ОРИГАМИ ЖАСАГАНДЫ ҮЙРӨТӨБҮЗ

Оригами – бул чыгыш элдеринин кагаздан буюм жасоо искусствосу. Оригаминин чеберлери өз фантазиясына жараша түрдүү буюмдарды жасап келишет. Мисалга, гүл, балык сыяктуу жеңил буюмдардан тарта ажыдаар сыяктуу жомок каармандарына чейинки буюмдарды жасашат.

Оригами өнөрү көптөгөн адамдардын жүрөгүнөн түнөк тапкан, айрыкча кичинекей балдар кагаздан фигураларды жасаганды жакшы көрүшөт. Бул балдар үчүн кызыктуу жана пайдалуу. Себеби оригами логиканы, фантазияны, ой жүгүртүүнү өнүктүрөт. Ошондой эле оригами колдор үчүн да, эс-тутум үчүн да жакшы машыгуу болуп, баланын математикалык жөндөмүн арттырат. Буга катар эле өз колу менен жасалган буюмдар эң мыкты белек болуп бере алат.

КАГАЗДАН КАЙЫК ЖАСАЙБЫЗ

Кагаздан кайык жасоо көпчүлүгүнө эле белгилүү, бирок аны жасоону баары эле биле бербейт. Кайык жасоо үчүн тик бурчтуу бир эле барак жана кичине чыдамкайлык жетиштүү. Түстүү кагазды да колдонууга болот, мисалга, жашыл түстүү кагаздан жасалса аскердик кеме болуп калат. Анда эмесе, балдар, төмөндөгү схемадагыдай кылып кайык жасап көргүлө.

Жасмин Манапбаева
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 845, 11-17-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан