Альбина Имашова 2018-жылы “Супер-Инфо” гезитинин тандоосу боюнча “Жылдын супер актрисасы” наамын алган. Эл да бекеринен аны тандабаса керек. Анткени актриса айым азыркы тапта чыгармачылыкка шымалана киришип, көптөгөн тасмалардын, видеороликтердин көркүн ачып, көрөрмандардын көңүл борборунда.
– Альбина айым, саламатсызбы, учурда сизди тасмадан, клип, роликтерден көп көрөбүз. Жылдызыңызды жандырган кайсы тасма болду?
– Алгач окуучу кезимде режиссёр Актан Арым Кубаттын “Беш кемпир” тасмасына тартылгам. Ошондо гана искусство, маданият, театр деген эмне экенин түшүнгөм. Ага чейин окуучу болсом сыналгыдан кино көрүп койгонум болбосо, ашыкча маалыматым деле жок болчу. Тасма талаасына аралашкан соң актрисалыкка кызыгуум артып, жүрөктөгү сезимдер ойгонуп, кино искусствосун тандайм деген чечимге келгем. Ал эми калың журтка тааныткан бул “Мегатой” комедиялык тасмасы болду окшойт.
– Жеңенин ролун катыра аткарган экенсиз. Андан кийин сизге “стерва” жеңенин ролун берип башташты. Өзүңүзчү, кандай образ жаратсам деп ойлойсуз?
– Мен тарыхый чыгармаларга кызыгам. Өзүм деле Кыргыз улуттук драма театрында иштегениме байланыштуу тарыхый чыгармалардын негизинде коюлган спектаклдерде көп роль ойнойм. Тарыхта из калтырган, өзүнүн орду бар инсандын ролун жараткым келет. Эгер бул жаатта кино тартылып калса, эгер жашым өтүп кетпесе сахнада болобу, кинодобу, Жаңыл Мырзанын ролун жаратсам деген кыялым бар.
– Өзүңүз тартылган тасмаларды көрөсүзбү? Кандай ойлор жаралат?
– Кээде шартка байланыштуу көрбөй калган учурлар болот. Бир жылдан кийин көрүп калабыз. Албетте, тасмаларымды күйөрман катары көрөм. Ролума сын көз караш менен карайм. Талдайм, кийинкиде кетирген кемчиликтеримди оңдогонго аракет кылам.
– Ар бир роль кыйынчылык менен жаралары бышык. Сиз үчүн эң түйшүктүүсү кайсы болду?
– Ар бир ролду чынында түйшүк менен жаратабыз. Жеңил эч нерсе жок. Бизди “актёрлор жыргап, каткырып эле жүрө бересиңер” дей беришет. Чынында андай эмес, ар бир ролдун артында эмгек жатат. Анан, албетте, образдын ачылышына режиссёрдун да эмгеги зор. Кээ бир режиссёрлор же өзү түшүнө албай, же оюн жеткирип бере албай “иши кылып окшотсоң” деп кишини кыйнап жиберишет. Эгер режиссёр талапты туура койсо, анда башка кеп. Мисалы, “Мегатой” тасмасында сценарийди алганда эле режиссёр Сүйүн Откеев так тапшырма берип, “Чолпонбай” жеңени аткарасың” деди. Анан жеңелерди байкап баштадым, мүнөздөрүн изилдедим, издендим. Айылга барганда алардын баскан-тургандарын, сүйлөө манераларын көңүлүмө түйүп алдым. Жыйынтыгында ушул образ чыкты.
– Ушул кезге чейин көңүлүңүз тартпаган тасмага өзүңүздү мажбурлап тартылып, кийин өкүнгөн учуруңуз болдубу?
– Ооба, айла жоктон сурангандардын көңүлүн кыя албай тартылган учурлар болду. Тасма жарыкка чыкканда “ай, ата, бекер тартылыпмын” деген күндөр болот. Бирок алдын ала кандай тасма чыгарын билбейсиң. Анткени режиссёрдун ишин, монтаж кандай жасалды, кандай техника менен тартылды, билбейсиң да. Экранга чыкканда көңүлгө толбой өкүнгөн учурлар болду.
– Театрда да, кинодо да жүрөсүз. Сизге кайсынысы көбүрөөк жагат?
– Театр негизги жумушум. Ал эми актрисалык карьерамды кинодон баштагам. Экөөнүн айырмасы эки бөлөк. Театрда көрүүчүлөр менен каармандардын жандуу байланышы болот. Кол чабуулардан энергия алабыз. Ал эми кинодо болсо эки сөз сүйлөй турган болсоң мейли 10, мейли 2 дубль болсун аткарасың. Бирок жалпы тасманын кандай багытта баратканын билбейсиң. Тасма даяр болуп экранга чыкканда гана жыйынтыгын көрөсүң. Ошол жерден кемчиликтериңди көрүп баштайсың. Бирок аны өзгөртүүгө такыр мүмкүнчүлүк жок. Ал тарыхка калат. Ал эми театрда болсо бүгүн кемчилик кетирсем, эртең кайталабаганга аракет кылам. Мен үчүн театр чоң дарак болсо, кино, клиптер, тойлорго Умай эне болуп чыкканым, мунун баары бутактары.
– Жакында эле кыргыз циркинин кызматкерлери Ак үйдүн алдына митингге чыгып, көйгөйлөрүн айтышты. Кыргыз драма театрында чечилбеген маселелер барбы?
– Кыргыз драма театрында бир эле көйгөй бар. Сахна, көрүүчүлөр залы жылытылбайт. Кышында көрүүчүлөр үшүп калышат. Биз да эртеден кечке сахнада репетиция кылабыз. Күрмөчөн болсок да тоңуп калабыз. Анан минтип кечке ооруй беребиз (күлүп).
– Көп аялзатында “комплекс” деген маселе жашайт. Сиздин деле убагында комплексиңиз болгонун билебиз. Аны кантип жойдуңуз эле?
– Мен чынында мектепте боюм узун болуп, уялганымдан боюмду жашырыш үчүн бүкүрөйүп жүрчүмүн. 1-курска актёрдук бөлүмгө окуганда да “Сага ылайыктуу өнөктөш жок. Сен даңкайып турсаң, балдар кичинекей болсо, сен ким менен ойнойсуң? Эмнени ойнойсуң?” деген суроолор туулган. Анткени боюма кошумча өзүм семиз, бетим топтоголок кыз элем. Уялчаактыгым укмуш. Бир нерсе айтышса эле эки бетим кызара түшкөн, жерди карап тилимди сунуп сүйлөбөгөн кыз элем. Көпчүлүк менен аралашып, көп сүйлөшүп, улуулардын кебин угуп кемчилигимди жойдум. Эжекелер, агайлардын да жардамы зор болду. Анткени сахнага чыкканда сенин уялганыңдын кереги жок. Же роль ойношуң керек, же ойнобошуң керек. Кесибимди сүйгөнүм үчүн комплекс менен аябай күрөштүм.
Азыр болсо мен эч нерседен уялбайм. Табигый жүргөндү жактырам. Кашымды тердиртпейм, татуаж жасатпайм. Анткени кинодо табигыйлык бааланат.
– Жолдошуңуз Арнис Кыдырмышев да сиздин так ушул табигыйлыгыңызды бааласа керек?
– Ооба, мен Арнис менен сүйлөшүп жүргөндө оозумду боёп алайын же жакшынакай шым кийип алайын деп ойлонгон деле жокмун. Өзүмдө эмне болсо ошол боюнча эле жолугушууга чыга берчүмүн. Экөөбүз жетелешип базарга барып, Арнис мага кийим алып берет эле.
– Арнис мырзага караганда сиз көп ийгилик жаратып келатасыз. Ушунун айланасында үйдө түшүнбөстүктөр болбойбу?
– Арнис ар дайым мени колдойт. Бизде сеники, меники деген түшүнүк жок. Жолдошум да дайым “Эркектерге сыйлыктардын кереги жок. Ал эми аялдарга сыйлыктар чоң стимул болот. Сенин ийгилигиң – менин ийгилигим” деп келет. Мени күчтүү кылып жаткан жолдошум.
– Учурда социалдык тармактарда баары эле 10 жыл мурунку сүрөттөрүн азыркы менен салыштырып киргизип жатышат. Сиз да сүрөтүңүздү жүктөөрдө 10 жыл мурунку жашооңузду эстегендирсиз?
– Ооба, 10 жыл мурун биз Франция, Германия, Кыргызстан биргеликте тарткан “Теңри” тасмасы менен Түркияга фестивалга барган элек. Ал кездеги Альбина менен азыркыны салыштырсам чоң өзгөрүүлөр бар. Мен анда өтө ишенчээк экенмин. Бирөөнүн суранычын ойлонбой туруп аткарчумун. Азыр болсо бир нерсе жасаар алдында талдайм. Мындайча айтканда, карышкыр болуп калдым. Ал кезде жакындарым “адамдар андай болот, мындай болот, ишенбегиле” десе эмнеге дей берчүмүн. Азыр ал суроолордун жооптору өзү эле чыгып калды. 10 жыл мурун бир кызыбыз болсо, азыр эки кыздуу болдук. Ал кезде досторум аз болсо, учурда досторум, туугандарым, чыгармачылыгымды сыйлаган адамдар көп.
– Маегиңиз үчүн рахмат!