ЦИРК АРТИСТТЕРИ ФАРХАД БЕКМАНБЕТОВДУ ЭМНЕГЕ СОТКО БЕРГЕНИ ЖАТЫШАТ?

Бир айдан ашуун убакыттан бери Кыргыз цирки жетекчисиз турганы узун талаш-тартыштын учугу болду. 21-январь күнү цирк артисттери Ак үйдүн алдында митингге чыгышкан. Алар цирк “ашканасын” жакшы билген, жаш кадр Аида Акматова жетекчиликке келсин деп талап коюшуп, цирк жетекчилигине маданият, маалымат жана туризм министринин мурдагы орун басары Фархад Бекманбетовдун келишине каршы болушкан.

Цирк кызматкери Данияр Бөлөкбаевдин айтуусунда, Фархад мырза цирк артисттерин жөн жерден күнөөлөп маалымат каражаттарынын бирине интервью берген. “Биздин коллективди Фархад Бекманбетов каралап чыкты. Ал бизди мурунку жетекчи Курмангазы Исанаевдин тарапташтары деп айтып жатат. Биз ал адам менен 14 жыл бою кармашып турдук, антип айтканга кандай акысы бар? Азыр жактоочулар менен сүйлөшүп жатабыз. Фархад мырза бул сөзү үчүн жооп бериши керек. Келе элек жатып бизди басмырлап жатат. Моралдык жактан зыян келтиргени үчүн Бекманбетовдон 4 миллион 500 миң сом өндүрүүнү талап кылабыз. Ал акча мамлекеттин казынасына түшөт”,- дейт Данияр Бөлөкбаев.

Ал эми Фархад Бекманбетовго бул чыр тууралуу байланышканыбызда “Мени сотко беребиз деп жаткандар биринчи интервьюну жакшылап карап чыгышсын. Ал жерде мен оюмду туура эле берип жатам. "Курмангазы Исанаев менен чогуу акча жешкен" деген сөздүн далили болсо сотко бере берсин, башка эмне дейт элем?” деп жооп берди.

23-январда жумуштан кетүү үчүн 35 адам арыз жазды. Цирк кызматкерлери эл аралык фестивалдардан алган сыйлыктарын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана Өкмөт үйүнүн алдына алып барышты. Өз эмгектери менен тапкан бул сыйлыктардан баш тартышып, министрликке өткөрүп беребиз дешти.

Ал эми 24-январь күнү талаш тартышка түшкөн бул орунга Фархад Бекманбетов жетекчи катары дайындалганы маалым болду.

 

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
bond02
2019-01-29 12:10:16
Цирктеги адамдар эмне болуп кетишкен.
0
№ 847, 25-31-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан