АЗАМАТ УЛАНОВ "РЭКЕТИР" МЕНЕН ТАСМАГА ТАРТЫЛДЫ

Актёр Азамат Уланов учурда Сочиде КВН фестивалында жүрөт. “Апамды издеп” тасмасы аркылуу жылдызы жанган Азамат ал комедиянын уландысына тартылды.

Таланттуу жигиттин кинокапчыгы казактардын тасмасы менен да толукталды. Мекендешибиз казактардын ийгиликтүү чыккан “Брат или брак?” комедиясынын уландысында роль жаратты. Тасма тууралуу актёр мындай дейт: "Былтыр жайында Казакстандын эң белгилүү, кирешелүү “Брат или брак?” тасмасынын экинчи бөлүгүнө тартылдым. Анда мен көптөн күткөн ролумду жараттым. Казакстандын белгилүү актёрлору Мурат Бисенбин, Тауекел Мусилим менен тартылганыма сыймыктанам".

Азамат келечекте казак кинематографиясына таанылуу үчүн болгон аракетин жумшай турганын айтат. “Анткени аларда рынок чоң, чет өлкөгө чыгууга да чоң мүмкүнчүлүктөр бар” дейт актёр.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Alia82
2019-01-22 15:24:32
Ийгилик, алга!!!
-1
Mavlyuda
2019-01-22 17:36:34
Жалпайган кодогой десе. Мага жагасың Азаматсың өзүң дагы. Ийгилик жалаң ийгилик
+1
bond02
2019-01-23 02:41:08
Руслан аябай карып кетиптир го.
+1
FC-Abdish-ata
2019-01-26 22:29:05
Руслан намаз окуп калган азыр,
0
№ 846, 18-24-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан