Орус шоу-бизнеси миллиондогон күйөрмандардын жүрөгүн ээлеген ырчыларга эле эмес, ошол ырчыларды таап, сахнага таптап чыгарып берген продюсерлерге да бай. Эгер кыргызда Игорь Николаев өңдүү продюсер болсо, булбул үндүү Гүлүм Касымбаева да Диана Гурцкая сыңары сахналардын көркүн ачып , бүгүнкү күндөгү кыргыз шоу-бизнесинен өзүнүн татыктуу ордун таап, күйөрмандарына чексиз ырахат тартуулап тураар беле?! Анткени, кайсы бир кездерде Диана туш болгон кыйынчылыктарга жердешибиз Гүлүм да кез келип, көөдөндөгү таланты оргуп ташыганы менен кош каректин азабынан сахнадан тиешелүү ордун табалбай кыйналып келет.
АККУУНУ КӨРГӨН ЭМЕС
«Ак булутту аралап ай баратат,
Аккуу болуп көлдөгү жай баратат...»
Борбор шаарыбыздын чок ортосунан орун алган кафеге башбага берээримде айтылуу Таттыбүбүнүн ыры жаңырып, жандүйнөнү эргиткен жагымдуу үнгө мен эле эмес, ошол тегеректе жүргөндөрдүн баары кулак төшөп калышты. Шыр эле кирип барып, ырды бузуп жиберчүдөй айбыга демимди ичиме катып, жагымдуу ыргакты тыңдап турдум. Анткени, бул ырды жөн адам эмес, тагдырдын буйругунан улам кош жанарынан, ушул бизди курчап турган укмуштуу кооз дүйнөнү көрүү шыбагасынан айрылган адам ырдап жаткан... Көк мелжиген айды, көлдөгү аккууну өмүрүндө көрүп билбеген адам ырдап жаткан...
Бул кафеге келгенибиздин максаты – андагы коноктордун көңүлүн көтөрүп, аз убакыт болсо да жакшы эс алуу тартуулап, орусча, кыргызча, англисче ырдап, керек болсо бийлеп да бүйүрүн кызытып жатышкан музыкант жубайлар менен маектешүү эле. Угушубузча, кубулжуган үндүү Гүлүм, анын жолдошу Бахтияр экөө тең азиздердин мектебин аяктаган адамдар.
Зал толо конокторго арнап ыр ырдап жаткан айымды көргөндө таң калбай коё албадым. Жамгырдын тамчысына жуулгандай ушул капкара мөлтүрөгөн каректерди көрбөйт деп айтуу мүмкүн эмес эле. Бул айымдын көкүрөгүндө кандай көйгөй жаткандыгын баам салган адам эле байкабаса, жөн адамга билинбестей.
Гүлүм менен таанышып, жөн-жай сурашып алган соң узун кепке кирдик.
БАЛАЛЫКТЫН БАЛДАЙ ТАТТУУ КҮНДӨРҮ
Ысыккөлдүн Түп районунда жайкысын жайлоого, кышкысын кыштоого көчүп-конуп жүргөн көп балалуу чабандын бүлөсүндө көктөмдө төрөлгөн кызыл эт наристеге тагдыр кандай белегин даярдап койгондугун анда эч бир жан билген эмес. Он баласынын кичүүсү, көкүрөк күчүгү болгон бул кызды атасы да, энеси да үстүнө үйрүлүп түшүп алпештеп багышты. Кызынын мөлтүрөгөн каректеринин көрбөй тургандыгын ата-энеси наристе колдорун сермей тамтуң баса баштагандан тартып даана билишти. Дарылатууга болгон аракеттерден оңдуу майнап чыкпай, күндөр өтө берди.
– Кичинекейимде Бөкөнбулак, Арчалуутөр деген жайлоолорго чыкчубуз. Мен козу-улакты жакшы көрөөр элем. Бир козубуздун энеси өлүп калып, кичинекейинен сүт берип баккам. Аны алыстан эле үнүнөн, басып келе жаткан дабышынан таанып алчумун. Бассам-турсам ээрчип, мен момпосуй жесем момпосуй, токоч жесем токоч жеп, артымдан калчу эмес. Апама жардам болсун деген эжелерим менен жетелеше тоодон отун сүйрөп, музоолорду айдап дегендей, кичинекейимде тил алчаак, анчалык шок эмес кыз болсом керек,- дейт балалыгын эскерген Гүлүм.
«АПАМ ЖАПКАН НАНДЫ САГЫНДЫМ...»
Жетиге чыккан кызды энеси менен атасы Фрунзедеги азиздер жана көрүүсү начар балдарга ылайыкташтырылган жатак-мектепке жайгаштырып кетишти. Ошентип, бирде кубаныч, бирде капачылык, күтүү, кусага баткан күндөр менен коштолгон окуучулук жылдар башталды.
– Ал жылдарды эскерүү да жагымдуу,- дейт жылмайган Гүлүм. – Мектепте аябай жакшы окубасам да, «начар» деген баа алчу эмесмин. Сабактан тышкары дайыма кызыктуу оюндар, дегеле эригүүгө убакыт жок болчу. Кийинчерээк апамды, атамды сагынып, кусага батчу болдум. Күтүүсүздөн апам келип калган күндөр мен үчүн чоң майрамга айланаар эле. Эгер Керим Тураповдун «Туулган жер» деген ырын ошол кезде билсем, мен да ошентип ырдасам керек эле. Анткени, апам жапкан нанды сагынып, мен деле далай ирет кусага баткан элем да...
ТАБИЯТ ЫРООЛОГОН ШЫК
Телегейи тегиз адам болбосо керек. Түркүн түскө боёлгон дүйнөнү көрүп-билүү шыбагасынан куру койгон пендесине табият өзгөчө талант, шыкты ыроолоптур. Кичинекей кезинде той-тамашаларга барганда атасынын колтугунан башы араң көрүнгөн кичинекей Гүлүм коңгуроодой шыңгыр үнү менен ырдап берип, элди ыраазы кылаар эле. Мындай таланты мектепте да байкалып, 4-класстан тартып жеке ырдап чыга баштап, түрдүү ыр-конкурстарга, фестивалдарга катышып, көкүрөккө батпай оргуштаган сезимдерине эрк берип алчу. Мындай сезим-туйгулар тынчтык бербей, мектепти аяктаган Гүлүм түз эле музыкалык окуу жайына бет алды. Ал кезде «кереметтүү музыканын артынан дагы 10 жыл окуйм» деген ой түшүнө деле кирбесе керек эле.
Бийликке, байлыкка тойбогон адамдар бар деп коёбуз. Ал эми Гүлүмдү билимге тойбогон адам десе болчудай. Музыкалык орто окуу жайынан кийин Опера Балет театрынын алдындагы студияда, СССРдин айтылуу эл артисти Кайыргүл Сартбаеванын классында 2 жыл билим алып, андан соң Искусство институтуна тапшырып, бир жылдан кийин таштап салууга аргасыз болуп, андан соң Медициналык академиянын алдындагы окуу жайынын массаж бөлүмүнө тапшырып, 2 жылда аны бүтүрүп чыккан. Ал эми учурда Улуттук консерваториянын эстрадалык кафедрасынын 2-курсун аяктап жаткан кези.
«УШУНДАЙ ДА ЧАЧ БОЛОБУ?»
Азиздер – өзгөчө адамдар. Адам баласынын айлана-чөйрөнү, жашоону, адамдарды таанып-билүүсүндө көздүн ролу 90 пайызды түзөт. Ал эми азиздерде маалымат алуунун бул булагы жабык. Алар кадимки мектептерде окуй албаган өңдүү эле өмүрлүк жолдош, жубайларын кадимки пенделер сыңары көзү менен эмес, ички туюм аркылуу таап, тандашат. Башкача айтканда, алардын далай соо адамдар сыңары көкүрөктөрү сокур эмес. Бир өмүрдө жанында болоор өмүрлүк жолдошун тандоодо Гүлүм да көкүрөгүнө, жүрөгүнүн шыбырына таянды.
Жакында энелик бакытка ээ болгону турган ал: «Боюмду узун, бутумду түз, келбеттүү жаратып койгону үчүн Кудайга ыраазымын» деп тамашалаганды жакшы көрөт. Албетте, ар бир тамашада кымындай болсо да чындык бар. Анын тамашасын коштогон жолдошу Бахтияр Мамбетказиев:
– Чын эле эгер Гүлүмдүн буту түз болбосо, анан да мынчалык жагымдуу үнү болбосо, балким, мен маани деле бербей кала берээр белем, ким билет?- дейт.
Экөө чындыгында, мындан 10-15 жыл илгери эле бет келишкен. Болгону чачтарын сексеңдете мектептин короосунда ойноп жүргөн кызды ал кезде боз улан Бахтияр байкаган да эмес. Экөө бир мектепти бүтүргөндөрүн кийин билишип, табышып калышты. Ал мындайча болгон эле.
Мындан туура 6 жыл илгери Бахтияр азиздер үчүн ыңгайлаштырылган Окуу-өндүрүштүк ишканасынын алдында уюшулган ансамблде гитарада ойноп жүргөн күндөрдүн биринде эки кыз «ырдайбыз» деп келип калышты. Жетелеше кирип келген ал кыздар Гүлүм менен курбусу Индира эле. Гитара ойноп жаткан жигиттин алдына туруп алып ырдап кирген кыздын алгач жанда жок мукам үнү, белине чейин төгүлгөн узун чачы, узун буттары (жигит караандарды ажыратып көрө алат экен), келбети жагып, кантип таанышуунун айласын таппай, акырында жинине тийип чычалатмай болот.
– Ушундай кантип чач болсун?- жанына келип жактырбагандай үн менен чачына асылган жигиттен кыздын эти жыйрыла түшкөн.
Ошондогу бир аз алым-сабак айтышуунун аягы болочок жубайлардын таанышып калуусуна жеткирет.
– Алгач Бахтияр такыр жакчу эмес. Өзүнчө эле кербез, өзүнүн гана кызыкчылыгын ойлогон жигиттей туюлаар эле. Өзүм тартынчаак, бирөөлөргө жагынып жармаша бергенди жактырбаган, ичимтап адам болгондугумдан, анын ачык-айрым тартынбастыгы, беттегенин бербеген кежирдиги мага ушундай туюлса керек. Ал кезде менин жигитим бар болчу. Улуттук университеттин журналистика факультетинде окучу. Сыягы, ал кезде менде өзгөчө деле күйүп-жанган сезим болбосо керек. Бир жылдай чогуу жүрүп, анан алыстап кеттик. Бахтияр болсо көңүлүмдү алыш үчүн түрдүү жоруктарды жасачу. Ансайын кыжырым келип жактырбай, андан алыс кеткиче шашчумун. Бирөөнүн көзүн карап, бирөөгө жүк болгум келчү эмес. Күндөн-күнгө мамилеси олуттуу тартып баратканынан корко да баштагам.
– Гүлүм туура айтат,- дейт Бахтияр. – Менден качып, жактырбай жүрүп эле кандайча макул болуп калганын өзү да байкабай калды. Мен башында эки оттун ортосунда жүргөндөй абалда калгам. Гүлүмгө чейин Ысыккөлгө эс алууга келген бир айым менен таанышып калып, чакырганынан Алматыга чейин барып, айтор, олуттуу эле мамилебиз бар болчу. Бул кыз менен таанышып, жакындан билгенден тартып «Алматыда жашап, жолумду таап кетем» деген оюмдан айный баштадым. Же Гүлүм биротоло макул болбойт. Ошол маалда Гүлүмдүн эжеси турмушка чыкты. Мени «Түпкө тойго күйөө жолдош (жездесине) болуп барып кел» деп сунушташты. Дал ошол күндөрү Алматыдагы айым: «Биротоло биз жакка көчүп кел, чогуу жашайбыз» деп чакырып калбаспы. Эки айрылыш жолдо эки анжы болуп, башымды оорутуп жаман кыйналдым. Анан Гүлүмдү тандап, аны менен Түпкө кетип калдым.
– Мен тартып алдым,- деди өзүнө маашырлана жылмайган Гүлүм кепке аралашып.
Ошентип, бир жыл жөн гана жакын адамдар, үч жыл кыз-жигит болуп ээрчишип жүргөн бул жуп таанышкандарынан төрт жыл өткөн соң баш кошушат.
«ДИАНА ГУРЦКАЯНЫ ЖАКТЫРАМ»
Балким, Гүлүмгө Орусиянын бул ырчысы шыңгыр добуш авазы менен эле эмес, өзүнө окшош тагдыры менен жакындыр... Бирок, менин каарманым өзүнүн эң эле оор, кейиштүү тагдырын айтып, балбалактап ыйлактай берчүлөрдөн эмес.
– Балким, мага чындап көмөк берип, чоң сахнага алып чыга алаар демөөрчү табылып калаар. «Сен ырдашың керек» деп Бахтияр да басса-турса кулагыма куят. Көбүнчөсү классиканы, опера ырчыларын жактырам. Анан Диана Гурцкая өзгөчө жагат, ошондой болуп ырдагым келет...
Улутуна ойлонуп отуруп калган Гүлүмдүн жүзүндө не кейиш, не өкүнүч жатканын ажыратып билүү ушул тапта кыйын эле.
– Гүлүмгө Кыргызстанда топтон суурулуп чыгып, чыныгы ырчылык ишин, чыгармачылыгын өнүктүрүп кетүү мүмкүн эместей. Аман-эсен көз жарып алса, Казакстанга алып кетсемби деген оюм бар. Ал жактан күчтүү продюсер тапса болот. Менин Гүлүмүм сөзсүз чоң сахналарда ырдашы керек. Минтип кафелерде ырдап кала бергенге татыктуу эмес,- дейт Бахтияр мени узатып чыгып.
Эмне дейбиз, мындай «кимди ким көрдү?» болуп кыйсыпыр түшкөн заманда алты саны аман пенделер деле кыйынчылыктарга жеңилип мүңкүрөй, туңгуюктардан жол таап чыга албай жатышпайбы. Ошолордун фонунда адамдык улуулугун, бийиктигин жоготпой, татыктуу жашоо үчүн бирин-бири жетелеп, колдоп, келечекке умтулган бул замандаштарыбызга ийгилик, аманчылык гана тилейбиз.
Айбек Нурадилов