АЛЖЫП КАЛУУГА СТРЕСС, ЖОГОРКУ КАН БАСЫМ, МАЙЛУУ ТАМАКТАР ЖЕТКИРЕТ

Алжып калуу – кары адамдардын оор дарты. Бирок азыркы учурда орто жаштагыларда деле кездешип жатат. Андай адамдардын туугандары медициналык, экономикалык жана психологиялык кыйынчылыктарга туш болушат. Дарттын башталышын кантип билүүгө, өнүктүрбөй кармап калууга болот? Булар тууралуу Улуттук госпиталдын №3 неврологиялык бөлүмүнүн жетекчиси Жамалбек Тургунбаев айтып берет.

Алжып калуу медицинада “деменция” деп аталат. Деменция – латын сөзү, бизче “кем акылдык” дегенди түшүндүрөт. Кыргыздарда “алжып калуу” деп аталып келет. Дарт баш мээнин иштешинин начарлашынан, бузулушунан келип чыгат. Адамдын ойлоосу, кабыл алуусу, эс-тутуму, сүйлөө жөндөмдүүлүгү төмөндөйт, билгендерин унутат. Дарт мээнин канчалык деңгээлде бузулганына жана ага алып келген себептерге байланыштуу болот.

СТАТИСТИКА

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнөдө 47,5 миллион деменция илдетине чалдыккан адам бар.

МЭЭНИН ИШТЕШИ 2 ТҮРДҮҮ ЖОЛ МЕНЕН БУЗУЛАТ:
Мээнин кургашынан (буга Альцгеймер оорусу себепкер).

Бул түрү өнүккөн өлкөлөрдө көп жайылган. Анткени аларда узак жашагандар көп. Кыргызстанда аз санда кездешет.

Мээдеги кан айлануунун бузулушунан

Бул түрү эми өнүгүп келе жаткан жана начар өнүккөн өлкөлөрдө көп таркаган. Биздин өлкөдө көп кездешет. Мээде кан айлануунун бузулушуна көбүнчө кан тамырлардын ичкерип кетүүсү себепкер болот.

Кайсы оорулардан кан тамырлар ичкерип, Мээдеги кан айлануу бузулат?

Инсульт (мээге кандын куюлуп кетиши)

Аталган оору алжып калууга башка адамдарга караганда 17 эсе батыраак жеткизет. Инсультка болсо стресс, чылым чегүү, спирт ичимдиктерин ичүү, кыймылдын аздыгы көмөкчү болот.

Баш-сөөк жаракаты Баш-сөөк жаракатынын себепкерлери: жыгылуу, мушташуу, спорттун бокс, каратэ сыяктуу түрлөрү менен алектенүү, жол кырсыгы, кулап кетүү. Жаракаттын айынан мээдеги кан тамырлардын бир жерлери ичкерип, бир жерлери жооноюп, кан айлануу бузулат.

Атеросклероз

Кандын курамындагы жаман холестериндер кан менен барып, кан тамырлардын бир жерине токтоп, үстүнө дагы башкалары топтолуп, холестериндик май түйдөкчөсү жаралат. Ал кандын жолун бууп, кан андан ары жакшы жүрбөй, кан айлануу бузулат (анын ичинде мээдеги). Жаман холестерин малдын майын, майлуу тамак-ашты, фаст-фуддарды көп колдонгондон келип чыгат.

Жогорку кан басым

Оорунун бул түрүндө кан тамырлар ичкерип, мээге кан жакшы барбай калат. Кан менен барчу кычкылтек баш мээнин бардык ткандарына жетпей гипоксия (“кычкылтек ачарчылыгы”) жаралат. Кыргызстанда 20 жаштан өйдө жарандардын 34-47 пайызынын кан басымы жогору.

Моюн остеохондрозу, тромбоэмболия

Тромбоэмболия – кан тамырда кандын уюп калуусу. Эки ооруда тең кан тамырлар ичкерип кетет.

Жана да...

Стресс

Бул жагымсыз кырдаалдын таасиринен улам организмде пайда болгон катуу чыңалуу. Стресс узакка созулуп кетсе, анда нерв системинин чыңалуусунан улам жогорку кан басым жаралат.

Жер төлөдө дамамат отуруп иштөө

Таза аба жок, кычкылтек жетишсиздигинен мээде “кычкылтек ачарчылыгы” жаралат.



АЛЖЫП КАЛУУНУН СТАДИЯЛАРЫ

Алжып калууга жеткирүүчү процесс жайдан жүрөт.

Жеңил стадиясы

Үй-бүлөлүк жашоосун алып кете берет, күндөлүк тиричилигин, ишин жасай алат. Бирок унутчаак боло баштаганы билинет. Мисалы, ачкычты 1 же 3 саат мурун кайда койгонун, жолугушуу качан белгиленгенин, үтүктү сууруганын, эшикти кулптаганын, жакындарынын телефон номерин эстей албайт, жаңы уккан маалыматтарды оңою менен түшүнбөйт. Башы ооруйт, уйкусу бузулат. Кыскасы, жаш кезиндегилерди жакшы эстейт, бирок жакынкы убактарда, сааттарда болуп өткөндөрдү унутуп кала баштайт.

Орточо стадиясы

Алжып калуу кыйла билинип, өз алдынча жашоо жүргүзө албай калат. Мисалы, бир нерсени анализдеп, чечим чыгара албайт, өз алдынча бир жакка барып келе албайт. Дайыма бирөө коштоп барып келиши зарыл. Жатка айланган көндүм иштерди гана кыла алат. Жаңы маалыматтар эс-тутумунда сакталбайт, сакталса да кыска убакытка сакталышы мүмкүн. Өзүнүн ким экенин, кайда жашай тургандыгын, азыр эле эмне кылганын, туугандарынын аттары ким экенин да эстей албайт. Агрессивдүүлүк күтүлөт (невроз, психоз). Кыймылында өзгөрүүлөр билинет. Мисалы, отуруп тургандан кийин темтеңдеп барып анан түз басып кетет.

Оор стадия

Эс-тутуму толугу менен жоголот. Өткөн жашоосу толук унутулган. Эң жакын адамдарын да тааный албаган абалда. Ориентация жоголот (кайда жүргөнүн билбей калуу). Кыймылы, көрүүсү, угуусу бузулат.

ДАРЫЛАП АЙЫКТЫРУУ

Дарыланууга дарттын жеңил стадиясында келсе, айыктырып дарылоого мүмкүнчүлүк бар. Орто стадиясында ооруну өнүктүрбөй кармап турууга, мээнин иштешин жакшыртууга болушунча күч жумшалат. Оор стадиясында организмди көтөрмөлөп турууга гана мүмкүндүк болот. Үч стадияда тең невролог менен кошо психиатр же психотерапевттин текшерүүсүнөн жана дарылоосунан өтүү керектелет. Диагноз үчүн энцефалограмма, компьютердик томография керектелет.

Дары-дармектер

  • Кан тамырлардын ичкериши эмнеден келип чыкканы такталат. Дарылоодо колдонулуучу дары-дармектер:
  • Кан тамырларды кеңейтүүчү
  • Кан айланууну жакшыртуучу
  • Ткандардын кычкылтек менен жакшы жабдылуусун камсыздандыруучу
  • Витамин-минералдар комплекси
  • Нервди тынчтандыруучу
  • Кан тамырдагы холестериндин деңгээлин төмөндөтүүчү
  • Дарылык физкультура, эмгек терапиясы, логопеддин сеанстары жана башка.

    ООРУНУН АЛДЫН АЛУУ ҮЧҮН
    Карыганда алжып калбоо үчүн жаш кезден ден соолукка кам көрүү зарыл. Стресстен убагында арылууну үйрөнүү, уйку кангыча уктоо, активдүү жашоо образын кармануу, майлуу, куурулган тамак-ашты аз ичүү кажет. Кан тамырлардын ичкерип кетүүсүнө жеткирүүчү оорулардын алдын алып, эгер оору жаралган болсо дароо дарылануу сунушталат. Мээнин иштешин жакшыртуу жана эс-тутумду бекемдөө үчүн мээге дайыма иш таап берүү кажет. Мисалы, жаңы нерселерди окуп-үйрөнүү, чет тилин өздөштүрүү, шахмат ойноо, кылган ишти жана жаңы сунуштарды анализдөө, окуганыңды же жаттаганыңды кайра айтып берүү, баш катырмаларды чечүү. Таза абада сейилдөө, күнүгө 2-2,5 литр суу ичүү (мээге суюктук керектүү деңгээлде жетпей калса да иштеши бузулат) да керек.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
aizirek...
2019-01-29 12:29:35
Алжып калуунун дагы бир себеби жанагы сериалды чыгарбай койгонунар дагы болуп калды. Башкасын билбейм мен Элина мн Жозини ойлой берип алжый баштадым
+28
balzaminka
2019-01-29 22:12:27
А мен баары бир окуп атам))) киосктордон суротко тартып алам, уйго келип окуп алам)))) баары бир газетанарды сатып алган жокмун))десем банга кетирип салбагыла
+18
kymbatbek
2019-02-01 12:57:31
balzaminka,13 сом аяп озундун кызыккан нерсенди бекер алуу уят нерсе го деп ойлойм... Мен озум учун 1000 сомго китеп сатып алууга даярмын !
0
Niazov-Aruun
2019-01-31 23:05:43
Сериал окубай калып алжып бараткандар,сиздерге сабр:):)
+1
rahali
2019-06-15 04:35:15
Менде женил туру бар окшойт,аябай унутчаак болуп баратам
0
№ 847, 25-31-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан