АКЧАНЫ ТУУРА ПАЙДАЛАНУУ – БАКУБАТЧЫЛЫККА КАРАЙ ЖОЛ!

Жеке бюджетти туура пландап, аны туура пайдаланууну билген адамдар кайсы чөйрөдө иштебесин анын майын чыгара иштей алары далилденген. Ошондуктан финансылык сабаттуулуктун деңгээлин жогорулатуу – бул жарандардын финансылык бакубатчылыгынын жана экономикалык өнүгүүсүнүн ачкычы десек жаңылышпайбыз. Акчаны кантип туура пайдаланып, артса аны кантип топтой алабыз деген суроолорубузга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Финансылык сабаттуулук секторунун жетекчиси Эмир Бообеков жооп берди.


– Саламатсызбы? Айрымдарды эсептебегенде, өлкөбүздүн көпчүлүк калкынын алган айлыктары өзүнө араң жетет, ошондон кантип ашырып акчаны топтоонун жолдорун айта аласыз?

– Саламатчылык! Азыркы заманда акчасыз жашоону элестетүү мүмкүн эмес. Тамак-ашка, кийим-кечекке, оюн-зоокко, тойлорго, ооруп калсаң дарыланууга, билим алууга, баарына акча керектелет. Кимдир бирөө үчүн акча бактылуулуктун өлчөмү болсо, дагы бирөө үчүн жашап кетүү үчүн өтө зарыл нерсе. Акча дайыма эле жетишсиз экенин баарыбыз сезебиз. Бир айга миң сом аз, 10 миң болсо жетет эле дейбиз. Бирок
10 миң тапсаңыз да жетпей, 100 миң болсо кенен жетет эле дейбиз. Бирок аны тапканда ал да жетишсиз болот. Ошондуктан 1 сомду да үнөмдөөнү үйрөнгөн оң. Ар бир адам жеке финансылык план түзүп жашаганы туура.

Мисалы, дүкөнгө же базарга барардын алдында сатып алуулардын тизмесин түзүп алуу зарыл. Чыгашалардын баарын эсепке алуу керек. Киреше-чыгашалар эсепке алынса, кийинки айларга, жылдарга үй-бүлөлүк бюджетти түзүүгө оңой болот. Түзүлгөн бюджет боюнча жашоо да жеңил.

Акча топтоонун кээ бир жолдорун атай кетсек:

  • Ай сайын тапкан кирешенин бир бөлүгүн топтоо, аз эле дегенде 10 пайызын;
  • Топтолгон ал акчаны инвестициялоо;
  • Кирешени көбөйтүүгө аракет жасоо (кошумча булак издөө, кызмат тепкичинен жогорулоо, көбүрөөк айлык бере турган жумуш издөө, ага даярдануу жана окуу);
  • Сатып алууларды пландоо, сатып алынган буюмдун кепилдигин суроо, аны камсыздандыруу;

– Киреше-чыгашаны эсепке алып туруу керек деп айтылат. Бирок көпчүлүк адамдардын аны эсепке алып турууга моюну жар бербейт. «Менин акчам аз, анын эмнесин үнөмдөйм?» деп элдин көпчүлүгү тапкан каражатын тез эле жок кылып коюп, кийинки айлыгына чейин карызга жашап калган учурлары да өтө көп кездешет. Ошонун кандайдыр бир оңой жолдору барбы?

– Акча адамды финансылык жактан көз карандысыз кылат. Ал эми каражатын чогулта албаган адамдар «ар дайым карыз алып жашоонун мага кереги барбы?» деп ойлонуп, үнөмдөө менен каражатын сарптоого өтүшү шарт. Анткени карызга алып жаткан акча бекер келгендей болот да, кайтарып берүүгө келгенде бекер алдырып жибергендей сезилет. Анын үстүнө айрым карыз берүүчүлөр берген акчанын үстүнө кошумча акча кошуп берүүнү талап кылган учурлар көп.

Киреше-чыгашаны эсептөөнүн эң эле оңой жолу – бул киреше-чыгашаны аз эле дегенде 30-40 күн бою жазуу түрүндө эсепке алып туруу. Уюлдук телефонуңузга колдонмо жүктөп алып же атайын китепчеге киреше менен чыгашалардын тизмесин жазып финансылык абалыңызды көзөмөлдөп турууга болот. Ошондой эле www.finsabat.kg сайтындагы акча каражаттарын эсептөө күндөлүгүн колдонуп, андагы акчаны үнөмдөө тууралуу кеп-кеңештер менен тааныша аласыз.

Эгерде белгиленген убакыт аралыгында адам каражаттарын эсептөөгө өзүн көндүрсө, келечекте бул адатка айлана баштайт. Жыйынтыгында адам өзүнүн финансылык абалын так көрө алат жана чыгашаларын анализдеп, негизсиз акча коротууну азайтууга жол ачылат. Үнөмдөлгөн акчаны топтоп, аны дагы көбөйтүп, зарыл иштерге жумшоого болот.

– Инвестиция салуу да кошумча акча табуунун бир жолу. Кандайдыр бир нерсеге инвестиция салуу үчүн көп акча керек деп ойлойбуз. Бирок аз акча салып деле инвестиция кылса болот да, ошонун кандай жолдору бар? Мисалы, биздин өлкөнүн учурдагы шартында кайсы тармакка инвестиция салуу ыңгайлуу деп ойлойсуз?

– Ооба, инвестиция – кошумча акча табуунун булагы. Тапканыңыздын жок эле дегенде 10 пайызын киреше алып келе турган тармакка салуу туура. Аны билим алуу, жеке бизнес ачуу жана келечеги бар ишке салган туура. Миң сом болобу, 10 миң сом болобу, туура пайдалануунун жолун издөө керек. Yahoo, Skype деген чоң компаниялар да качандыр бир кезде студенттер тарабынан нөлдөн башталганын мисал келтирсек болот. Андан сырткары биздин өлкөнүн учурдагы шартында төмөнкү багыттарда инвестиция салууга болот:

  • Улуттук банктын өлчөнгөн алтын куймаларын (баалуу металлдар) сатып алып коюу – бул Кыргызстандагы инвестициялоонун жаңы ыкмасы болуп эсептелет. Улуттук банктын өлчөнгөн алтын куймаларын сатып алуу менен сиз аны Улуттук банкта сактоого берсеңиз болот (31,1035 жана 100 грамм салмагындагы куймаларды) жана аны каалаган убакта кайра Улуттук банкка накталай акчага сата аласыз. Өлкөнүн финансы рыногунда бул инструмент өзүнүн татыктуу ордун ээлеп келе жатат.
  • Мамлекеттик баалуу кагаздарды банктар аркылуу сатып алса болот. Ага төмөнкүлөр кирет:

    • Мамлекеттик казыналык векселдер – Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн узак мөөнөттүү мамлекеттик баалуу кагазы, анын номиналы 100 сом. Ал 3, 6, 9, 12, 18, 24 айлык мөөнөткө чыгарылат. Анын орточо жылдык кирешелүүлүгү 10 пайызга жетет.
    • Мамлекеттик казыналык облигациялар – Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн узак мөөнөттүү мамлекеттик баалуу кагазы, анын пайыздык кирешеси (купону) бар жана жүгүртүү мөөнөтү бир жылдан көп болот. Облигациянын номиналдык баасы жана чыгаруу параметрлери аны чыгарган учурда аныкталат. Алардын кирешелүүлүгү 12 пайызды түзөт.
    • Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ноталары – анын номиналдык баасы
      10 миң сом болуп чыгарылат. Ал жүгүртүү мөөнөтү 7 күндөн 364 күнгө чейинки аралыкты түзгөн дисконттук баалуу кагаздар. Улуттук банктын ноталары кагазсыз формада чыгарылат. Бардык эле юридикалык жактар жана жеке адамдар Улуттук банктын ноталарынын ээси боло алышат.

  • Корпоративдик баалуу кагаздар – бул инвестициядан киреше алууга инвестордун укугун тастыктаган жана аларды кайтаруу шарттары көрсөтүлгөн документ. Аны атайын брокерлер аркылуу сатып алууга мүмкүн. Ага төмөнкүлөр кирет:

    • Акция – бул үлүштүк баалуу кагаз, аны акционердик коомдор чыгарышат. Акцияны сатып алуу менен сиз компаниянын ээси, тагыраак айтканда, энчилеши болосуз жана дивиденд алууга укуктуусуз. Дивиденд – бул акционердик коомдун пайдасы. Пайда акциянын ээлери ортосунда ээлик кылган акциянын түрүнө, санына жараша бөлүштүрүлөт;
    • Облигация – бул карыз баалуу кагазы. Бул облигацияны сатып алуу менен сиз эмитентке (облигация чыгарган компанияга) белгилүү бир мөөнөткө жана белгилүү бир пайызга карызга акча бересиз дегенди билдирет. Облигациялар 2-5 жылга чыгат жана бул мөөнөт аяктагандан кийин компания сиз салган акчаны кайтарып берет.

  • Кыймылсыз мүлккө инвестициялоо – инвестициянын бул түрү менен алектенүү үчүн ири көлөмдөгү баштапкы капитал болуусу керек жана кыймылсыз мүлк рыногун жакшылап иликтөөнү талап кылат.
  • Депозиттик эсеп ачуу – бул инвестициянын пассивдүү түрү болуп эсептелет. Банктык салым же депозиттик эсеп – бул салым менен финансылык операциялардын жүрүшүндө пайда болгон пайыздар түрүндө киреше алуу максатында банкка берилген акчанын суммасы. Учурда Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык депозиттик операцияларды колдонууга дагы да мүмкүн.

Инвестиция салуу жөнүндө кошумча маалыматтарды жана башка пайдалуу нерселерди атайын финансылык сабаттуулукту жогорулатууга арналган www.finsabat.kg интернет-сайтынын жаңыланган версиясынан жакында тапсаңыздар болот.

– Адам тапкан акчасын мүмкүн болушунча үнөмдөп, чогулткусу келди дейли, аны банкта сактаган жакшыбы же мал жана башка нерсе алып койгону туурабы? Дагы кандай жолдору бар жана анын себептерин айтсаңыз.

– Албетте, ар бир жолдун өзгөчөлүктөрү бар. Адамдар өзүнүн кыска жана узак мөөнөттөгү максаттарын карап чыгышы керек. Акчаны банкта сактоо мыйзамга ылайык атайын түзүлгөн Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги тарабынан корголот. Кокусунан банк банкрот болсо да депозиттер боюнча үстөк пайыздарды кошкондо ар бир аманатчыга 200 миң сомдон көп эмес компенсация төлөнүп берилет. Ошондой эле депозитке салынган акчанын үстүнөн пайда тапсаңыз болот, салган акчаңызга жылына орточо 10 пайыз кошулат.

Мал алып койгон деле туура, бирок баары бир инвестициялоо оң. Мындай кадамга барарда адам бардык тобокелдиктерди, алардын өзгөчөлүктөрүн анализдеши керек.

Инвестиция деп финансыны гана түшүнбөө керек. Инвестиция – бул кийин пайда алып келүүчү сиздин убактыңыз, байланыштарыңыз, билимиңиз жана энергияңыз. "Мен азыр жашмын, кийин деле акча топтой алам" деген туура эмес, жашыңыз өткөндөн кийин сиз иштей албай да калышыңыз мүмкүн. Ошондуктан акча топтоону бүгүн баштаңыз!

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Juzumkan
2019-01-22 10:44:44
Жакшы
0
Zaina
2019-01-22 21:43:47
Чет олкодо акцияны брокери жок эле сатып алса болот. Ошондой платформа тузбойсунорбу? Элдин кобунчосу акция сатып ала баштамак.
0
Anaraalieva
2019-01-23 16:00:11
Zaina,Сиз тузуп корунузда!?
-2
Zaina
2019-01-24 01:13:46
Anaraalieva, мен программист эмесмин, бухгалтермин. КРда жашабайм, бул жактын биржа маркетин билбейм.
+2
№ 846, 18-24-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан