БЮДЖЕТТЕН КАРЖЫЛАНБАЙТ, КРЕДИТ БЕРБЕЙТ, АКЧА БАСЫП ЧЫГАРАТ. УЛУТТУК БАНК ТУУРАЛУУ ДАГЫ ЭМНЕ БИЛЕБИЗ?

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы кредит бербесе же акча алмаштырбаса, анда ал эмне жумуш аткарат? Бул суроо көпчүлүк эле адамдын оюна келсе керек. Бул сапар Улуттук банктын адистеринен окурмандарыбызды кызыктырган бир нече суроолорго жооп алдык.


 

– Банк десе эле көпчүлүк эл кредит бере турган же акча которо турган мекемени түшүнөт. Бирок Улуттук банк мындай кызматтарды сунуштабаганын билебиз, Улуттук банктын негизги кызматы кандай жана эмне жумуш аткарат?

– Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өлкө экономикасы үчүн акча-кредит жана валюта саясаттарын жүргүзүү, акча белгилерин чыгаруу, эл аралык камдарды (запас) тескөө, банк жана төлөм системаларынын ишин көзөмөлдөө сыяктуу маанилүү иштерди аткарган мамлекеттик институт болуп саналат. Улуттук банктын иши Конституция жана «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамы аркылуу жөнгө салынат. Ал өзүнүн ишин өз алдынча жүзөгө ашырат, ал эми мамлекеттик органдар жана башкалар борбордук банктын ишине кийлигишүүгө укугу жок. Улуттук банктын максаттары жана милдеттери тиешелүү акча-кредит саясатын жүргүзүү аркылуу баа туруктуулугуна жетишүү жана аны колдоого алуу. Улуттук банк республикалык бюджеттен каржыланбайт, тескерисинче, өзүнүн тапкан пайдасынын 90 пайызын Кыргыз Республикасынын бюджетинин кирешесине жыл сайын которуп турат.


– Улуттук банктын милдеттерине коммерциялык банктарды көзөмөлдөө да кирет. Коммерциялык банктардын элге кредит берүүдөгү пайыздык чендерин Улуттук банк башкара алабы? Эгерде аны да көзөмөлдөсө, коммерциялык банктар Улуттук банк койгон чектен ашыкча пайыз менен кредит берсе же акча айырбаштаса аларга кандай чара көрүлөт?

– «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамына ылайык, коммерциялык банктар пайыздык чендерин өз алдынча белгилейт. Алардын ички саясатына Улуттук банк кийлигише албайт. Аны менен бирге «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» мыйзамы боюнча, чектөө жол берилүүчү пайыздын өлчөмү бекитилген. Эгерде насыя келишиминде же зайым келишиминде чектөө жол берилүүчү пайыздын өлчөмүнөн ашык экендиги аныкталса, сот чектөө жол берилүүчү пайыздын өлчөмүнүн алкагында гана карайт. Чектөө жол берилүүчү пайыздын өлчөмү Улуттук банк тарабынан жарым жылдык негизде аныкталган орточо салмактап алынган номиналдуу пайыздык чендин үстүнө 15 пайыз кошуу менен эсептелет.


– Өлкөбүз валютанын өзгөрүлмө курсун тандап алган. Ошондуктан кээ бир өлкөлөрдөй валютанын курсун жасалма кармабайт. Ошол эле убакта сомдун курсу өтө тез түшүп же жогорулабашы үчүн өз кезегинде интервенция жасалып турат. Мисалга, долларга карата сомдун курсу түшүп баратканда доллар сатат, ошол убактагы интервенциядан Улуттук банк пайда табабы же зыян тартабы? Эгерде зыян тартса, ал эмненин эсебинен толукталат?

– Улуттук банк ички валюта рыноктогу жагдайга жана рыноктогу трендге карата өлкөдө тандалган өзгөрүлмөлүү алмашуу курс саясатын улантат жана керектүү мезгилдерде ылайыктуу валюталык интервенция операцияларын жүргүзөт. Интервенциянын эң негизги максаты – бул курстун кескин өзгөрүүлөрүн жумшартуу. Улуттук банк валютаны сатуу же сатып алуу интервенцияларынан эч кандай пайда же зыян табууну көздөбөйт. Эл аралык камдар көлөмү жетишсиздик коркунучу жок. 2019-жылдын 18-январына карата эл аралык камдар 2 миллиард 158 миллион 700 миң АКШ долларын түзүп, 2019-жылдын башынан тартып 3 миллион 200 миң АКШ долларына же 0,2 пайызга өскөн.


– Улуттук валютабыз сомго келсек, бюджетте акча жетишсиз болуп пенсия, маяна убагында берилбей жатат деп мисал келтирсек. Ошол убакта сомду көп кылып басып чыгарып, жетишпестиктерди жаап койсо болобу? Негизи акча кайсы убакта, канча өлчөмдө басылып чыгарылат жана көп чыгарып койсо анын арты эмнеге алып келиши мүмкүн?

– Жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясатына ылайык, Улуттук банк анализ жүргүзүп, экономиканы тиешелүү акча сунушу менен камсыз кылат. Ал үчүн Улуттук банктын тиешелүү инструменттери бар. Эгерде банк системасында зарылчылык болсо, өлкөдөгү инфляциянын деңгээлин эске алып, Улуттук банк өзүнүн инструменттери аркылуу кредиттик ресурстарды экономикага банктар аркылуу берет. Ошону менен бирге эле, белгилеп кетчү нерсе, бул экономика болгон акча сунушу экономиканын өзүнүн зарылчылыгы менен гана камсыз болушу керек. Эгерде акча көзөмөлсүз басылып чыгарылса, ал өз учурунда экономикадагы инфляциянын жогорулашына алып келет. Ал эми инфляциялык процесстер күчөсө жөнөкөй калк жана экономикалык субъекттер үчүн терс таасирин жаратат.

Ал эми бюджет тууралуу сөз кылсак, бюджеттик саясат Өкмөт тарабынан жүргүзүлөт. Суроодо белгиленген «бюджеттен пенсия, маяна убагында берилбей калса...» деген бул утурумдук жагдай гана болушу мүмкүн (бир айдын ичинде боло турчу жагдай), анткени бул төлөмдөр бюджеттин «корголгон беренелерине» кирет. Булар сөзсүз бериле турчу төлөмдөр болуп эсептелет.

Улуттук валютанын банкноттору жана жүгүртүү монеталары Улуттук банк тарабынан жыл сайын керектүү өлчөмдө басылып чыгарылат жана анын камдары дайыма толукталып турат. Анткени Кыргыз Республикасынын экономикасынын нак акчага болгон муктаждыгын өз убагында камсыз кылуу Улуттук банктын негизги милдеттеринин бири. Улуттук валютанын банкноттору жана монеталары Улуттук банктын эсебинен жасалып, өлкөбүзгө ташып жеткирилет. Республикабыздын бюджетинен акча-каражат колдонулбайт.

Улуттук банк – мамлекеттин Борбордук банкы, ал бүтүн банк системасын жөнгө салуучу башкы звено болуп саналат. Эгерде мамлекеттин бюджетинде акча жок болсо, анда жарандарыбыздын пенсиясын же маянасын Улуттук банк тарабынан берүүгө мүмкүн эмес, буга Улуттук банктын укугу жок. Ошондой эле Улуттук банк ал үчүн кошумча көп акча да чыгара албайт.

Улуттук банк акча белгилеринин эмиссиясын ишке ашыруу жагынан өзгөчө укукка ээ. Акча белгилеринин эмиссиясынан тышкары, Улуттук банк мамлекеттин казынасы, ошондой эле ал мамлекет менен коммерциялык банктардын ортосундагы ортомчу, мамлекеттик акча-насыя саясатын жүзөгө ашыруу милдеттерин аткарат.

Тилекке каршы, улуттук валютанын банкнотторунун жана монеталарынын басып чыгарылган өлчөмдөрү тууралуу маалымат купуя маалымат болгондуктан ачык жарыяланбайт.


– Улуттук банктын эң чоң жетишкендиги - улуттук валютанын пайда болушу жана анын жүгүртүүгө чыкканында деп экономисттер айтып жүрүшөт. Ошол кезде сомду киргизүүдөгү абал кандай эле?

– СССР урагандан кийин республикабыздагы экономикалык абал өтө тез начарлап кеткен. Мурдагы союздук республикалар менен болгон соода-сатык, экономикалык алака үзгүлтүккө учурап, өлкөдөгү өндүрүш төмөндөөгө дуушар болгон. Импорттук товарларга болгон баалар кымбаттап, ички баалардын структурасы дүйнөлүк бааларга жакындап калган. Өлкөдө жогорку темптеги инфляция өкүм сүрүп, ал гиперинфляцияга чейин жеткен. Өткөн кылымдын 90-жылдарынын башындагы ушундай шарттарда Улуттук банктын акча-кредиттик саясаты өлкөдөгү инфляциялык кысымды басаңдатуу аракетине багытталган. Ошонун негизинде улуттук валюта – сом киргизилген. Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы – сом 1993-жылы 10-майда жүгүртүүгө чыгарылган жана ошол мезгилден баштап Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты катары татыктуу кызмат кылып келе жатат.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 847, 25-31-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан