздак компресс коюу керек. Уюган кан тараш үчүн троксевазин дары майы болсо шыбаган оң. Эгер ооруканага көрүнүп, дарыланбаса уюган кан чирип, организм ууланат. Чирик жанындагы ткандарды да чирите баштап, өмүргө коркунуч туулушу ыктымал.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 844, 4-10-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан