Чыңгыз Мырзаев: «КАНДАЙ ТҮШҮНБӨЙСҮН? МЕН АЗЫР ҮЙЛӨНБӨЙМ»

1-апрель Күлкү күнүнө карата белгилүү ырчы, ди-джей жигитибиз Чыңгыз Мырзаевди тамашага салып көрүүнү чечтик. Баарына белгилүү болгондой эле Чыңгыздын күйөрман кыздары көп. Мына ошол күйөрман кыздарынын бири чектен чыгып, ашыкча эле акылга сыйбас мамиле жасаса Чыңгыз мырзанын кандай кабыл алаарына кызыгып, тамашага таянып бул жигитибиздин «нервин» текшерип көрдүк.


Чыңгыздын саат 10до эфирден кетээрин билчү­бүз. Бул күнү да ушул убакытта фотокабарчы, мен жана Чыңгыздын чектен чыккан күйөрман кызынын ролун аткара турган кыз үчөөбүз даярданып, “Кыргызстан Обондору” радиосунун студиясы жайгашкан имараттын эшигинде күтүп турдук. Биз болжолдогондой эле саат он жарымда Чыңгыз жумуштан бейкапар чыгып келатты. Мындай учурду коё берүүгө мүмкүн эмес эле. Андыктан, “стартта” турган кыз эч нерседен тартынбай чуркап барып, Чыңгыздын моюнуна асылды. Ал эми биз алардан окчунураакта туруп алып, цифралык фотоаппарат менен байкатпай көргөнүбүздүн баарын жакындатып тартып алууга аракет кылып жаттык.
– Чыңгыз байке, билесизби, бүгүн менин эң бактылуу күнүм. Мен үчүн сиздин колуңузду кармоо жомоктой сезилчү. Чын эле мен сиздин жаныңызда турамбы? Болду. Эми ушул мүнөт­төн баштап мен сиз менен бирге болом...- деп толкунданып сүйлөй берди кыз.
– Рахмат,- деп катардагы эле күйөрмандарынын бири катары көрүп, машинасын көздөй басты Чыңгыз. Бирок, кыз башка күйөрмандардай болуп автограф да сураган жок, сүрөткө түшүп алууну да суранган жок. Чыңгыздын колун коё бербей чап жармашты.
– Мен эми сизди коё бербейм. Кайда барсаңыз ошол жакка барам.
– Чоң кыз, кечиресиз, менин жумуштарым көп да.
– Мейли, баары бир мен сиз менен жүрө берем. Мен сиздин аялыңыз болгум келет. Ошондо гана мен бактылуу болом. Эгер “албайм” десеңиз, анда мен өлөм! Азыр сиз менен үйү­ңүзгө барам, анан экөөбүз үй­лөнөбүз.
– Чоң кыз, мен азыр үйлөнбөйм да...
– Чыңгыз байке, мени алыңызчы, көрөсүз го, мен сизди сөзсүз бактылуу кылам.
– Мм-мм... кызыксыз го, ушинтип эле үйлөнүп алганга болмок беле? Чоң кыз, азыр мени коё берип коюңуз, тез бүтүрө турган зарыл жумуштарым бар эле.
– Жок, коё бербейм!
Ушинтип биздин “актрисабыз” 15 мүнөттөй Чыңгызды коё бербей, ыңгайсыз абалга калтырды. Машинасына отурайын десе, эшигин ачтырбай койду. Бирок, ырчы кыздын көңүлүнө карабай машинасына барып отуруп, айдап кетүүгө камынды. Анда кыз машинасынын жолун тороп:
– Мени сүзүп кете алсаңыз кете бериңиз. Менин сизге жетпей калганымдан көрө бул дүйнө­дө жашабай эле койгонум жакшы,- деди ишенимдүү.
– Коюңуз, чоң кыз, антип жеңил ойлобоңуз. Сиз келечекте чыныгы сүйүүңүзгө жолугасыз.
– Менин чыныгы сүйүүм – сиз. Азыр мага «үйлөнөм» деп сөз бересиз, же болбосо мен өз жанымды өзүм кыям!- деп кыз талап койду. Ушул жерден Чыңгыз чыдабай кетти окшойт, ачуусу келип, баятан берки жумшак мамилеси өзгө­рүлө түштү.
– Кандай түшүнбөйсүң? Мен азыр үйлөнбөйм дебедимби!..
Ушул жерге келгенде биз барбасак болбой калды. Анткени, экөө кадимкидей урушуп киришти. Жанына барсак, алгач Чыңгыз эч нерсени түшүнгөн жок. Качан гана күбөлүгүбүздү көрсө­түп, иштин чоо-жайын айтып бергенибизде өзүнө келгендей болду. “Күйөр­ман кыздарым көп эле тийишишет. Бирок, силердикиндей чектен чыккан күйөрман кызга жолуга элек болчумун. Мен ар дайым күйөрмандарымды сыйлайм, жакшы мамиле кылганга аракет кылчу элем. Бирок, силер ме­ни эң акыркы «точкама» жеткирдиңер окшойт,- дейт биздин торубузга түшкөн Чыңгыз күлкүсүн тыя албай.

Даярдагандар Замира Рахманбердиева, Турусбек Аттокуров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 230, 30-март-5-апрель, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан