СУВОРОВ МЕНЕН ПУШКИН «МОРЖ» БОЛГОН. МУЗДАК СУУГА ТҮШҮҮ ПАЙДАЛУУБУ ЖЕ ЗЫЯНБЫ?

Организмди чыңдоонун жакшы ыкмаларынын бири – бул муздак сууга түшүү. Бирок бул ыкма бардык эле адамдарга туура келе бербейт. Бул ирет муздак сууга түшүүнүн оң жана терс жактары тууралуу маалымат бермекчибиз.

ТАРЫХЫ

Биздин заманга чейин 400-500 жыл мурда жашаган байыркы грек тарыхчысы Геродот скифтер балдарын муздак сууга жуунтуп, суукка көндүрүшкөн деп жазып кеткен. Биздин заманга чейинки 2000 жыл мурунку байыркы индиялык трактаттарда да муздак сууга түшүүнүн дарылык касиеттери жазылган. Ошондой эле айрым тарыхчылар Батый басып алган кезде монголдор муздак сууга түшүп жаткан орустарды көрүп аларды жиндилер деп аташканын жазышкан. Якуттар менен тунгустар да өз ырым-жырымдарына ылайык балдарды кардын үстүнө тургузуп үстүнө муздак суу куюшкан. Атактуу орус кол башчысы Александр Суворов кичинесинде өтө чабал болуп, дайыма муздак сууга түшүп, спорттук көнүгүүлөрдү жасап жүрүп денесин чыңаганы айтылат. Ошондой эле Александр Пушкин, Иван Крылов, Илья Репин сыяктуу орус классиктери да “морждор” болушкан. “Жаратылыштын жеңүүчүсү” деген атка конгон салттуу эмес медицинанын ишмери Порфирий Иванов элди негизинен 2 жол менен дарылаган: муздак сууга чайкануу жана ачкалык. Иванов өзү жайы-кышы чолок шымдан башка кийим, бут кийим кийбей жүрүп бул дүйнөдөн өткөнү белгилүү.

Кышында муздак сууга түшүү айрыкча Финляндияда популярдуу. Жумасына 1-2 жолу такай муздак сууга түшүүчүлөрдүн саны 240 миңдей. Ошондой эле бул өлкөдөн башка да Канада, Япония, Франция, Кытай сыяктуу көптөгөн өлкөлөрдө муздак сууга түшүү аквайс деп аталган расмий спорт түрүнө айланган. Кээ бир өлкөлөрдө кышында муздак сууга түшкөндөр “морж” деп аталса, айрымдарында “кундуз”, “нерпа”, “тюлень” деп аталат. Ал эми Түндүк Америкада “ак аюу” аташат.

Муздак сууда алыс аралыкка сүзүү боюнча эң алгачкы эл аралык турнир 1989-жылы Ысык-Көлдө өткөн. Бул мелдеште Пермь облусунан келген 19 жаштагы кыз 6 чакырымды 2 саат 21 мүнөттө сүзүп өтүп жеңүүчү аталган. 2000-жылы эң алгачкы Дүйнөлүк чемпиондук Финляндиянын борбору Хельсинкиде өткөн.

ДЕН СООЛУККА ТААСИРИ

Кышында сууга түшүү илимде толук изилденген эмес. Суук тийүү оорулары 60 пайызга, жалпы оорулар 30 пайызга төмөндөгөнү далилденген. Такай кышында сууга түшүү организмди чыңдайт, жашартат, иммунитетти көтөрөт, айрыкча суук тийүүдөн пайда болуучу ооруларга туруктуулугун жакшыртары аныкталган. Кант диабети, жыныстык системдин бузулушу, кургак учук, тери жана ичеги карын ооруларын дарылоодо оң натыйжа берген. Ошондой эле кан айланууну жакшыртат. 1-2 жыл муздак сууга түшүп жүргөн адамдарда суук тийүү оорулары 5 эсеге азаят. Морждордун 95 пайызы куяңды унутат, 77 пайызы ичеги-карындагы көйгөйлөрдөн кутулары айтылып келет.

Муздак сууга түшкөндө организм адреналиндин гормондорун көп иштеп чыгарат, адам өтө күчтүү болуп калганын сезет. Бирок анын ден соолукка пайдалуу экендигин айткан дарыгерлер даярданбай туруп муздак сууга түшүү жакшы нерсеге алып барбасын эскертишет. Дененин тез муздашы жүрөккө күч келтирет жана дем алуу жолдорун кысат. Кан басым көтөрүлүп, ал убактылуу баш айланууну пайда кылышы мүмкүн. Сууга чумкуу жана башты суулоого да болбойт, бул дененин жылуулугунун жок болушун күчөтөт. Бул ыкма айрым оорусу барларга сунушталбайт. Мисалга, жүрөк-кан тамыр оорулары, кекиртек-өпкө жана калкан-без оорулары, кокусунан кармап калуучу оорулары барлар муздак сууга түшпөй эле койгону оң.

“МУЗДАК СУУ ӨЗҮНӨ ТАРТАТ”

Көп жылдардан бери кышында муздак сууга түшүп келе жаткан “морждордун” бири, Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылынын тургуну Абдубали Жаманкеев төмөнкүлөрдү айтып берди:

– Мен 25 жылдан бери кышында сууга түшүп келем. 1994-95-жылдары кашарда мал карап туруп калдым. Музду жарып сууга түшкөндөрдү угуп жүрчүмүн, мен да түшкүм келе берчү. Кашардын жанында көлмө бар болчу, андагы музду жарып суу алчубуз. Бир күнү ошол тешилген музду киши кенен баткыдай кылып кеңейттим. Мончодон чыгып эле көлмөгө чуркап барып, муздун тешигине чумкуп чыктым. Негедир муздак сууга түшкөн жагып калды, ошондон бери жумасына 2-3 ирет түшүп турам. Кадимкидей өзүнө тартат. Муздак сууга түшкөндө денеге ийне менен сайгылагандай жагымдуу сезимдер болот, чыккандан кийин кадимкидей өзүмдү жаш сезип, жеңилдеп калам. Ден соолукка тийгизген таасири тууралуу айтсам, мына быйыл 60 жашка чыктым, бир да жолу ооруп, ооруканага барып көрө элекмин. Демек, ден соолукка пайдалуу эле окшойт.

ҮЙРӨНЧҮКТӨРГӨ КЕҢЕШТЕР:

► Тажрыйбасыз “морждор” кышында сууга түшүүгө даярданууну жайында баштоо керек. Муздак сууга түшүү же чайканып туруу керектелет.

► Душка чайканууда акырындан муздак сууга көнө берүү керек.

► Жайында даярданып алгандан кийин күзүндө да муздак сууга түшүп баштоого болот. Андан соң кышында ачык сууга түшө берүүгө болот.

► Кышында түшүү үчүн чыгып кетүүгө ыңгайлуу жерди тандоо керек.

► Жалгыз муздак сууга түшпөңүз. Күтүлбөгөн окуя болуп кетсе жардам бере ала турган адамдар жаныңызда болуусун камсыздаңыз.

► Муздак сууга түшүүдөн мурун денени жылытып алуу керек. Чуркап келиңиз же көнүгүү жасаңыз.

► Сууга түшөрдүн алдында спирт ичимдиктерин таптакыр ичүүгө болбойт, бул зыян жана коркунучтуу.

► Биринчи жолкусунда муздак сууда ашып барса 15-20 секунд гана болуңуз, андан кийин гана бара-бара көбөйтүүгө болот. Баш менен түшүүгө да болбойт.

► Сууга түшкөндөн кийин сөзсүз түрдө дене кургагыча сүлгү менен сүртүп, жылуу кийинүү керектелет. Андан соң жылуу (ысык эмес) чай ичиңиз.

► Алгач муздак суу кыска убакытка дем алууну бузуп коюшу мүмкүн, бирок бул өтүп кетет.

“Жаратылыштын жеңүүчүсү” деген атка конгон Порфирий Иванов элди негизинен 2 жол менен дарылаган: муздак сууга чайкануу жана ачкачылык.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Aikan1966
2019-01-29 12:06:16
Сууга тушкон кандай озун суйгон, бактылуу адамдар.
+4
taalay25
2019-01-29 13:10:13
Импотент, простатит болуп каласын табарсыкты абайлагыла!
+3
Daniel01
2019-01-30 15:54:02
Элдин бары кышында ысык колго жоноп журушпосун эми
+2
Umakg
2019-01-30 16:31:27
Чын эле пайдасы бар бекен анан тушуп алып зыян тийип жыныстыка 5-6 жолу иш болбой калбасын бир тундо
+2
Jelezo
2019-02-04 14:19:43
Жогоруда айткандай муздак суу озуно тарта берет,уйронуш учун жаздан баштап кунуго же бир кун откоруп сууга тушо берсе куздо да тушо берип конуп кетесин аябай жакшы сезип классно.
0
№ 847, 25-31-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан