Бул күндөрү Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан Азия Кубогунда тайпалык оюндардын чечүүчү беттештери орун алды. Биринчи оюнда Кытайга жеңилип калган “Ак шумкар” Түштүк Корея менен татыктуу күрөшүп, Филиппинди жеңип алуу менен тарыхый көрсөткүч жаратты. “Ак шукмар” 1/8 финалда!
КЕРЕКТҮҮ АЛМАШТЫРУУЛАР
Кытайга жеңилип калгандан кийин Крестинин сынга кабылган дарбазачы Матяшты жана чабуулчу Люксту орун алмашууга гана койду. Түштүк Корея менен болгон оюнга 21 жаштагы Кутман Кадырбековдун негизги курамда дарбазачы болуп чыгышы көпчүлүктү таң калтырды. Аны менен катар алдыңкы чабуулчу болуп Мирлан Мурзаев чыкса, жарым коргоочулукка Азиз Сыдыков чыкты. Упай алуу үчүн Корея Республикасынан жок дегенде 1 упай алуу керек эле, ыңгайы келсе
3 упай...
КУТ ЧАКЫРГАН КУТМАН
Түштүк Корея оюнга келгенде анчейин коркунучтуу болгон жок. Буга дагы бир себеп – Матяштын жоктугу. Анын ордун баскан 21 жаштагы Кутман Кадырбеков кандай оюн өткөрбөсүн, ага көп нерсени кечирсе болот эле. Биринчи жолу негизги курам менен чыгуу, тажрыйбанын жоктугу жана атаандаштын күчтүүлүгү. Бирок жаш дарбазачы бул оюнда өзүн көрсөтө алды, болгондо да анын дарбаза менен “достугу” назарды бурду. Эки жолу корей футболчулары ачык дарбазага киргизе албай коюшу, 3 жолу топ дарбазанын темирине тийди. Муну менен катар анын олуттуу каталары да болбой койгон жок. “Өзүмө баа бере албайм. Оюнума машыктыруучу жана күйөрмандар баа берет” деп тим болду Кутман оюндан соң.
Ал эми жалгыз гол стандарттык абалдан жаралды. Кичин кайтара албай калган корей футболчусу голдук соккуну узатты. Гол өткөрүп алса дагы кыргыз футболчулары кези келгенде кооптуу соккуларды узатып жатышты. Мурзаев, Исраилов жана Рустамовдун соккулары таамай болгондо тең чыгуу орун алмак. Акыр-аягына чейин күрөшкөн “Ак шумкар” күйөрмандардын купулуна толду. Чет элдик маалымат булактарынын өкүлдөрү бизди Европаны дүрбөлөңгө салган Исландия футболчулары менен салыштырып жиберишти...ТАГДЫР ЧЕЧКЕН ОЮН
15-январда тайпанын тагдыры Дубай шаарында чечилди. 3-турдук беттештин алкагындагы каршылаш Филиппин үчүн да жоготор эч нерсеси жок эле. Беттештин жүрүшүндөгү чыңалуу абадан да сезилип жатты.
Алгачкы мүнөттөр кыргыз күйөрмандарынын “Гол керек!” деген сүрөөнү менен башталды. Физикалык жактан мыкты даярдыкта экендиги байкалып, 1-таймдын ортосунда Виталий Люкс Исраиловдун пасын голго айлантты. Эсеп ачылды! Оюндун тизгини толугу менен кыргыз футболчуларында болуп, Люкс дагы 2 гол жаратты. Хет-трик! Көзгө толумдуу оюн көрсөткөн “Ак шумкар” 3 упайга ээ болуп, жарым чейрек финалга жолдомо алды.
Команда ар бир оюн сайын күчтөнүп, кызыктуу беттеш тартуулап жатканы кубандырбай койбойт. Тайпадан 3-орун алганы менен, голдор жагынан көрсөткүчү мыкты болуп, эми плей-офф баскычына багыт алдык. Татыктуу түрдө!СӨГҮШТӨН МАКТООГО ЧЕЙИН – 3 ГОЛ
Филиппин дарбазасына 3 гол жараткан Люксту күйөрмандар эми мактап эле жатып калышты. Кытай менен болгон оюндан кийин сөгүп жаткандар кайда болду экен?.. Ооба, күйөрмандар ушундай болот деңизчи. Бир тебе албай калсаң сөгүшөт, кийинки оюнда таамай болсоң – жетиштүү.
Люкс бул Азия Кубогунун алкагында хет-трик жасаган алгачкы футболчу болду. Ошондой эле Кыргыз өлкөсүнүн футбол тарыхында улуттук курама команда үчүн 3 гол жараткан алгачкы футболчу. Бул оюнда Люкс 4-голду да жаратмак, бирок анын дагы бир соккусу дарбаза мамысына тийип калды.
“Беттеш жомоктогудай болду. Кытайга каршы беттеште өзүмдү жакшы көрсөтө албасам дагы, бүгүн бардыгы орундалып, ар бир соккум дарбазага таамай болду. Биз мыкты оюн көрсөтүп келе жатабыз деп айта алам. Кытайга жана Түштүк Кореяга каршы беттеште дагы мыкты ойнодук деп ойлойм. Ар бир оюн сайын биздин курамабыз күчтөнүп келе жатат. Улуттук курама команда үчүн хет-трик жасаганыма кубанам. Буга командадагы ар бир футболчунун салымы бар. Мен командабыз менен сыймыктанам”,- дейт оюндун башкы каарманы Виталий Люкс.
“С” тайпасы. 2-тур
Кыргыз Республикасы – Түштүк Корея 0:1
Кытай – Филиппин 3:0
3-тур
Кытай – Түштүк Корея 0:2
Кыргыз Республикасы – Филиппин 3:1
1/8 финал. 21-январь
БАЭ – Кыргыз Республикасы
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg