«БӨЙРӨК КАН БАСЫМЫ БАРЛАР ҮЧҮН ТӨРӨТ КООПТУУБУ?»

Окурмандардан келген суроолорго «Мир здоровья» медициналык борборунун гинекологу Айпери Соурбекова жооп берет.

– 41 жаштамын. 2 уулум бар. Жолдошум экөөбүз кыздуу болсок деп пландап жатканбыз. Бирок бөйрөк кан басымынан (почечное давление) жабыркайм. Тааныштарым «кыйналып каласың, төрөбөй эле кой» деп жатышат. Бөйрөк кан басымы барлар үчүн төрөт кооптуубу?

Жаркынай, Токмок шаары

 

– Сизге балалуу болууну пландоодон мурда нефрологдун текшерүүсүнөн өтүүнү сунуштайм. Толук текшерүүдөн соң каршы көрсөтмөлөр болбосо гана балалуу болууну пландаштырсаңыз болот.

«ЖУГУШТУУ ВИРУС МЕНДЕ КАЙДАН ЖҮРӨТ?»
– Жашым 23тө. Турмушка чыга элекмин. Акыркы убакта жыныс кынымдан жагымсыз жыттагы ак суюктук чыгып жатат. Анализ тапшырсам, гарднерелла вирусу бар деп чыкты. Интернеттен окусам, бул вирус көп учурда жыныстык катнаш аркылуу жугат экен. Таң калганым, жыныстык катнаш эмес, жигиттерге жакын жолобосом, бул вирус менде кайдан жүрөт?

Жамила, Жалал-Абад шаары

 

– Гарднерелла – бул вирус эмес, микроб, бактерия түрү. Анализиңизден бул микроб чыкса, демек, жатын кынынын флорасы бузулган. Сиз айтып өткөндөй бул микроб активдүү жыныстык жашоодо жашагандарда көп учурайт. Аны менен катар жаш кыздар да бул микробдон улам дисбактериоз, молочница, вагиноз менен жабыркашы мүмкүн. Сиздеги микробдун пайда болушуна стресс, суук тийүү, гормоналдык өзгөрүүлөр, синтетикалык ич кийимдерди кийүү же күнүмдүк гигиеналык каражаттарды колдонуу себеп болушу мүмкүн. Андыктан гинекологго кайрылып, тиешелүү дарылануудан өтүүнү сунуштайм.



«АНТИБИОТИК ИЧКЕНДЕН КИЙИН ДАРОО БАЛАЛУУ БОЛУУНУ ПЛАНДООГО БОЛОБУ?»
– Жолдошум экөөбүз балалуу болууну пландап жаттык эле. Тишим ооруп стоматологго барсам, антибиотиктерди жазып берди. Аларды 7 күн ичтим. Сурайын дегеним, антибиотик ичкенден кийин канча убакытта балалуу болууну пландоо керек?

Мадина, Бишкек шаары

 

– Жашоодо антибиотик кабыл алгандан кийин дароо кош бойлуу болуп, дени сак балдарды төрөгөндөр көп эле. Бирок биз, дарыгерлер антибиотиктердин түйүлдүккө терс таасир тийгизерин эске алып, болочок энелерге 1-2 ай сактана турууларын сунуштайбыз.


«ЭТЕК КИРИМДИН КЕЛҮҮ ЦИКЛИ КЫСКАРДЫ»


– Этек кирим 6 күн келет. Башында ортосундагы аралык 31-33 күн болчу. Ноябрдан баштап циклдин узактыгы 21-23 күн болуп калды. Мага мындай кыска цикл жакпай жатат. Кантип узартууга болот?

Айбийке, Кара-Балта шаары

 

– Медицинада этек кирдин кыска цикли пройоменорея деп аталат. Этек кирдин келүү цикли 21-35 күн болсо, бул нормалдуу болуп саналат. Эң идеалдуусу 28 күн. Эгер ортодогу аралык 21 күнгө жетпесе, демек пройоменорея. Циклдин кыскарышынын себептери көп. Алсак, гормоналдык өзгөрүүлөр, жыныс органдарынын сезгенүү оорулары, аборт жасатуу, эндокриндик патология, өнөкөт оорулар, стресс, чарчоо, витаминдердин жетишсиздиги жана башкалар.

Айтууңуз боюнча, сиздин этек кириңиздин келүү цикли 21-23 күн экен, демек, нормалдуу. Кийинки айда байкап көрүңүз, эгер аралыгы мындан да кыскарса анда сөзсүз гинеколог-эндокринологго көрүнүңүз.

 



«АБОРТ ЖАСАТКАН ЭЛЕМ, КАН ТОКТОБОЙ ЖАТАТ»


– 45 күн болду, ден соолугума байланыштуу аборт жасаткан элем. Кан токтобой жатат. Этек кирим өз убагында эле келди. Эмне кылсам болот?

Адина, Бишкек шаары

 

– Аборт жасаткандан кийин дарыгер бактерияларга жана сезгенүү ооруларына каршы атайын дары-дармектерди жазып берет. Аларды сөзсүз ичүү керек. Алар кайрадан эне болуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. Негизи аборт жасаткандан кийин кан этек кирдин акыркы күндөрүндөй болуп бир аз булгап келип турат. Бул жатындын ичиндеги уюган кандын агып түшүүсү. Кочкул кызыл же күрөң түстө болушу мүмкүн. Күн өткөн сайын анын түсү да ачык боло баштайт. Бул нормалдуу көрүнүш. Кандын агышы абортту кош бойлуулуктун канча жумасында жасатканыңызга да байланыштуу болот. Канчалык жума аз болсо, ошончолук бат токтойт. 6 жумалыкка чейин кан аз эле агат. Кандын келиши 7-10 күндө тазаланып бүтүшү шарт. Сиздики 1 айдан ашып кетиптир. Демек, токтоосуз гинекологго кайрылышыңыз керек.

 



«БАЛА ЭМИЗГЕН УЧУРДА ЭРОЗИЯНЫ ДАРЫЛООГО БОЛБОЙБУ?»


– Төрөгөнүмдө акушерлер эрозия бар экен дешкен. Кийин дарыланайын деп гинекологго барсам, «бала эмизсең дарылоого болбойт. Балаң чоңойгондо кел, ошондо дарылайбыз» деди. Сурайын дегеним, эрозия кандай темпте өсөт, баламды эмчектен чыгарганча кеч болуп кетпейби?

Бактыгүл, Бишкек шаары

 

– Эгер сиз эрозияны тез арада дарылатууга мажбур болсоңуз, анда дарыгер менен кеңешиңиз. Ал балага жана лактацияга зыяны тийбей турган дары-дармектерди, дарылоонун түрүн сунушташы керек. Эгер эрозия ден соолугуңузга анчалык деле кооптонуу жаратпаса, 6 ай сайын гинекологдун текшерүүсүнөн (кольпоскопия, цитология) өтүп турууну унутпаңыз. Негизи эрозияны баланы эмчектен чыгарып, этек кирдин келүү цикли калыпка түшкөн соң дарылаган туура. Анткени эмчек эмизип жаткан учурда эненин организми гормоналдык өзгөрүүлөргө дуушар болот. Гормондордун өзгөрүү убагында жатын моюнчасынын абалына, эрозияга толук баа берүү мүмкүн эмес.

 



«ЖАТЫН ВАРИКОЗУНУН ТҮЙҮЛДҮККӨ ЗЫЯНЫ ЖОКПУ?»

– 3 айлык боюмда бар. Жатын варикозунан жабыркап жүрөм. Анын түйүлдүккө зыяны жокпу? Негизи жатын варикозу эмнеден улам пайда болот?

Баян, Аксы району

 

– Жатын варикозунун пайда болуу себептери көп, алсак:

  • Түйүлдүк менен жатын чоңойгон сайын ири кан тамырларды басып калат, мындан улам кан айлануу начарлап, варикоз жаралат.
  • Кош бойлуу кезде гормондордун өзгөрүүсүнөн улам кан тамырлар кеңейип кетет.
  • Кош бойлуу болгонго чейин гинекологиялык оорулар (энелик жумуртканын өнөкөт сезгенүүсү, эндометриоз, этек кирдин келишинин бузулушу жана башкалар).
  • Тукум куучулук да чоң роль ойнойт.
  • Ичтин көп катуусу.
  • Аз кыймылда болуу жана башкалар.
  • Албетте, жатындагы варикоз балага өз таасирин тийгизбей койбойт. Себеби түйүлдүк кан тамырлар аркылуу азыктанып, өсүп, чоңоёт. Андыктан өз дарыгериңиздин жана флебологдун көзөмөлүндө болуп, алардын айткандарын так аткарып туруңуз.

Ден соолук жаатындагы суроолоруңуз болсо 0557756311 WhatsApp номерине же kenesh@super.kg электрондук дарегине кат жазыныз. Сизге тажрыйбалуу медицина кызматкерлеринен жооп алып беребиз.


Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Nurtilek06
2019-01-22 09:25:45
Эмне себептен боюнда барында ичтеги туйулдук оспой калат бирок аялга билине бербейт
+3
№ 846, 18-24-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан