АДАМ ҮШҮГӨНДӨ НЕГЕ МУРДУ КЫЗАРЫП, КОЛДОРУ КӨГӨРӨТ?

Суукта манжалардагы кан тамырлар ичкерип, кан аз жүрүп калат да ткандар бозорот. Тереңдеги ткандардагы кан токтоп баштап, кандын курамындагы кычкылтек клеткаларга кетип отуруп азаят. Кычкылтеги азайган кандын өңү күңүрт тартып, манжаларга көгүш түс берип калат.

Мурундун таноосунун кан тамырлары суукта, тескерисинче, кеңейет. Анткени мурун өзүнө кирген муздак абаны өпкөгө түз өткөзбөй жылытып берип турат. Бул организмдин өпкө сууктан сезгенип калбашы үчүн кылган камкордугу. Сыртта канчалык суук болсо, мурун ошончолук абаны жылытышы керек болот. Жылытуу үчүн мурундун кан тамырлары күчтөнүп иштегендиктен мурундун ткандары кызыл көрүнүп калат.

АДАМДЫН ӨЛГӨН КЛЕТКАЛАРЫ КАЙДА КЕТЕТ?

Адамдын организми ткандардан, ткандар клеткалардан турат. Клеткалар өсөт, жетилет, убагы келгенде өлөт. Өлгөндөрдүн ордун жаңы жаралгандары алмаштырат. Теридеги өлгөн клеткалар кийимге же шейшепке сүрүлүп өзү түшүп калат. Муну теринин түлөшү деп койсок болот. Ал эми башка органдардагы өлгөн клеткалар кайда кетет? Ашказан-ичегидеги эпителий клеткалары тамак-аш калдыктары менен кошо сыртка чыгат. Кандын курамындагы жашоосу бүткөн эритроциттер боордо жок кылынат. Көпчүлүк ткандар өлгөн клеткаларын өздөрү сиңирип баштайт да, мембраналары (клеткалардын сырты, териси) бузулган соң клетка аралык мейкиндикке чыгарып салышат. Аны же коңшу клеткалар азык катары колдонушат же иммундук системдин клеткалары (макрофаг) жутуп, сиңирип алышат.

ЭМНЕ ҮЧҮН ДАРЫНЫ СУУ МЕНЕН ИЧҮҮ КЕРЕК?

Суу дарынын өз убагында туура таасир этүүсү үчүн сунушталат. Башка суусундуктар дарынын эрте же кеч таасир этүүсүн, сиңирилүүсүн шартташат. Бирок айрым учурларда эрежеден четтөө керектелет. Мисалы, гастрити жана ашказан жарасы барларга таблетканы кычкыл эмес, кисель менен ичүү сунушталат. Бул дары ашказандын былжырын дүүлүктүрбөөсү үчүн керек. Кальций каражаттарын жана кээ бир витаминдерди сүт менен ичкен оң.

 

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 846, 18-24-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан